Бишкекте бүгүн, 4-декабрда “Соттордун көз карандысыздыгы жана алардын тынчтыкты орнотуудагы орду” аталышындагы конференция өтүүдө. Анда Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун “Данакер” диалогдук платформасынын алкагында жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыктары талкууланып жатат.

Изилдөөнү эксперт Мадина Давлетбаева ушул жылдын жаз айларынан тартып жүргүзгөн.

“Соттук-укуктук системди реформалоону бир эле учурда аяктоого болбойт. Реформанын алкагында чечүү керек болгон маселелердин тизмеси абдан көп. Ошондуктан сот адилеттик системинде жетишилген бардык өркүндөөлөр жөнүндө маалыматты коомго колдон келишинче кеңири жайылтуу зарыл. Соттордун иши бийликтин башка органдарына караганда алда канча ачык-айкын болууга тийиш. Бул соттордун да, суьялардын да коомдогу кадыр-баркын жогорулатат”,- дейт көз карандысыз эксперт М.Давлетбаева

Super.kg 04.12.2015

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>