Сотто адамдын тагдыры күн сайын чечилет. Бир сөз туура эмес жазылып калса да, ал соттогу катышуучунун жашоосуна чоң таасир берип коюшу мүмкүн. Андыктан сотто жаңылыштыкка жол жок.

Кыргызстанда маал-маалы менен протокол түзүүдө ката кетирген соттордун катчыларынын ишине нааразы болуп келишет. Айрымдары катчылар протоколго “калптарды жазышты” деп да ырасташат. Эгер мындай айыптар тастыкталса, анда ал катчы жоопкерчиликке тартылат. Бирок катчылар жүктүн оордугунан улам сот процессинде айтылган бардык  сөздөрдү жазып кетүүгө жетишпей келишет.

Сот отурумдарын аудио-видео фиксация (АВФ) жазуу тутуму сот катчыларынын ишин кандайча өзгөртүп, өлкөдөгү сот адилеттигинин сапатын кандайча көтөрүп жаткандыгы жөнүндө бул макалада камтыйбыз.

Тагдыр чечүүчү соттун катчысы

Сот жыйналышынын катчысы, адатта, белгилүү бир судьяга дайындалып, анын ишин документалдык жактан камсыз кылат, процесстерди уюштурат жана сот отурумдарына катышат. Катчы – мамлекеттик кызматкер.

Катчынын негизги милдети – сот отурумунун протоколун жүргүзүү, анда ал соттун жана процесстин катышуучуларынын бардык иш-аракеттерин, ошондой эле соттун чечимдерин кылдат жана туура баяндайт. Катчы процесстин бүт жүрүшүн туура, толук жана объективдүү түрдө чагылдырышы керек, себеби аны тараптар кассациялык жана апелляциялык сотто далил катары колдоно алышат.

Мисалы, Жарандык процесстик кодексинде протокол сөзсүз түрдө жазылат жана ал сот отурумунун катчысы тарабынан түзүлөт деп айтылат. Бул протокол сот жыйналышы аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен түзүлүп бүтүп, ага кол коюлушу керек. Татаал иштердин протоколун түзүү беш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Көпчүлүк сот катчылары салттуу диктофон жана тез терүү ыкмасын колдонуп келет, бирок кээ бирлери АВФ кошумча милдеттерди жаратат деген ойдо. Чындыгында АВФ алардын ишин жеңилдетет.

АВФ ишти жеңилдетет

Электрондук протоколдоо деген ат менен таанымал болгон Аудио-видео фиксация Кыргызстан боюнча көпчүлүк соттордун бөлмөлөрүнө учурда киргизилген. Бул сот залында бир нече микрофондорду жана видеокамераларды камтыган жогорку сапаттагы санариптик жазуу жабдууларын колдонууну камтыйт.

АВФти колдонуу Жазык-процесстик кодексинде милдеттүү түрдө колдонулат. АВФтин жазуулары протоколго тиркелет, анын колдонулганы жөнүндө ал протоколдо белгиленет. АВФти колдонуу боюнча нускамада аудио-видео жазуулар жана протокол соттун сервердик жабдыктарында автоматтык түрдө сакталат, андан кийин сот тутумунун серверлерине көчүрүлөт деп айтылат.

Ошол эле учурда, маанилүү дагы бир технологиялык мүмкүнчүлүгү – бул тутум автоматтык түрдө сот отурумунун протоколуна тексттик шаблонду даярдаганында. Андан кийин катчы АВФ жазууларын угуу аркылуу сот отурумунун толук протоколун даярдайт. Катчы протоколдун тексттик бөлүгүн гана өзгөртө алат, ал эми АВФ жазуулары өзгөрүүсүз калат.

Сот отурумунун жүрүшүндө катчы процесстин ар бир сүйлөгөн адамы боюнча токтоосуз белгилерди коюуга тийиш, буга байланыштуу ар бир протоколдо тараптардын аты-жөнү жана убактысы көрсөтүлгөн маалыматтар түзүлөт. Бул тараптар жана сот үчүн колдонууга ыңгайлуу болгон жалпы санариптик жазуу схемасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бирок, катчылар АВФ тутумун баштоо жана иштетүү үчүн билимге жана жөндөмгө ээ болушу керек. IT консультанттар системанын техникалык иштөөсүн көзөмөлдөшөт. Ошондуктан, USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасынын колдоосу менен Сот тутуму өлкө боюнча сот кызматкерлери үчүн масштабдуу окутуу программасын баштаган.

АВФтин артыкчылыктары талашсыз

АВФ тутуму сот процессинин катышуучуларынын сот процесстерине катышуудагы маданиятын жана сотторго болгон ишенимин жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле анын иштөөсү сот процессине катышуучуларды, анын ичинде судьяларды, прокурорлорду жана адвокаттарды да тартипке салат.

Аудио-видео жазуу жогорку сапаттагы үн менен камсыз кылынат, анткени микрофондор залдын ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашкан. Залдын бир гана бөлүгүндө жайгашкан диктофонго жаздыруудан айырмаланып АВФдеги үндөрдүн жазуулары тунук жана уккулуктуу болот.

Мындан тышкары, протоколу менен бирге АВФ протоколу толугу менен тараптарга берилиши мүмкүн. Ал азырынча дискке жазуу түрүндө берилет, ал эми жакынкы келечекте – соттун сервериндеги файлга алыстан кирүү мүмкүнчүлүгү менен берилет. Кыргызстанда бул аудио протокол гана эмес, аудио-видео жазуу болгондуктан, бул видеолор адвокаттарга жана тараптарга күбөлөрдүн жана соттолуучулардын оозеки гана  эмес, анын ичинде ымдоо иш-аракеттерин, дене түзүлүшүн, мимикасын жана көз менен байланышын изилдөөгө жардам берет.

Айта кетчү дагы бир  маанилүү маселе, эгерде сотто катышып жаткан тараптардын бири этикага жат же мыйзамсыз жүрүм-турумун жасап жатса, ал эми экинчи тарап соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга даттанууну чечсе, АВФ протоколдору ага эң сонун далил болуп саналат. Тараптардай эле, судья дагы этикага сыйбаган ишти сот процесси учурунда жасап коюушу ыктымал, мындай учурда АВФтин протоколдору Тартип комиссиясы же Соттор кеңеши аркылуу кылмыш ишин козгоого далил болот.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн IDLO жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>