Бүгүнкү күндө миграция десе эле Орусия же башка чет жак көз алдыбызга тартылат. Бирок азыркы учурда ички миграция маселеси да өтө курч алып турган чагы. Бейрасмий маалыматтарга карганда, Ош жана Бишкек шаарларында бери дегенде жарым миллиондон ашуун мигрант бар. Алардын басымдуу бөлүгүнүн үйү да, каттоосу да, иштеген иши да жок. Ошондуктан алардын укугу бир кыйла чектелип калууда. Мына ушундай маселенин чечүүнүн жолдорун изделип, атайын изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда тышкы миграцияга көбүрөөк көңүл бурулат. Ал эми ички миграция маселесине такыр эле көңүл бурулбай жатат десек да болот. Анткени миграция агымына айыл жерлеринде иштин жоктугу түрткү болууда. Ошондуктан эптеп жан багуунун айласын кылышып, шаар жергесине ички мигранттар агылып келүүдө. Бирок алардын бейтапканаларга катталуусунда маселе жаралып жаткандыгын айтышууда.Ошондой эле, иштейбиз деп келип алып, баш калкалаганга үйү жок көчөдө калгандардын саны өсүп жатканын жашырбаса да ачык айкын белгилүү болуп калды. Анткени изилдөөлөрдүн натыйжасында бир үйдө сегиз адам жашаса, анын бешөө убактылуу каттоого турган эмес. Мындай көрүнүштөр Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Дордой жакта көп дейт Улуттук статистика комитетинин орун басары Баисбек Касымбеков.

– Мамлекеттик каттоо кызматы катуу көзөмөлгө алса эле так болот го деп ойлойм. Акыркы убакта Дордой, Мурас-Ордо. Калыс-Ордо деген конуштарда каттоодон өтпөгөн жарандар көп. Себеби, ал жактарда кичинекей үйлөрдө жашаган жашоочулар арбын.

Мындай маселе менен мамлекеттик каттоо кызматы дагы иш алып баруу керек. Анткени, Бишкектин четиндеги жаңы конуштардагы жашоочулардын көпчүлүгү каттоодон өткөн эмес. Ошол себептен, жыл сайын каттоо жүргүзүп, мониторинг кылып туруу зарыл. Негизи ички миграциянын болуп турганы коомдун экономикасынын өзгөрүүсүнө чоң өбөлгө. Бул тууралуу Балдарды коргоо борборунун кызматкери Таалайбек Жакыпов ырастады.

Ички миграцияга изилдөө жүргүзүп чыккан Руслан Рахимов ички мигранттарды каттоо үчүн жооп берген түзүмдөрдүн арасында документтерди бирдейлештирүү жок экенин айтты. Мунун өзү ички мигранттар тууралуу сандык маалыматтын жоктугу мамлекеттин калкты социалдык жактан коргоо жана ишке орноштурууда терс таасирин тийгизүүдө экенин билдирди.

Анын айтуусунда, Улуттук статистика комитети берген маалыматтар көрсөтүп тургандай жашаган жери боюнча катталган жарандар гана эсепке кирет. Бул абдан аз көрсөткүч болуп саналат. Эгерде адам башка калктуу конушта убактылуу жашаса жана азыраак мөөнөткө катталса, ал маалыматтар статистика кирбей калат. Ал эми жумуш берүүчүлөр каттоонун болуусун талап кылат. Натыйжада иштейм деп келген ички мигранттардын үмүттү акталбай калууда деп белгиледи.

“Ички мигранттар жөнүндө” мыйзам менен жарандарды каттоо деген жобо бири-бирине карама-каршы келет. Мисалы, жарандардын үйү жок болсо, жергиликтүү бийлик катташ керек деп жазылган менен анын жол-жобосу жазылган эмес. Ушул маселелерди чечмейин Кыргызстанда стабилдүүлүк болбойт.

МаралФМ 

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>