18-февралда Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык факультетинин имаратында соттук жарандык процессти мыкты өткөрүүгө студенттердин арасында конкурс өттү.
4-курстун студенттери жарандык талаш-тартыштын сценарийин иштеп чыгышты жана чындыкка абдан чукул болгон учурду ойношту.
Пайдалуу тажрыйба
КУУнун юридикалык факультетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын башчысы Кубанычбек Раманкулов айткандай, мындай конкурс бул жерде алгачкы жолу өткөрүлүүдө.
“Сот жыйналышын моделдөө студенттерге окуу мезгилинде алган теориялык билимин иш жүзүндө бекемдөөгө, ошондой эле өзүнүн катачылыктарын оңдоого мүмкүндүк берет. Бул келечектеги юристтер үчүн пайдалуу тажрыйба”, – дейт ал.
Конкурс USAIDдин жана IDLOнун Кыргыз Республикасында сот системасын чыңдоо боюнча программасынын алкагында уюштурулду. IDLO Кыргызстан сот реформасы боюнча кеңешчи Дильбара Максимбекова уюм Кыргыз Республикасынын бир катар ЖОЖдору менен кызматташаарын жана юридикалык билимдин сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдой тургандыгын билдирди.
Теория жана практика
Кубанычбек Раманкулов айрым ЖОЖдордо сот жыйналышын моделдөө милдеттүү сабак болуп саналаарын айтты. Ал теориялык билимди практикалык тапшырмалар жана мисалдар менен бекемдөө керектигин билдирди.
Заманбап технологиялардын кириши менен окутуучуларда жана студенттерде чыгарылган сот чечимдеринин негизинде колдонуу укугуна талдоо жүргүзүү мүмкүндүгү пайда болду. Кыргызстанда 4 жыл мурда www.sot.kg адистештирилген сайты түзүлгөн. Анын маалыматтар базасында 47 миңден ашык сот иштери катталган жана 26 миңден ашык сот актысы жарыяланган.
“Биз адистештирилген порталдардын маалыматтарын окуу куралдары катары колдонобуз”, – дейт Раманкулов.
Окууга дем берүү
Конкурстун катышуучусу Нурдин Керимкулов студенттик конкурстар билимди жакшыртуу үчүн кошумча дем берет деп эсептейт.
“Конкурска катышуу үчүн биз сюжеттик линияны өзүбүз ойлоп таптык, сценарий жаздык, ролдорду бөлүштүрдүк. Биздин кураторлор тигил же бул процесстик ченемди кантип колдонуу керектигин айтып беришти”, – деп билдирди Нурдин Керимкулов.
Конкурстун бардык катышуучулары сертификат алышты, ал эми жеңүүчүлөрдүн № 2 командасы баалуу байгелерди алышты. Жеңүүчүлөр койгон сот процесси видеого жазылды.
“Бул видео-материал мындан ары окуу куралы катары колдонулат”, – деп түшүндүрдү Кубанычбек Раманкулов.
Дильбара Максимбекова IDLO Кыргызстан ушул сыяктуу демилгелерди мындан ары да колдой берээрин билдирди.
“Биз күчтүү жана сабаттуу юристтердин муунун даярдоого кызыгдарбыз”, – деди Максимбекова.