Сюжеттердин негизинде реалдуу сот иштери камтылды, анын ичинде http://www.sot.kg сайтына жарыялангандары да бар – бул сот иштерин, актыларды жана жыйналыштарды жарыялоо үчүн адистештирилген портал.

Өткөн жылы КТРК коомдук каналында көрүүчүлөр кыргыз жана орус тилдеринде “Ачык-Айкын” укуктук берүүлөрүнүн циклин көрүштү. Азыркы учурда жаңы сериялары даярдалып жатат.

“Берүүнү тартаардан мурда биз абдан актуалдуу болгон жарандык иштерди изилдеп чыктык. www.sot.kg адистештирилген порталы баалуу ресурс болду. Азыркы мезгилде ушул сайтта 50 миңден ашык сот иши жарыяланган.” – дейт “Ачык-Айкын” программасынын продюсери Марс Тулегенов.

“Өтө көп кездешүүчү жарандык сот талаш-тартыштары – бул мураска калтыруу тууралуу, ата-энелик укуктардан ажыратуу жана калыбына келтирүү жөнүндө, карызды өндүрүп алуу ж.б. тууралуу талаш-тартыштар. Ушул бардык териштирүүлөр биздин сценарийлерибиздин негизинде камтылган, бирок биз албетте аты-жөндөрүн, окуя болгон мезгилди жана жерди өзгөрттүк, аларды телевизиондук берүүнүн форматына ылайыкташтырдык” – дейт Тулегенов.

Сот адилеттигинин модели

“Ачык-Айкын” негизги тараптардын – доогердин, жоопкердин, прокурордун, күбөлөрдүн, эксперттердин жана судьянын катышуусу менен сот процессин элестетет. Көрүүчүлөр алгачкы берүүлөрдү көргөндө Россиянын “Час суда” аттуу берүүсүнө окшоштурушкан. Бирок сот процессине окшоштурулган же сот процесси берилген телевизиондук берүүлөр көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Германияда, Украинада, АКШда жана испан тилдүү өлкөлөрдө бар.

Тулегенов айткандай, чыгармачыл топ долбоорду чет өлкөлүк программалардын ийгилигин кайталоо максатында эмес, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, мыйзам чегинде адам өзүнүн укуктарын кантип коргой алаарын жана коргошу керектигин, талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди кантип чечсе боло тургандыгын көрсөтүү максатында ишке ашырууда.

Ошол эле мезгилде, көрүүчүнүн кызыгуусун жаратуу үчүн программанын авторлору ТВ шоунун элементтерин колдонушту. Программада доогерлердин, жоопкерлердин жана күбөлөрдүн ролдорун актерлор ойношту, бирок жактоочулар, прокурорлор жана судьялар – бул кесипкөй юристтер.

Укуктук билимди жогорулатуу

“Ачык-Айкын” укуктук телеберүүсү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID), IDLOКыргызстан Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун жана КТРКнын колдоосунда иштелип чыкты.

IDLO Кыргызстандын КР Судьялар кеңеши жана КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти менен байланыш боюнча консультанты Карыбек Дуйшеев уюмдун башкы миссиясы – бул укуктун үстөмдүүлүгүн күчөтүү экендигин белгилейт.

“Ушул сыяктуу берүүлөр калктын чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу тууралуу эң негизги укуктук билимин жана кабардар болуусун жогорулатууга багытталган. Сот процесси, сот учурунда жүрүм-турум эрежелери деген эмнени билдирээрин көрсөтүп, укуктук мейкиндиктин чегинде укукту коргоо жаатында белгилүү бир билимдерди жана көндүмдөрдү берүү зарыл”, – деп эсептейт Дуйшеев.

Марс Тулегенов “Ачык-Айкын” ТВ берүүлөрүнүн жаңы сериялары динамикалуу жана мазмундуу болду дейт.

“Программа көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратат жана чындыгында пайдасын берет деп ишенем”, – деди ал.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>