24-апрелде “Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияны өнүктүрүү” деген темада онлайн талкуу болуп өттү .

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар 2017-жылдын октябрында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕРӨБ) жана IDLOнун колдоосунда башталган «Коммерциялык медиация» долбоорунун жыйынтыктары менен тааныша алышты.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, бизнес-коомчулуктун, медиаторлордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген форматтагы жолугушуу медиаторлор менен ишкерлердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берди.

Медиация аймагы

Кыргызстанда “Медиация жөнүндө” мыйзам 2018-жылдын февраль айында күчүнө кирген, ошол эле жылдын май айында медиаторлор өздөрүнүн биринчи курултайын өткөрүп, Республикалык медиаторлор коомун (РМК) түзгөн.

Өлкөдө коммерциялык медиациянын өнүгүшүнө түрткү болгон “Коммерциялык медиация” долбоордун алкагында республиканын медиаторлор коомчулугун түзүү, медиаторлорду окутуу, ошондой эле калкты, бизнес-коомчулукту медиация боюнча маалымдоодо колдоо көрсөтүлдү, медиация боюнча маалыматтык стенддер КРдин 11 сотуна орнотулду.

Долбоордун колдоосу менен Чүй, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын медиаторлору 35 коммерциялык ишти ийгиликтүү медиация кылышты. РМКнын арбитри Наталья Аленкина вебинардын катышуучуларына долбоордун алкагында жүргүзүлгөн кейс изилдөөлөрдүн анализинин жыйынтыктары менен тааныштырды.

«Долбоордун алкагындагы иштердин жалпы санынын ичинен иштин негизги бөлүгү келишимдик-укуктук мамилелерге, төртөө – эмгек талаштарына, экөө – корпоративдик талаштарга тиешелүү. Ошондой эле, бир иш зыяндын ордун толтуруу, экинчиси бизнести бөлүштүрүү боюнча үй-бүлөлүк чыр-чатакка байланыштуу», – деди Аленкина.

Кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Долбоорго катышкан медиаторлор коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Медиация практикасы тууралуу маалымат ишкерлер тарабынан чоң кызыгууну жаратты.

«Бизнес-акыйкатчы институту, Кыргызстанда буга чейин арбитраждык арбитраж иштейт, айтсаңыз, коммерциялык медиациянын өзгөчөлүгү эмнеде? Медиациялык келишимдин күчү кандай?», – деп суроо салышты бизнес өкүлдөрү вебинардын жүрүшүндө.

Жолугушуунун модератору, Борбордук Азиянын альтернативалык чечимдер борборунун директору Эльвира Боромбаева диалог түзүүгө жардам берди.

Мыйзамга ылайык, медиация тараптардын ыктыярдуулугу, кызматташуусу жана тең укуктуулугу, бейтараптуулук жана конфиденциалдуулук принциптеринин негизинде ишке ашырылат.

Медиатор Лола Кулинова кээде медиация түшүнүгү бурмаланып жатканын тактады.

«Кардарлар акча төлөө менен иштин жакшы натыйжасына ишене алабыз деп ойлошот, бирок андай эмес – медиатор таптакыр бейтарап болушу керек», – деди Кулинова.

Долбоордун алкагында Базалык Медиатор курсун бүтүргөндүктөн, Жеткирүүчүлөр (Өндүрүүчүлөр жана Дистрибьюторлор) Ассоциациясынын Президенти Гүлнара Ускенбаева бизнес-коомчулуктун да, медиаторлордун да өкүлү болду.

Медиация убакытты жана акчаны үнөмдөйт. Сотто иш узакка созулуп каралат, чарбалык талаш-тартыштар боюнча мамлекеттик алым доо арызын бергенде алынат жана бул бир топ ири суммалар. Талаш-тартышты чечүүдө медиатордун акысы талаштын суммасына байланбайт, медиация процедурасы бир топ ылдамыраак. Ал эми медиацияда акыркы чечимди тараптар өздөрү чыгарышат», – деди Ускенбаева.

Медиацияны өнүктүрүү боюнча сунуштар

Медиатор Гүлчехра Мурзакматова белгилегендей, азыр пандемия шартында медиацияны аралыктан өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонуу зарыл.

Кеңири форматта курч маселелерди ачык талкуулоо катышуучуларга бир катар конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Атап айтканда, административдик (салык) талаш-тартыштарда медиацияны колдонуу жана анын чөйрөсүн кеңейтүү максатында медиация жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү сунушталды 

Мындан тышкары, типтүү окутуу программаларын, медиатордук кызматтарды көрсөтүүнүн сапат стандарттарын иштеп чыгуу сунушталат. Ал эми бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүгө басым жасоо менен коомчулукка коммерциялык медиация жөнүндө маалымат берүү маанилүү фактор болуп саналат.

Талкуулоо жолугушуусу IDLO тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана КР Республикалык медиаторлор коому менен өнөктөштүктө Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен уюштурулду.

Асыл Осмоналиева

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>