Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюм (IDLO) “Данакер” диалогдук платформасынын алкагында “Соттордун көз карандысыздыгы жана алардын тынчтыкты куруудагы орду” темасына жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча конференция өткөрдү, анда соттук-укуктук системаны чыңдоого жана өркүндөтүүгө багытталган сунуштамалар жана корутундулар, анын тынчтыкты куруу процессине тийгизүүчү таасири тартууланды.

Бул конференция талкуулоо, ой-пикирлер менен алмашуу жана Кыргызстанда соттук-укуктук системаны реформалоодогу андан аркы кадамдарды иштеп чыгуу үчүн дискуссиялык аянтча да болуп кызмат кылды.

“Данакер” диалогдук платформасы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржылануучу “Туруктуу тынчтык үчүн укуктун үстөмдүүлүгүн жана сот адилеттигине жетүүнү чыңдоо” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат жана БУУнун Өнүгүү программасы жана Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюм (IDLO) тарабынан колдоого алынган.

“Соттордун көз карандысыздыгы жана алардын тынчтыкты куруудагы орду” изилдөөсү Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюм (IDLO) демилгеси боюнча көз карандысыз эксперт М. Давлетбаева тарабынан жүргүзүлдү. Укуктун үстөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган изилдөөнүн жыйынтыктары жогоруда аталган чөйрөдө нормативдик документтерге түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болот. Соттук-укуктук реформа маселелеринин актуалдуулугу жана өзгөчө маанилүүлүгү Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин Кыргызстанда соттук-укуктук системаны реформалоодогу көйгөйлөр жана жаңы милдеттер жөнүндө билдирүүсү менен баса белгиленет.

Конференцияга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Жогорку сотунун, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун, академиялык корпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышышты.

Бир эле көз ирмемде “Соттук-укуктук системаны реформалоо мүмкүн эмес. Реформанын алкагында чече турган жогоруда айтылып кеткен маселелердин тизмеси абдан чоң. Ошондуктан сот адилеттик системасында жетишилген бардык өркүндөөлөр жөнүндө маалыматты коомго колдон келишинче кеңири жайылтуу зарыл; соттордун иши бийликтин башка органдарына караганда алда канча ачык-айкын болууга тийиш: бул соттордун да, судьялардын да коомдогу кадыр-баркын жогорулатат”, – деди М. Давлетбаева, изилдөөнүн автору жана көз карандысыз эксперт.

“Соттордун көз карандысыздыгы жана алардын тынчтыкты куруудагы орду” изилдөөсүнүн автору соттук-укуктук системаны натыйжалуу реформалоо Кыргыз Республикасындагы процесстик мыйзамдарын өркүндөтүүдө, мамлекеттик жана башка органдардын жана кызмат адамдарынын соттордун ишине кийлигишүүсүнө мыйзамдык тыюу салууну киргизүүдө, сотторду материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүүдө, соттордун ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууда, судьяларды дайындоо жана алардын жоопкерчилигин күчөтүү механизмин өркүндөтүүдө, судьяларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасын киргизүүдө жана өркүндөтүүдө, республиканын бүтүндөй аймагында сот практикасынын бир түрдүүлүгүн камсыз кылууда мамлекеттин конкреттүү кадамдарын талап кылаарына көңүлүн бурат.

“Туруктуу тынчтык үчүн укуктун үстөмдүүлүгүн жана сот адилеттигине жетүүнү чыңдоо” долбоору тууралуу кыйла толук маалыматты www.unpbf.kg сайтынан алсаңыз болот. Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюм (IDLO) укуктук маданиятты жаратуу менен татыктуу жашоо-турмушту камсыз кылуу максатында 2005-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. IDLO – бул саясий эмес өкмөттөр аралык уюм, анын мүчөсү болуп 30 катышуучу-өлкө саналат. Кыйла толук маалыматты сиздер www.idlo.int сайтынан алсаңыздар болот.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>