Ала-Тоо Эларалык университетинин юридикалык тармагында билим алган студенттери азыр Кыргызстандагы Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунда (IDLO) тажрыйбасын такшалтып жаткан канадалык юрист Стэйси Хсу менен жолугушуп, медиация маселесин талкуулашты.

“Талаш-тартыштарды чечүүдө бейтарап данакер аркылуу чечүү, башкача айтканда медиация, Канадада терең таркаган. Бул өлкөдө 90 пайыз араздашуулар сотко жетпей эле чечилет”, – дейт Хсу, “Кыргызстан бул өлкөнүн медиация тажрыйбасын үйрөнсө болот”.

Медиациянын негизи жана анын Канададагы жетишкендиктери студенттерди кызыктырды. Анын коомдогу таасири, кантип жакшы медиатор болуу, медиаторлордун Канадада ийгиликке жетишүүсү жана медиаторлордун маяна акысы канча болот деген суроолор жолугушуунун көңүл чордонунда болду.

“Натыйжалуу медиатор болуу үчүн тажрыйба эң маанилүү, сыртка чыгып медиация жасоо керек. Ал жөнүндө китептерден эле окуу жетишсиз”, деп Хсу жооп берди, “эң мыкты тажрыйбаны медиацияга катышуу же аны өткөрүү аркылуу гана алса болот”.

Стэйси Хсу өзү адвокат болуп иштеп жүргөн Канададагы Онтарио шаарында жүздөгөн медиациялык иштерге катышкан. Университеттин студенттерине ал эми кайрадан бир нече жумадан кийин барып, алардын медиациялык алгачкы тажрыйбасын окуу түрүндө өткөрүүгө көмөктөшөт. Хсу айым Канаданын адвокаттар бирикмеси жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Кыргызстанда иштеп жатат.

“Студенттердин Кыргызстанда 2018-жылы мыйзамдын негизинде иштеп баштаган медиацияга кызыгуусу бизди кубантат, негизи эле медиация сотко караганда азыраак чыгымдуу, купуяны сактайт жана тараптардын муктаждыктарын эске алат”, – деп IDLOнун программалык координатору Айжаркын Шынгыс кызы билдирди.

Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюму (IDLO) Кыргызстанда медиацияны ишке киргизүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен кызматташып келет. Анын программалары өлкөдө Медиаторлордун республикалык коомдоштугун түзүүгө, медиаторлордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана коомчулуктун бул тууралуу маалымат алуусуна көмөктөшүп келет.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>