Алыстан окутуу, онлайн-китепкана, устат-шакирт программасы, сот жетекчилерин терең окутуу, региондо сотторду окутуу мектеби, басылма иши. Булар USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасынын алкагында өткөн Италияга болгон окуу сапарынан кийин киргизилүүдө.

Эльмира Байтикова 2019-жылдын сентябрь айында КР Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине (САЖМ) директор болуп дайындалган. Ал эми 21-25 октябрда Кыргызстандын делегациясы менен чогуу Италияга окуу сапары менен барып келген. Анын айтымында, дал ушул программа ишеним жаратып, бир нече өзгөртүүлөрдү алып келди.

«Көп нерселерди биз мурдатан бери эле пландап келгенбиз, бирок дал ушул Италияга болгон окуу сапар бизге ишеним алып келди, кантип аткаруу керек экендигин көрө алдык», – дейт Эльмира айым.

Соттор үчүн алыстан окутуу

Италиядагы сотторду окутуу мектебин (магистратурасын) көрүп, Кыргызстандык делегация алыстан окутууну сөзсүз киргизүү керектигине ынанган.

«Италияда алыстан окутуу жакшы иштейт экен, алардын тажрыйбасы бизди шыктандырды», – дейт САЖМдын мүдүрү.

Сот адилеттигинин жогорку мектеби алыстан окутуу боюнча стратегияны иштеп чыгышты. 2020-жылы иштеп баштай турган онлайн-платформаны дагы даярдашты. Окуу сапарында чогуу барган Армениялык кесиптештер өздөрүнүн ушул тармакта тажрыйбасын дагы бөлүшүүгө даярдыктарын билдирген.

Соттор үчүн басылма

Эльмира Байтикова Италиялык кесиптештеринин басылма тармагындагы жакшы иштерди алып баргандары менен дагы таанышкан. Эми бул тажрыйбаны Кыргызстанга алып келүүнү болжолдоп турат.

«Италиялык мектепте басылма иши жакшы коюлуптур, ар кыл кейстер боюнча пособиелерди дагы чыгарышат экен. 2020-жылы биз өзүбүздүн структурабызды өзгөрткөнү турабыз, эгерде бул план колдоого алынса, анда басылма иши боюнча тармакты өзүбүзгө алабыз», – деп билдирди.

САЖМ эми бул тармакта иштөөнү пландоодо. Учурда онлайн-китепкана пайда болду, жарандык жана кылмыш иштери боюнча пособиелер даярдалып жатат, алар бардык судьяларга жеткиликтүү болот.

«Италиялыктарда судьялар өздөрү тандап, өздөрү окуй ала турган көп курстары, онлайн-китепканасы бар экен. Мындай китепканабыз бизде жок эле, азыр биз сайтыбызда баракча ачып, пособиелерди чыгара баштадык», – дейт Байтикова.

Сот жетекчилерин терең окутуу

Сот жетекчилерин башкарууга гана эмес, бюджетти түзүүгө, ювеналдык юстиция иштерин алып барууга терең даярдоону САЖМ Италияга болгон сапардан кийин пландай баштады.

«Биздеги сот жетекчилери ар үч жылда алмашып турушат, андыктан аларды терең жана өз алдынча окутуубуз керек», – дейт САЖМдын мүдүрү.

Мындан тышкары, эгерде региондо мектеп ачуу планы ишке ашса, анда алыскы түштүк аймактарындагы судьялар Бишкекке окуу үчүн келбей калышат.

«Биз түштүк региондо филиал ачууну ойлонуп жатабыз, себеби бул алыс жайгашкан жана ал жактагы судьяларга ыңгайлуу болот. Италияда ушундай регионалдык мектептери бар экен. Алардын тажрыйбасын изилдегенден кийин, бул жыйынтыктуу болот деп чечтик», – дейт Байтикова.

Дагы башка САЖМды кызыктырган кейс – бул Армениядагы академиянын тажрыйбасы болгон.

«Арменияда окууга келген судьялар бир жерде окуп, ошол эле имаратта тамактанып, түнөшөт экен. Бул ыңгайлуу, ушул тажрыйбаны биз дагы өзүбүзгө алсак болчудай, себеби биздин судьялар келгенде биз аларды мейманканаларга жайгаштырып келебиз», – дейт Эльмира Байтикова.

Жаңы судьяларга устаттар болот

Кыргызстандын делегациясы окуу сапарга чогуу катышкан Украинанын улуттук мектебинин дагы тажрыйбасы менен таанышкан. Өзгөчө алардын «устат-шакирт» программасы жаккан.

«Тажрыйбалуу судьялар жаңы судьяларга жардам берчү мындай устаттык программа бизде иштеп баштай элек, азыр иштелип чыгууда. Биз Украиналык кесиптештерибиз менен меморандумга кол коюп, дал ушул тажрыйбасын үйрөнүүнү көздөп турабыз», – деп Эльмира Байтикова кошумчалады.

Анын айтымында, «Кыргызстанда 80 пайыздан ашуун судьялар өзгөргөн: алар жаш, көпчүлүгүндө беш жылдан ашкан тажрыйбасы жок».

Окуу сапары

Аталган окуу сапары USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасынын алкагында 2019-жылдын 21-25-октябрында өткөн. Делегаттар Италиянын сот системасын жана судьяларды окутуу тажрыйбасын жакындан көрүп келишкен.

Кыргыз тилиндеги толук интервью: 

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>