Кыргызстанда талаш-тартыштарды сотко жеткирбей чечүүгө жардамдашкан өзүнчө кызмат пайда болду. Аларды медиатор деп аташты. Анын артыкчылыгы – жарандык иштер ыктыярдуу, купуялык негизде эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши мүмкүн. Би-би-синин баяны.


Медиаторлор үчүн ар бир сот имараттарында өзүнчө бөлмө же бурч ачылып берилүүдө.

Рахат Абдылдаева, медиатор: Медиация талашты тез убакты чечиши мүмкүн. Төлөмү арзан. Доодон баш тартылган учурда мамлекеттик алым кайтарылып берилет. Медиация мыйзамы коррупциянын бирден бир күрөшүү элементи катары кабыл алынган мыйзам деп айтып кетем.

Сотко арызданып келген ар бир адамга судья медиатор менен маалыматтык жолугушууга барууга кеңеш бериши керек. Бул кыргыз мыйзамындагы өзгөчөлүк деп айтсак болот.

Анар Эгембердиева, судья: Медиаторлор сотторго эч убакта атаандаш болбойт деп ойлойм, көбүнчө партнер болот болушу керек. Себеби соттордо болгон иштердин санын азайтканга жардам берет, чечимдерди эртелеткенге жардам берет. Жарандык процесстик кодексте түздөн-түз көрсөтүлгөн, биз тараптарга алардын укук-милдеттерин түшүндүргөндө эки тарап тең макул болсо, анда медиациялык жолугушууга жөнөтөбүз.

Медиатор менен жолугушкан адам аны менен иштешеби, жокпу – өзүнүн ыктыярында. Бирок медиаторлордун кызматына кайрылгандар азырынча аз.

Респондент: Өзүм да кайрылганмын медиация боюнча. Медиациянын артыкчылыгы ойлойм, биринчиден сенин убактың эконом болот, каражат жактан сага үнөмдүү болот деп ойлойм.

Медиация жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгына бир жылдай убакыт болуп калды. Бул ишке убагында эларалык уюмдар да жакшы жардам берди.

Дильбара Максимбекова, IDLO уюмунун кеңешчиси: Эларалык тажрыйбаны изилдедик. Башка өлкөлөрдүн медиациянын чоң тажрыйбасы бар. Чыр чатактарды чечүүгө бейтарап адам – медиатор жардам берет. Натыйжада эки тарап тең утушка ээ болот. Конфликт эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен чечилет. Биздин уюм бул маселени карап жатканда, бул институт кыргыз элинин менталитетине туура келет деп чечтик. Элибизде илгертен аксакалдар, бийлер, казылар болгон, алар өздөрүнүн турмуштук чоң тажрыйбасына таянып, ушул конфликттик кырдаалды чечүүгө жардам беришкен.

Жаңы кызматтын кемчил жагы медиациянын артыкчылыгы жөнүндө маалымат элге жеткиликтүү боло элек.

Гулсина Кожоярова, Медиаторлордун коомдук бирикмесинин жетекчиси: Колдоо болсо, бул институт бутуна тез эле туруп кетет эле. Мындай алсак, бул азыр кичине бала, ушул медиация. Анын жөргөлөп жүргөн мезгили да. Бутуна тургузуш, чоңойтуш, көп убакыт анан көп каражат талап кылат. Каражат кайсы, медиаторлор өз окуусун өздөрү төлөп окушат, бирок элге маалымат жеткирүү боюнча – ошол жактан мамлекет колдоп берсе, мен ойлойм бул институттун пайдасы көп.

Мыйзам боюнча медиаторлор азыр жарандык, экономикалык иштерди жана оор эмес кылмыштарды дагы карай алышат.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>