2018 жылдын 11 февралында «Медиация жөнүндө» мыйзам күчкө кирет. Бул мыйзамдын максаты эмнеде, биздин жараандарга мыйзам кандай мүнкүнчүлүктөрдү ачат? Ушул жана башка сурооолорго Кыргыз Республикасында Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмунун (ИДЛО) кеңешчиси Дильбара Максимбекова жооп берет.

Медиация жөнүндө биздин коомдо маалымат аз. Медиациянын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып кетсеңиз.

– Медиация – бул соттон тышкары талаш-тартышты чечүү ыкмасы. Азыркы мезгилде коомчулукта ар түрдүү талаш-тартыш, чыр -чатактар көп болууда, ошол эле үй-бүлөлүк, жеке адамдардын жашоосундагы, жээ болбосо бизнес чөйрөсүндө болуп жаткан талаш-тартыштар.

Мыныдай учурда адамдар сотко кайрылууга көнүп калышкан.

Бирок, соттук кароонун көп созулгандыгы, сот чыгымдарынын кымбаттыгы элди көп убара кылат. Экинчиден, сотто бир тарап сөсзүз жеңилет, экинчи тарап утат, жыйынтыгында жеңилген тарапта нааразычылык пайда болот.

Медиация – бул соттон тышкары талаш-тартышты чечүү ыкмасы.

Ал эми медиацияда тараптар өздөрү, медиатордун жардамы менен сүйлөшүү жүргүзүп эки жакка тең –ыңгайлуу чечим кабыл алат.

Көп өлкөлөрдө медаиция активдүү түрдө колдонулуп жатат, мисалы жакын турган Россия, Казахстан, Белорусияда медиация жакшы өнүктү.

Медиациянын күчү жана принциптери эмнеде?

– Медиатор эки тарапка бири бирин түшүнүүгө жана келишимге келүүгө жардам берет, бирок медиатор чечимди кабыл албайт, чечимди тараптар өздөрү кабыл алышат.

Ошондуктан бул чечимдин аткарылышы дагы өйдө болот. Дуйнөлүк тажрыйбада медиацияным чечимдери 85% учурда аткарылат. Медиация аркылуу жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштарды чечүүгө болот.

Медиациянын негизги принциптери:

  1. Ыктыярдылук. Медиацияга эки тараптын тең өз калоосу менен катышканы.
  2. Медиатордун бейтараптыгы. Медиатор эки тарпка бирдей өз кызыкчылыгы жок жол-жобосу калыс өткөрөт
  3. Эки тараптын тең укуктулугу, кызмататашуусу.
  4. Купуялуулук. Медияциадыагы маалыматтар купуя сакталат.

Медиация боюнча мыйзам жаңы күчүнө кирип жатканы менен, меним оюмча медиация ыкмасы кыргыз элинин менталитетине илгертен эле жакын. Башкача айтканда, медиация –бул данакердик, элдештирүү деген маааниге ээ. Кыргыз элинде бул туралу мындай макал бар: «Эки киши күнөкөр, үчүнчүсү данакер»

Медиатор болууга кандай мүнкүнчүлүктөр бар?

– Кыргызстанда азыр медиаторлор жетишпейт. Андан сырткары медиатордун окуу курсу кымбат турат. Ошондуктан эл аралык уюмдар акысыз окуу курстарды өткөрүүгө жардам берип жатат.

Мисалы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) долбоорунун алкагында биздин уюм – IDLO атайын медиаторлорду даярдоонун негизги курсун өткөрдү. Декабрь айнда атайын курс тундук тургундары үчүн болсо, ошондой эле курс январда Ош шаарында өтмөечү. Окуу курсу акысыз болот, тренер катары тажрыйбалуу эл аралык деңгээлдеги медиаторлор чакырылган.

Медиацияга кантип кайрылууга болот?

– Биринчиден, жарандар өз каалосу менен медиаторго кайрылса болот. Экинчиден, мыйзам боюнча судья тараптарды медиаторго маалыматтык жолугушууга жиберүгө укукту. Мындай учурда тараптар маалыматтык жолугушуусуна барууга милдеттүү болушат. Бирок жолугушудан кийин тарпатар медиацияга катышарын жээ болбосо катышпасын өздөрү чечишет.

Төмөнкүдө айтып кеткендей медиацияга катышкан убакытта дагы чечимди тараптар өздөрү кабыл алышат.

Медиация талаш-тартышты чечүүгө мүнкүнчүлүктү кеңейтип, коомдогу конфликтерди азайтып анан өнүгүсүнө түрткү болот деген үмүт бар.

Маек куруп бергенинизге чон рахмат.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>