Кол салуу боюнча айыпталып жаткан К., күбөлөрдү коркуптуп мурда берген көрсөтмөлөрүн өзгөрткулөө деп кыстоо көргөзүп жатканындыгын тергөөчү тергөө убагында тактады. Мындай учурда айыпталуучуга карата кандай жаза колдонуш керек? Берилген жазага кандай негиз бар? Ушул жана ушул сыяктуу жаза иштерин судьялар «Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамынын новеллалары» деген темадагы үч күндүк окуу семинардын учурунда карап талкуулоодо.

2019 жылдын 1 январынан баштап Кыргызстанда жаңы Жаза мыйзамы күчүнө кирет. Ал мыйзам бир топ маанилүү өзгөртүүлөрдү камтыйт.

«Судьяларга болгон окуу семинардын максатты бул жазык мыйзамдарынын новеллалары менен тааныштыруу, практикада бирдиктүү укук түшүнүү жана укук колдонууга жетишүү жана келечекте сот адилеттигин жүргүзүүдө бирдиктүү сот практикасын иштеп чыгуу болуп саналат», – дейт Жогорку соттун маалымат кызматы.

Жергиликтүү соттордунун судьялары үчүн Бишкек жана Ош шаарларында сегиз семинар өткөрүлүп, анын негизинде 280 судьяларды окутуу пландаштырылган.

Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева судьяларды ачык документтерди колдонуп өз алдынча билимин жана түшүнүүдөрүн жогортууга үндөдү.

Семинарга улуттук тренер катары чакырылган КР Жогорку сотунун судьясы Жаныл Мамбеталынын айтымында, теория түрүндөө берилип жаткан билим практикада жүзүндөө колдонуусунун өзгөчөлүгү же кыйынчылыгы болоорун айты.

«Бирок биз ага карабастан жаңы Жаза мыйзамын ишке ашырууга милдетүбүз. Бул мыйзам көп прогрессивдү өзгөрүлөөрдү алып келип жатат», – дейт Жаңыл Мамбеталы.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн техникалык колдоосунда жана Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун филиалы (IDLO) менен биргеликте уюштурулду.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>