17, 18-мартта медиаторлор үчүн маркетинг кызматтары жана медиаторлордун жаңыланган www.mediator.kg сайтында жалпы республикалык реестри менен иштөө боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Тренинг коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (EBRD) менен Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюму (IDLO) жана Медиаторлордун коомдоштугу менен биргеликте өткөрүлдү.

Онлайн жана оффлайн режиминде өткөн тренингдин биринчи күнүндө тажрыйбалуу тренер Улан Мухамед медиаторлорго маркетингдин негизги ыкмаларын үйрөттү. Катышуучулар медиатордун кызмат көрсөтүү рыногун талдоо жана сегментациялоо, жеке брендин жана өз кызматтарын натыйжалуу кардарларга билгизүү ыкамаларын менен таанышты.Тренингдин экинчи күнүндө катышуучулар Медиаторлордун коомдоштугугун  www.mediator.kg сайтындагы жаңылануулары менен таанышышты. Азыр сайттын мобилдик версиясы түзүлдү, жаңы функциялар медиаторлорго Жеке кабинетке кирүүгө жана портфолиосун – резюмелерди, сүрөттөрдү, сертификаттарды толтурууга мүмкүндүк берет.

Бул өз кезегинде талаш-тартышты же чыр-чатакты медиация жолу менен чечүүнү каалагандар үчүн медиаторду издөөнү жана тандоону жеңилдетет. Медиатор Эльвира Боромбаева «азыр www.mediator.kg сайты ыңгайлуу жана эффективдүү болуп калды» деп билдирди. Веб-сайтты сапаттуу жаңылоо жана медиаторлорду окутуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (EBRD) менен Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюму (IDLO) “Кыргыз Республикасындагы коммерциалык медитация: (фаза II ) COVID – 19га жооп”  долбоордун алкагында  Медиаторлордун коомдоштугу менен биргеликте өткөрүлдү.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>