2022-жылдын 19-апрелинде КТРКнын имаратында IDLO менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев Меморандумга кол коюу катышуучулар үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирди.

«Коомдун өнүгүүсү жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн күч-аракеттердин биригүүсүн, мыйзамдуу жана адилеттүү мамлекетти калыптандырууга биргелешкен салым кошууну кубаттайбыз», – деди Иманалиев.

IDLOнун Кыргызстандагы директору Дилбара Максимбекова КТРК 90 жылдык чыгармачылык тарыхы бар алдыңкы телерадиокомпания болуу менен Кыргызстандын бардык жашоочулары үчүн социалдык маанилүү маалыматтарды берип жатканын билдирди.

«IDLO – Кыргызстанда 2005-жылдан бери иштеп келе жаткан мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуучу өкмөттөр аралык уюм. Учурда биз Кыргызстанда коммерциялык медиацияны өнүктүрүү боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорун ишке ашыруудабыз. Долбоор Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга салым кошот. Калкты укуктук жактан маалымдоо долбоорду ишке ашыруудагы эң маанилүү звено болуп саналат», – деди Максимбекова.

КТРКнын жетекчилиги ошондой эле Кризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору, “Укук булагы”, “Окуу керемет” долбоорлорунун жетекчилери менен меморандумдарга кол коюшту.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>