Кыргызстандын сотторунда киргизилген аудио-видео жазуулар сотто катышуучулар тарабынан болгон бузууларды гана азайтпастан, күбөлөр менен шектүүлөрдү алыстан суракка алууга, аларды ташып келүүдөгү чыгымдарды азайтууга, жана сот өндүрүшүнүн ыкчам, жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Ушул жылдын 15-февралында Бишкектеги Свердлов райондук сотунда аудио-видеофиксацияга арналган журналисттер үчүн атайын пресс-тур өттү. Алыскы аралыктагы райондук жана облустук соттор аудио-видео жазуу аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү жана бул системанын ишенимдүүлүгү менен артыкчылыктары тууралуу айтылды.

Мындай протоколдоонун негизги максаты – сот процесстеринде тараптар тарабынан укук бузууларды алдын алуу, ошондой эле сот отурумунун протоколунун толуктугун камсыз кылуу.

Учурда бул система 73 сотто тесттик режимде иштеп жатат, ал эми ушул жылдын аягына чейин бардык 72 жергиликтүү соттордогу 159 бөлмө бул мүмкүнчүлүк менен камсыз болот.

Пресс-турду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти уюштурду. USAID-IDLO “Ишенимдүү сот” долбоору бул системаны жаратууда жана ишаракетти өткөрүүгө көмөк көрсөттү.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>