Кыргызстанда 172 миң майып адам бар. Алардын 28 миңи жаш балдар. Алар майыптыкты тастыктоочу атайын документ, аныктамаларды алууда көптөгөн тоскоолдук, кыйынчылыктарга дуушар болушат. Анан аргасыздан акча берип, өз иштерин бүтүрөт.

Бул тууралуу 13-майда «Данакер» диалогдук платформасы өткөргөн «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык-укуктук абалы жана аларды коомчулукка көнүшүүсү» деген аталыштагы конференцияда атайын изилдөө жүргүзгөн эксперт Чынара Биялиева билдирди.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, автор өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жакшы мыйзамдар жазылган. Бирок, алар иштебейт. Ар бир министирлик жана тиешелүү мекемелерде бирдиктүү план жок. Баардыгы өзүнчө иш алып барат. Мамлекет да инфраструктурага көбүрөөк көңүлдү буруп, адамдарды экинчи орунга калтырган деген жыйынтыкка келген.

«Биздин жарандар качан гана арыз жазып, жардам сурап кайрылганда жардам алууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми документ иштеринин оордугу же майыптыктан уялгандар сыяктуу себептер менен каттоодон өтпөй, мамлекеттен тиешелүү жардам ала албай жаткандар аз эмес. Эң өкүнүчтүү жагдайлардын бири ушул тармактагы коррупция. Ошондуктан мамлекет бул ишке кош көңүл мамиле кылбай, системаны толук изилдеп, жаңылашы керек»,- деди Биялиева.

Жыйынга катышкан Кыргызстандагы майып аялдар коомунун жетекчиси Асипа Мусаева да бул маалыматты тастыктап, өз башынан өткөн окуяларды айтып өттү.

– Мен баары жаман дегенден алысмын. Иштеп жатышат. Бирок, канааттандырарлык эмес. Өзүм 1-топтогу майып болгондуктан, мыйзам боюнча иштөөгө тыюу салынып, камакка да алынгам. Анын айынан экинчи топко которулуп, бир нече жолу согушкам десем да болот. Жашоомдо 8 жылдап документ чогулткан адамдарды көргөм. Туура, акча аз бөлүнөт. Бул иш кыйын деген шылтоолор бар. Бирок, мамлекеттик кызматкерлер, милдетти моюнга алган соң, кайдыгер болбой, эл үчүн кызмат кылышса, көйгөйлөр акырындык менен жоюлат деген ойдомун.

КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Алыбаева жогорудагы айыптоолорго макул эмес.

«Өкмөттүн токтому менен учурда республиканын баардык аймактарында жергиликтүү бийлик менен соцкызматкерлер ар бир үйдү кыдырып, ошол эле майыптыкты, муктаждарды каттоо боюнча иш жүргүзүп жатышат. Ал эми катталгандарга 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин ай сайын пенсия төлөнөт. Башка дагы көптөгөн көмөктөр көрсөтүлүп жатканын эл билет. Ал эми коррупциялык иштер боюнча далилсиз маалымат берилди. Ага карабастан атайын кызматтык изилдөө жүргүзүлөт», – деди Алыбаева.

Негизи бул конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт аппараты, мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун, академиялык корпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер чакырылган. Бирок, адаттагыдай эле дал ушул ишти чече турган мамлекеттик кызматкерлердин көбү келген жок. Буга уюштуруучулар менен катышуучулар нааразы болгону айтпаса да белгилүү. Ага карабастан изилдөөнүн жыйынтыктары кошумча сунуш пикирлерди эске алуу менен баардык тиешелүү мекемелерге сунушталат.

МаралФМ

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>