“Ачык-Айкын” укуктук телеберүүнүн продюссери Марс Тулегенов долбоор кандай жол менен ишке ашканын айтып берди.
«Ачык – Айкын» укуктук телеберүүлөр сериясы эң негизги укуктук билимдерди жана калктын чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууга багытталган.
«Ачык-Айкын» укуктук телеберүүсү Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID), КТРКнын жана Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) колдоосунда USAID -IDLO Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасынын алкагында иштелип чыкты.