Кыргызстанда сот тутуму сот отурумдарына аудио-видео фиксация (АВФ) тутумун жигердүү киргизип жатат, бул сот отурумдарынын протоколун жазууну гана жеңилдетпестен, бардык катышуучуларды, анын ичинде судьяны, прокурорду, адвокатты жана бардык тараптарды сот процессине тартиптүү катышуусуна алып келет.

Сот процессинин жүрүшүнө кайсы бир тарап канааттанбаган учурда АВФ протоколдору аларга арызданууга, жогорку инстанцияларга кайрылууга мүмкүнчүлүк берет. Соттор үчүн бул дагы камсыздандыруунун бир түрү, мисалы, эгерде аларга атайын жалаа менен айып коюлган болсо, анда алар өзүлөрүн ушундай аудио-видео далилдер менен коргой алышат.

Чындыгында, АВФ түзүмүнүн мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бул сот процессинин протоколдорун автоматташтырылган түрдө түзүү жана даттануу үчүн далилдердин булагы гана эмес. АВФ түзүмү аркылуу видеобайланыш түзүп, далилдерди иликтеп, түшүндүрмөлөрдү угуп, адамдарды суракка алуу аркылуу сот адилеттигин алыстан жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн да берет.

Учурда АВФ жабдуулары Кыргызстандагы көпчүлүк сот залдарына орнотулуп жатат, аны менен бирге сот кызматкерлери аны пайдалануу боюнча окутулууда. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биз эл аралык тажрыйба менен бөлүшкүбүз келет. Ар кандай өлкөлөрдө ушул сыяктуу тутумду кандайча жана эмне үчүн колдонушуп, кандай жыйынтыктарга жетишишти?

Дүйнөлүк тажрыйба

Дүйнө жүзүндөгү соттордун натыйжалуулугун жогорулатуу жана соттук процесстерди жүргүзүү үчүн акыркы технологияларды колдонуп жатышат. Дүйнөдө коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү контекстинде бул муктаждык ого бетер байкалды. АВФ тутумдарын киргизүүдө ар кыл өлкөлөр транскрипциядан баштап, серверлер аркылуу жеткиликтүү болгон санарип аудио-видео жазууларына чейин колдонуу жайылган.

Мисалы Румыния бир нече жыл мурун аудио жазууну киргизген, бул сот процессинин катышуучуларына сот процессинин жазууларын кийинки күнү дароо алууга мүмкүнчүлүк берет. Анын  менен бирге Румыниянын сот тутумунун жоопкерчилиги дагы жогорулатылган. Алардын Улуттук сот инспекциясы судьялардын жүрүм-турумун аудио тасмаларды колдонуу менен текшерип, аларды бир катар коррупциялык жана этикалык иштер боюнча жоопко тартууга колдонгон.

Ирландияда болсо ар бир сот залы аудио жазуу, видео ойнотуу тутумдары менен жабдылган жана түрмөлөрдөн видео байланыш аркылуу кошулууга мүмкүнчүлүк ачышкан. Аудиожазуулар жана стенограммалар соттун уруксаты менен берилет.

Америка Кошмо Штаттарында аудио-видео жазуу технологиясы сот отурумунун катчысынын сот процессине катышуу кажетин жок кылган. Сот отурумдары кеминде эки резервдик аудио жазууга жаздырылып, үн сапаты көзөмөлдөнөт жана тексттин белгилери белгилүү бир убакытка байланыштуу жүргүзүлөт. Жазууларды Сот ресурстарынын китепканасынан алууга болот.

АВФти ишке ашырууда Азия континенти дагы четте калган жок. Малайзияда сот отурумдары аудио жана видео тасмаларга жазылып, ага байланыштуу тексттик протоколдор да автоматтык түрдө түзүлөт. Коңшу Сингапурда аудио жазуулар протокол түрүндө автоматтык түрдө көчүрүлүп алынат жана Жогорку Соттун отуруму учурунда судья белги жана комментарийлерди дароо белгилей алат. Судьялар сот отурумунда жана андан кийин аудио жазуунун керектүү бөлүктөрүн таап, аны ойнотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Постсоветтик өлкөлөр да аудио жана видео жазуу технологияларын жигердүү өздөштүрүп жатышат. Мисалы, Грузияда ар бир сот отурумунда аудио жана видео жазуулар колдонулат жана алар электрондук форматта сакталып, үч күндүн ичинде тараптарга берилет. Бирок, видеолорду жарыялоого жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынган.

Россияда технологияны ишке ашырууда арбитраждык соттор алдыңкы орунду ээлешти. Алардын 100% сот отурумдары аудио жазуу менен өтөт. Тутумдун аркасында алар процесстин катышуучуларына аудио протоколдорду алыстан алуу мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле электрондук сот отурумдарын толугу менен өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары, Россиянын Соттор кеңеши сот отурумдарынын бардык аудио жазууларын атайын сервердик булутта сактоо чечимин кабыл алды, ал “процесстин катышуучуларына алардын жайгашкан жерине карабастан аудио жазуу менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет”. Ал эми Россия Федерациясынын Жогорку Сотунун Пленуму сот отурумдарында аудио жазууну өчүрүүгө тыюу салган.

Коңшу Казакстанда да сот процесстерин аудио-видео жазуу тутуму киргизилген. Алар жолугушууну жаздырууну токтото албайт же түзөтө албайт. Бул сот отурумдарын протоколдоого байланыштуу арыздардын санын бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берди.

Негизги тыянактар

Жалпысынан, эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, АВФ тутумдары сот залдарында сылык жана тартиптүү жүрүм-турумга өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде сот процессинин катышуучуларынын канааттануусун жакшырта алат.

Мындан тышкары, автоматташтырылган транскрипциялоо өзгөчөлүгү судьяларга жана адвокаттарга сот отурумдарын толук, тез жана жеткиликтүү жазууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тараптар менен судьяларга сот процесси учурунда өздөрүнүн диктофондоруна же барактарына белгилерди коюп алаксуусуна эмес, сот процессине бардык көнүлдү бурууга мүмкүндүк берет.

Бул жазуулар судьялардын жана соттук отурумдун катышуучуларынын укук бузууларынын далил-кепилдиги экендигин белгилей кетүү маанилүү. АВФ жазуулары кыянаттыкка жол бербейт, коррупцияны азайтат, жана көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, аудио-видео фиксация аркылуу сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө – мисалы, сот процесстерине катышкан дүлөй адамдар процессти реалдуу убакыт режиминде транскрипциялоо аркылуу көрө алышат.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн IDLO жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>