Сот тармагы ачык айкын болушуна түрткү берген заманбап технологиялардын негизги тизмеси:

1. Сот чечимдерди ачык жарыялоо

Сот тутумун ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн атайын act.sot.kg порталы түзүлдү. Бул порталда сот иштери, соттук жараяндын убактысы, орду тууралуу маалыматтар жана соттук актылар жарыяланат. Бирок жабык соттук жараяндарда каралган чечимдерди жайгаштырууга болбойт. Сот чечимдерин ачык жарыялоо боюнча 3 августун 2016 жылында атайын мыйзам кол коюлган. Учурда бул сайтта 97 миң соттук актылар бар.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева

“Жабык соттук жараяндарда каралган иштердин чечимдеринен тышкары, бардык соттук актылар бул сайтка өз убагында жайгаштырылышы керек. Соттук актыларын сайтка жайгаштырбаган 13 судьяга чара көрүү жөнүндө мен жакында тартип комиссиясына сунуш киргиздим”.

2. Соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы

Кыргыз Республикасын Жогорку сотунда соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы киргизилип иштей баштады. Ал эми Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда, Свердлов жана Аламедин соттордо бул системаны киргизүү үчүн тийиштүү иш-чаралар пландаштырылууда. Бул долбоор сот ишин кайсы судья карай турганын алдын ала билүүгө мүмкүнчүлүктү жокко чыгарып судьяларга таасир этүүгө жол бербейт.

Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмдун серепчиси (IDLO) Виктор Альбрехт:

“Соттук иштер тигил жэ бул судьялардын жеке кызыкчылыгын карап эмес, анын иш жүктөтөмүнө карап автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт”

3. Үн жана видео жазуу тутумун орнотуу

Үн жана видео жазуу тутумун орнотуу сот жараяндарын ачык айкын болушуна соттук этиканы жана жоопкерчиликти күчөткөнгө түрткү берет. Бишкек шаардык сотунда пилоттук түрдө аудио-видео протокол жазуу системасы ишке киргизилет. Учурда тийиштүү жабдуулар алынып жана орнотулуп жатат. Ушундай пилоттук долбоорлор Свердлов райондук жана Аламүдүн райондук сотторунда сыноодон өтүп жатат.

«Прецедент» укук коргоо уюмунун жетекчиси Нурбек Токтакунов:

«Cот жараяндарды так жана объектидүү чагылдыруу үчүн протокол жана секретарькызматтарын соттон бөлүш керек эле. Секретарлар сотко баш ийген учурда көз карандысыз толук жана ар тараптуу фикцация мүнкүнбү? Адам күчү жетпеген нерсеге машина күчү жетет деп үмүттөнөбүз»

 4. Электрондук сот өндүрүшү

Автоматташтырылган маалымат тутуму же электрондук сот өндүрүшү жакын арада Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизилет. Бул долбоор сотко арыз түшкөндөн тартып, материалдар архивге кеткенге чейинки документтердин баарын электрондоштурууга багытталган.

Долбоорлор USAID-IDLO “Ишенимдүү сот” программасы алкагында ишке ашырылып жатат.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>