Арпаны эгип өстүрүп түшүмдү жакшы алам го деп үмүттөнүп жүргөн дыйкан Айбек Исаевдин кубанычы бир күндө чөкмөк болду. Себеби, анын айдоо аянтын кошунасынын уйлары тебелеп кетиптир. Эми зыянды ким өндүрүп берет?
Исаев жөн турбастан далилдерди чогултуп калуу максатында арпанын басылганын, уйлардын издерин сүрөткө тартып алып, адегенде кошунасы Бакыт Азизовго барып доомат коет. Азизовдун 12 уйу каралбай калып, арпа тебелегени анык болуп чыгат. Бакыт Азизов өзү дагы баарын түшүнүп, келтирилген зыянды төлөп берем деп убада кылган. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин Исаевдын койгон шартына макул болбогонун билдирет.
Чыдамы кеткен Айбек Исаев расмий түрдө доо арызы менен сотко кайрылат. Исаевдин айтымында зыяндын суммасы 197 миң 96 сомду түздү, бул суммага материалдык жана моралдык зыян кошулуп саналды.
Алардын ишин судья кантип карайт болду экен? КР мыйзамы боюнча күнөөлү тарап кандай жаза алыш керек? Бир чети баардыгы эле туура болуп жаткандай, уйлар арпа аянтын тепселеп кеткени анык, бирок 197 миң сом деген сумма кайдан келип чыкты? Чыгымды кантип тууралап санаш керек ? Чындыкты кантип издеп тапса болот? Ушул жана башка суроолорго жоопту «Ачык-Айкын» укуктук теле берүүсүнун жаны санында көрө аласыңар. Жаңы берүүнүн темасы: «Эгинди тепсеп салуунун айынан болгон зыянды өндүрүү”.
Негизги максат
«Ачык-Айкын» ТВ берүүнүн продюссери Марс Тулегеновдун айтымында долбоордун башында эксперттик фокус өгруппа түзүлүп алар Кыргызстандын ар бир областына барып эл менен жолугушууларда эң маанилүү маселелерди талкуулашкан.
«Алардын ичинен эң курч маселелердин бири болуп эгинди тепсеп салуунун айынан болгон зыянды өндүрүү деп айтылды. Биз элдин үнүн угуп турмушта болуп жаткан талаш-тартыштын негиздерине таянып, атайын ТВ берүүлөрдү түзгөнбүз», -деп тушундурмө берди Марс Тулегенов.
Анын айтмында долбоордун эң негизги максаты бул укуктук билимдерди жана чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу жөнүндө кабардар болууну жогорулатууга багытталган.
Элет эли
Кыргызстандын басымдуу көпчүлүл эли элет аймагында жашайт. Расмий маалыматка таянсак алты миллион адамдан, төрт миллионго жакыны айыл тургундары, ал эми 2 миллиондон ашыгы шаардыктар. Элеттин дүң продукциясы өлкөнүн өнүгүп өсүшүнө чоң салым кошот. Мисалы, статистика маалыматын алсак, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүндө айыл чарбасынын жалпы көлөмү197065,8 сомду түздү. Негизги айыл чарба продукциясын жеке менчик чарбалар өндүрүшөт.
Статистика комитетинин маалыматына ылайык негизги айдоо аянnтар жеке менчик дыйкандарга таандык. Мисалы, республика боюнча айдоо аянтынын 922,7 миң гектары, же болбосо 72,1% дыйкандардын жеке менчигине тиешелүү. Ал эми мамалекттик жана коллективдүү чарбалар 41,5 миң гектар же болбосо 3,2% гана түзөт.
Жеке менчик чарбалардын өсүшү менен бирге мыйзамдын нормалыры да так аткарылышы керек. Мыйзамдын бузулбай сакталып аткарылышы абдан маанилүү.
Чыр- чатактар мыйзам жолу менен чечилиш керек
Мыйзамды билүү жана аткаруу бул жарандардын жашоосунун оң тарапка өзгөрүшүнүн кепилдиги деп ишенет судья Мактым Калимбетова.
«Акыркы убакта эгинге келтирилген зыян боюнча талаш-тартыштардын саны өсүп жатканы байкалат. Эгер мурун көбүнчө «кыргызчылыкка» салып коюп болор иш болду деп койсо, эми ар бир адам өз кирешесин, жана зыянын санап калды. Бирок көпчүлүгү сотко кантип арыз жазыш керек, кантип далилдерди чогултуш керек экенин билишпейт. Ошол эле моралдык материалдык зыянды кантип санаш керек, ал сумма кайдан чыгат, кантип бааланат? Ошондуктан жабыркагандар көбүнчө адвокаттарга кайрылышат»,-дейт Калимбетова.
Судья айткандай мындай конфликттерди чечиш абдан татаал, анткени эки тарап тең өз пикирин жакташып, экөө тең өз позициясын туура көрүшөт.
«Эгер биздин элдин укуктук билимдерин көтөрсөк биз көп конфликттерди башынын эле жокко чыгармакпыз. Ар бир адам түшүнүш керек, эгер менин укугум тепселсе, мен мыйзам боюнча өз укугумду коргоого акым бар деп, ал эми менин малым бирөөнүн эгинин тепсеген болсо бул зыянды мен төлөп калам деген ой болуш керек»,- дейт Калимбетова.
Дыйкандар өздөрү айткандай, айыл чарба өндүрүшү бул көп убакытты жана көп ресурсту талап кылган тармак. Ал эми мыйзам бузуулулар элдин байлыгын азайтууга алып келет. Өзүнүн жана айылдаштарынын укугун сыйлоо бул баардыгынын кызыкчылыгына пайда келтирүүчү иш болуп калмакчы.
Толук телеберүү: