Медиаторлордун Республикалык коомчулугунун (МРК) жаңыланган www.mediator.kg сайты керекитүү медиаторду издөөнү жана тандоону жеңилдетет.

Бул тууралуу МРКнын жетекчиси Ракыя Рахматова билдирди.

«Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана IDLO колдоосу менен коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун алкагында биздин сайтыбыз жакшыртылды. Биз сайттын мобилдик версиясын ишке киргиздик, медиаторлордун жалпы республикалык реестрин өнүктүрдүк», — деди Ракыя Рахматова. МРК сайтынын администратору Гүлнур Жусупова билдиргендей, эми ар бир медиатор www.mediator.kg сайтында жеке кабинетин түзүп, профессионалдык портфолио толтурууга мүмкүнчүлүк бар.

«Учурда биз медиаторлорду жаңыланган сайт менен иштөөнү үйрөтүп жатабыз», – дейт Жусупова.Окутуу республиканын бардык аймактарында иштеген медиаторлор үчүн мамлекеттик жана расмий тилде онлайн режиминде өтөт. Улуттук медиация борборунун Оштогу филиалынын директору Авазбек Шамшиев инновациянын маанилүүлүгүнө токтолду.

«Интернет мейкиндигинде өзүбүздү таанытуу биз үчүн өтө маанилүү: биз өзүбүздүн аймактын чек аралары жана жеке байланыштар чөйрөсү менен чектелбейбиз. Мен МРК сайтында жеке кабинет ачып, сертификаттарды, сүрөттөрдү жүктөө, жетишкендиктер жөнүндө маалымат таратууга мүмкүн болгонуна кубанычтамын. Медиаторлорду окутуу системдүү болуш керек», – деп эсептейт Шамшиев.

Медиаторду издөөнү жана алардын кызматына муктаж болгондор үчүн тандоону жеңилдетет. Эми медиаторду алардын адистиги, аймыгы, тил жана башка критерийлерга ылайык тапса болот.  Толук маалыматты медиатордун профессионалдык портфолиосунан  таанышууга болот.

IDLOнун Кыргыз Республикасындагы директору Дилбар Максимбекова медиацияны өнүктүрүү долбоору медиацины колдоо эатптарын айтып берди.

««Кыргызстанда медиацияны өнүктүрүү долбоору 2017-жылы башталган. Долбоордун биринчи фазасы медиаторлорду окутууга, координациялык органды – Республикалык медиаторлор коомун түзүүгө жана айрым коммерциялык талаштарды чечүүгө мүмкүндүк берди. Долбоордун экинчи фазасынын максаты – чакан жана орто бизнес үчүн коммерциялык медиацияны колдонууну илгерилетүү жана жеңилдетүү боюнча Кыргызстандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү. Ийгиликке жетүү үчүн коомчулуктун медиация боюнча маалымдуулугун, биринчи кезекте медиаторлор негизги ресурсу – www.mediator.kg сайты аркылуу өнүктүрүү  зарыл», — деди Максимбекова.

Учурда 250 ашык медиаторлор Реестрде катталган.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>