Кыргызстандагы сот чечимдеринин ачык порталы жер талаштарына ачык-айкындуулукту жана акыйкаттыкты камсыз кылууга мүмкүндүк ачты.

2015-жылы Акылбек Ажымаматов өзүнүн мунай продуктуларын ташуу компаниясы үчүн сегиз гектар жер тилкесин сатып алган. Бирок ал келишим 2,5 жылга созулган соттук териштирүүгө алып келет деп күткөн эмес. Ал жер тилкесин Кара-Балта шаарында банктан сатып алган. Жерди мурдагы ээлери күрөөгө коюп, өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн банкка өткөн экен. Акылбек алгандан кийин жер тилкесин менчиктештирүү учурунда мүчөлүштүктөр болгондугуна көзү ачылган. Менчик укугуна ээ документтери болгонуна карабастан, ал ага болгон укугун сот аркылуу талашууга аргасыз болгон.

«Бул жердин акысын биз келишим боюнча төлөдүк. Өсүп жаткан бизнести кеңейтүү үчүн бул жер бизге чоң стратегиялык мааниге ээ эле – жол биздин кампанын жанынан өтөт. Дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоонун логистикасын кыйла натыйжалуу кылмак. Бирок мен толук укукка ээ болбой туруп ал учурда эч нерсе кыла алган жокмун», – дейт ал.

Ажымаматов алгач райондук сотто, андан кийин облустук сотто эки жолу утулуп калган. “Биринчи жолу утулганда менин шагым сынып, мындан майнап чыкпайт деп ойлоп, бардык жерде эле утулуп калабыз деп ойлогом”, – дейт Ажымаматов.

ЖЕР ТАЛАШТАРЫ ЖАНА КАТАЛАР

Кыргызстан үчүн Ажымаматовдун иши өзгөчө жаңылык эмес. Мындай жер менчиктери боюнча талаш-тартыштар 1990-жылдары Советтер Союзу кулагандан кийин жүргүзүлгөн массалык мамлекеттик менчиктештирүү кампаниясынан кийин башталган. Ошол учурда өлкөдөгү бардык жерлердин жалгыз ээси болгон мамлекет 4-5 жыл аралыгында 1,2 миллион гектардан ашык айдоо жерлерин жеке колго өткөрүп берген.

Бул массалык менчиктештирүү шашылыш жасалган, ага кошо бир топ укуктук реформалар, массалык миграция, коррупция жана башка маселелер менен коштолгон. Анын айынан жер талаштары курчуп кеткен. Кыргызстандын сотторундагы болгон жер талаштар жарандык иштердин кеминде 30% түзүп келет. Судьялардын каталары, алардын мыйзамдарды туура эмес чечмелөөсү соттун адилетсиз чечимдерине алып келген.

ACT.SOT.KG ЧЕЧИМ СУНУШТАЙТ

Эки көзкарандысыз юридикалык эксперттер Индира Айтбаева жана Бактияр Парпиев жер талаштары боюнча соттун талаштуу чечимдерин изилдеп көрүүнү чечишкен. 2015-жылдан бери алар өлкө боюнча сот тарабынан караган жүздөгөн жер талаштарын иликтеп, алардын каталарын талдап, аныктап чыгышкан.

Бул мүмкүнчүлүк USAIDдин колдоосу менен IDLO тарабынан ишке ашкан “Сот тутумун бекемдөө” жана “Ишенимдүү сот” долбоорлорунун көмөгү менен иштелип чыккан ACT.SOT.KG сот чечимдеринин жаңы онлайн маалымат базасынын аркасында ачылган. Долбоордун колдоосу менен жүздөгөн кызматкерлер, соттун IT адистери жана судьялар бул жаңы инструментти иштеп чыгууга катышышкан. ACT.SOT.KG пайда боло электе, мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизиле электе Жогорку Соттун макулдугусуз жүз эмес, бир сот чечимин изилдөө үчүн алуу сотто иштебегендер үчүн мүмкүн эмес эле.

Бүгүн ACT.SOT.KG сайтында 275 миңден ашык соттук актылар жайгашкан, алар компьютер же телефондон бир баскыч менен ачып көрүүгө мүмкүн. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча соттор 90%дан ашуун өз чечимдерин жана процессуалдык документтерин жарыялап келишет.

Соттун чечимдерин биринин артынан бирин карап чыккан эксперттер мыйзамдарды чечмелөөдө көптөгөн дал келбестиктерди таап, судьялардын каталарын аныкташкан. Менчик укугун, жердин чегин аныктоо, жерди алуу, укуктук процедуралар жана башка көптөгөн маселелерге байланыштуу көйгөйлөрдү аныкташкан.

Айтбаева бул сайт маселени кеңири көрүүгө жардам берет дейт. «Кеңсеңизде отуруп эле өлкө боюнча сот тажрыйбасы жөнүндө жалпы маалымат ала аласыз. Сизге болгону интернет керек», – дейт ал.

“Биздин колубуз узарып, өтө көп маалыматты натыйжалуу иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ушунчалык бат көнүп калдык”, – деп Парпиев кошумчалады.

БИРДИКТҮҮ СОТ ТАЖРЫЙБАСЫ

Эксперттер жүргүзгөн анализ жер талаштары боюнча сот чечимдериндеги бардык карама-каршылыктарды так көрсөтө алган. Эксперттер келечекте ушул сыяктуу жер талаштарын чечүүгө жардам берүүчү көрсөтмөлөрдү даярдашкан.

2018-жылы Жогорку Соттун Пленуму жер талаш-тартыштарын кароо боюнча бүтүндөй сот тутуму үчүн милдеттүү болгон токтом кабыл алган.

“Биз бул маселени көтөрүп, ага көңүл бурдуруп, Жогорку Сот сунуштарды кабыл алгандыгынан көп нерсени күтөбүз. Соттор акырындык менен аларды колдонуп, акырында бирдиктүү тажрыйбага өтөт деп ишенебиз”, – дейт Парпиев.

ИШТИН ЧЕЧИЛИШИ

2017-жылы Ажымаматов мырза Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Жогорку сот анын арызын кабыл алып, талашты анын пайдасына чечкен.

«Бул мени адилеттүүлүк бар экендигине ишендирген бурулуш учур болду», – дейт Ажымаматов, – «бул жер тилке менен мен Кара-Балта шаарындагы дыйкандарга жана жергиликтүү ишканаларга күйүүчү-май материалдарын жеткирүүнү жана сактоону арзан баада камсыз кылууга мүмкүнчүлүк алдым. Мындан тышкары, дыйкандарга продукциясын сактоочу жай берүүгө, аларды экспортко ташууга мүмкүнчүлүк ачылды”.

Парпиев мырзанын айтымында, бул иш сот тажрыйбасында жер талаштары боюнча шайкешсиздиктин эң көрүнүктүү мисалы болуп саналат. Себеби изилдөөнүн жүрүшүндө кудум окшош жер талаштарды ар башка соттор ар башкача чечип келгендиги аныкталган эле. Бирок Парпиев Кыргызстандагы соттор бирдиктүү сот тажрыйбасын кабыл алып баштаганда мындай айырмачылыктар жок болот деген үмүттө.

2020-жылы Индира Айтбаева адвокаттар Алмаз Акматалиев жана Венера Болтобаева менен биргеликте дал ушул act.sot.kg веб-сайтын колдонуп, жер талаштары боюнча сот тажрыйбасына дагы бир ирет жалпы улуттук талдоо жүргүзгөн. Салыштырмалуу талдоонун натыйжасында сот тажрыйбасында олуттуу жылыштар болгондугу аныкталган. Анын айтымында, жер талаштары боюнча сот тажрыйбасы учурда мыйзамга шайкеширээк келип, анын натыйжасында коррупция азайып, сот тутумунун ачык-айкындуулугу жогорулаган.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>