9-11-класстарынын окуучуларын «Зомбулукту Актаба!» аттуу республикалык конкурса катышууга чакырабыз!

Бул конкурс Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жеңүүчү командалар үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган:

1-орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 ноутбук.

2-орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.

3-орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.

Катышууга бир мектептен бир гана топ катыша алат. Катышуу үчүн 3 окуучудан (алардын бири башка жыныста болушу керек) турган топ түзүп, төмөнкү талаптарды аткаруу керек:

1. Ссылка аркылуу 2021-жылдын 4-мартына чейин өз командаңыздын атынан катталуу: https://forms.gle/V1p3pV8SQ7Um2cEy6

2. Сиздин топтун катышуусун тастыктагандан кийин, уюштуруучулардын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык, гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту изилдөө үчүн социологиялык онлайн сурамжылоо жүргүзүү – минималдуу 50 адам менен маектешүү;

3. Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук темасында 2 мүнөттүк видеотасманы даярдап, жарыялоо;

4. Конкурстун облустук этабында калыстар тобунун алдында аткарылган иш жөнүндө презентация кылуу;

5. Конкурстун республикалык этабында калыстар тобунун алдында аткарылган иш жөнүндө презентация кылуу;

6. Көз карандысыз калыстар тобу үч жеңүүчү команданы тандап алат.

Бул укуктук сынак USAID-IDLO эл аралык уюмунун “Ишенимдүү сот”  программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, сынактын бардык этаптары онлайн режиминде өткөрүлөт.

#ЗомбулуктуАктаба
#JashtarTendik3un

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>