Кыргызстанда алимент төлөчү ата-эне иштеп жатса, анда анын эмгек акысынан 25% алиментке жумшалат. Ал эми «карызкор жумушу жок калса баласын багууга канча акча бериши керек?»  деген суроого Сот департаментинин соттук актыларды аткаруу боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Пирназаров жооп берди.

Анын айтымында, карызкор иштебей калган учурда алименттик төлөм орточо эмгек акы менен эсептелинет. Кээде бул сумма пайыз менен төлөгөн суммадан да көбүрөөк болушу мүмкүн.

«Эгерде карызкор орто эмгек акы менен эспетелген сумманы төлөй албаса, анда кайра сотко кайрылып, сот туруктуу сумма боюнча чечим чыгарып берсе болот», — дейт Нурлан Пирназаров.

Молдованын тажрыйбасы

Молдова республикасында сот аткаруучулар жеке ишкерлер болуп саналат. Алар мамлекеттик органдар аркылуу тандалып бирок өз алдынча иштешет. Сот аткаруучу ишкер болгондуктан башкаларды да жумуш менен камсыздайт.

Алимент боюнча да жеке аткаруучулар иш жүргүзөт. Кыргызстандагыдай эле Молдовада карызкор алиментти эмгек акысынан пайыз менен төлөйт же алименттин өлчөмү 350 еврону түзгөн орточо эмгек акыдан алынат.

“Бизде баланын кызыкчылыгы жогору тургандыктан карызкорду алимент төлөөгө мажбурласа, демек, өз баласын багууга жумуш таап иштөөгө мажбурлаган болот. Молдовада эмес, чет өлкөдө иштеген карызкорлор бар. Алар ал жактан акча таап жүргөндүгү белгилүү болуп калса, анда сот аткаруучулар ошол акчадан пайызын өндүрүшөт. А ал жакта эмгек акы жогорураак. Мисалы, Италияда минималдуу пенсия эле 400 еврого барабар”, — деди молдовалык эксперт Роман Толмач.

 Украина тажрыйбасы

Украина жеке жана мамлекеттик сот аткаруучулар бар. 2018-жылы алар тарабынан 176 миллион доллар алименттик төлөм өндүрүлгөн.

Украиналык эксперт Валерий Притуляктын айтымында, алимент төлөөчү карызкорлор чет жака чыгуу, транспорт башкаруу жана ок-куралдар менен колдонуу укуктарынан ажыратылат.

“Карызкорлорго мамлекеттик кызматкада жол жабылат. Мисалы, эгерде аткаминер алимент боюнча карызы бар экендиги аныкталса, анда ал дароо жумушунан бошотулат. Ошондой эле карызкорлорго алиментти төлтүү максатында ар кандай квалификациядагы жумуш берилет ”, — деп белгиледи Валерий Притуляк.

Кыргызстанда мамлекеттик гана сот аткаруучулар бар жана Нурлан Пирназаровдун айтымында, алар алимент жана башка акча өлчөмүндөгү төлөмдөрдү өндүрүүдө бир канча кыйнчылыка туш болушат.

«Мунун башкы себеби — карызкорлордун төлөм жөндөмдүүлүгү жок», – деди Пирназаров.

Калича Джаманкулова

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>