Кризис учурунда тобокелдиктерди азйтуу жана бизнести коргоо үчүн ишкерлер экономикалык көрсөткүчтөрдү гана талдабастан, конфликттик кырдаалдардан чыгуунун натыйжалуу жолдорун да изилдешет.

Пандемиядан келип чыккан кризистер, өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы саясий кырдаал экономикага таасирин тийгизүүдө. Азыркы кырдаалда Кыргыз Республикасынын ИДПсынын 38,5%ын камсыз кылган чакан жана орто бизнес оор абалда болууда.

Статистика ылайык 2020-жылдагы пандемия учурунда кичи жана орто бизнес тарабынан түзүлгөн дүң кошумча нарктын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 13% азайган.

Кризис учурунда пайда болгон талаш-тартыштарды конструктивдүү жолу менен чечүү, финансылык жана репутациялык жоготууларды минималдаштыруу өзгөчө мааниге ээ болот. Коммерциялык талаш-тартыштар жана чыр-чатактар ​​келип чыккан учурда ишкерлер сотко кайрылууга же болбосо альтернативдүү арбитраж же медиация жолу менен менен чечүүгө укуктуу. Кыргызстанда медиация жаңы институт болгондуктан бизнес өкүлдөрү медиациянын артыкчылыктарын жетиштүү деңгээлде билишпейт.

2018-жылы кабыл алынган медиация жөнүндө мыйзам үй-бүлөлүк, эмгектик, коммерциялык талаш-тартыштарды ыктыярдуулук, купуялуулук жана бейтараптык принциптерин сактоо менен чечүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Медиатор тараптарга макулдашылган чечимди иштеп чыгууга жана тынчтык келишимине жетишүүгө жардам берет.

Коммерциялык медиация күнөлүүнү табууга эмес, экономикалык жоготууларды кыскартып, жокко чыгарып жана бизнесте өнөктөштүктү сактоого менен бирге конструктивдүү чечимди табууга багытталган. Мындай мамиле медиация келишимин ыктыярдуу аткаруунун жогорку деңгээлин камсыз кылат. Медиация мамлекет же мамлекеттик органдар менен талаш-тартыштарды чечүүдө колдонулбайт. Кыргызстанда медиация келишими зарыл болгон учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм (IDLO) биргеликте ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (2-фаза): COVID-19га жооп» долбоорунун алкагында чакан жана орто бизнеске коммерциялык талаштарды чечүүдө жардам берет. Ишкелер үчүн бизнес-медиатордун кызматына кеткен чыгымдарды долбоор толугу менен колдоп берет.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>