АКШ Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор азия боюнча бюросунун жогору даражадагы өкүлү, элчи Элис Уэллс жана Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, мурунку президент Курманбек Бакиевдин режими жана анын уулу Максим Бакиевдин учурунда мамлекеттик мүлктү талап-тоноо жана коррупциянын кесепетинен улам пайда болгон каражаттарды Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө кайтарып берүү даярдыктары башталганын 25-февралда жарыялашты.

АКШ элчилигинин билдиргенине ылайык, 6 миллион доллардын 4,6 миллиону конфискациялоо тууралуу буйрукка ылайык кайтарылып алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарылып берилет. Кыргыз Республикасынын өкмөтү бул каражаттарды сот системасында колдонула турган тасмага түшүрүүчү кошумча жабдык, элет жериндеги таза суу менен камсыздоону жакшыртууга, жана саламаттык сактоодогу жабдыктарды сатып алууга жумшоону болжолдоодо.

Элчи Уэллстин сапары, Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн жогору даражадагы кызматкерлеринин эки тараптык мамилелерди бекемдөөгө, жана Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого арналган сапарлардын акыркы сапары.

Элчи Уэллс ошондой эле, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө маселелерин, Президенттик аппараттын тышкы иштер боюнча бөлүм жетекчиси Данияр Сыдыков жана Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен талкуулады. Эки мамлекет өкүлдөрү эки тараптык кызматташтык тууралуу келишим жөнүндө сүлөшүүлөрдү баштоону жана жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консултацияларды ушул жазда кайрадан жандантууну макулдашышты. Элчи Уэллс кыргыз расмий өкүлдөрү менен Афганистандагы тынчтык процессин жана туруктуулук менен бакубат жашоону орнотууга багытталган эки өлкөнүн мүмкүн боло турган жолдорун талкуулады.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>