5-6-сентябрда Бишкекте сот тармагындагы тренерлер  окуу план түзүнүү жана чоңдорго интерактивдик тренинг өткөрүүнү үйрөнүштү. Эки күндүн ичинде катышуучулар көптөгөн маалымат алып, практикалык сабак учурунда окуу модуль түзсө, тажрыйбалуу тренерлер сын-пикирлерин, сунуштарын берди.

Судьялар мындай окутуунун керектигин белгилешип, кызыктырган суроолорго жооп алганын жана тренерлер күтүлгөн натыйжаны актаганын айтышты. Тренинг аяктаган соң аларга сертификат тапшырылды. Келечекте тренерлер судьяларга комплекстүү окутуу программасын өткөрүүсү күтүлүүдө.

Тренер катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Индира Айтбаева, Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Галия Алымбекова, Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) сот адилеттигинин потенциалын жогорулатуу боюнча секторунун кеңешчиси Дильбара Максимбекова жана Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын башкармасынын эксперти Зауре Сыдыкова болушту.

Аталган иш-чара АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизат каражаттарын жүгүртүү жана кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) колдоосу менен уюштурулду.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>