2022-жылдын 14-мартында Медиаторлордун Республикалык коомчулугунун (МРК) Кеңешинин жана Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү IDLO уюмунун жетекчиси Дилбар Максимбекова башында турган өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен биргеликте ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (2-фаза): COVID-19га жооп» долбоорунун алкагында кызматташуу потенциалын талкуулашты.

МРК өкүлү Чолпон Өмүракунованын айтымында, ЕРӨБ жана ИДЛОнун программалык колдоосу менен өлкөдө медиация институтун бекемдөөдө ийгиликтерге жетишилди.

«Коомдун жаңы талаптарын эске алуу менен биз МРК сайтын жакшыртууну чечтик. Программалык колдоо мобилдик версиясы аркылуу Медиаторлордун Улуттук реестрине ыңгайлуу кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө мүмкүндүк берди, ал эми медиаторлор өз кезегинде жеке кабинети аркылуу өздөрүнүн профессионалдык портфелдерин түзө алышат. Бул медиациянын потенциалдуу кардарлары үчүн медиаторду издөөнү жана тандоону жеңилдетет», – деди Өмүракунова.

IDLOнун директору Дильбара Максимбекова Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун 2-фазасын ишке ашыруунун жүрүшүндө МРК менен биргеликте иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.

«Биз чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн коммерциялык медиация темасында маалыматтык семинарларды өткөрүүнү көздөп жатабыз. Талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди эффективдүү чечүү өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүнө жана өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», – деди Максимбекова.

“Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (2-фаза): COVID-19га жооп” долбоору Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан IDLO менен биргеликте ишке ашырылууда жана ЕРӨБ тарабынан каржыланат.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>