Көптөгөн талаш-тартыштарды караган соттор медиация укугун такташат.

21-22-апрель күндөрү Бишкек шаарында жергиликтүү соттордун судьялары үчүн “Медиациянын негиздери. Соттук териштирүүдө ролу” тренинги Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана IDLOнун колдоосунда коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 

Тренингдин максаты – медиация боюнча ар тараптуу билим берүү: медиациялык кырдаалдардын критерийлерин аныктоону үйрөтүү, талаш-тартышты медиацияга берүүнү жол-жоболоштуруунун процесстик эрежелерин үйрөнүү жана медиациянын жыйынтыгын консолидациялоо.

Калыстын машыгуусу

Мыйзамга ылайык, медиация тараптардын ыктыярдуулугу, кызматташуусу жана тең укуктуулугу, бейтараптуулук жана конфиденциалдуулук принциптеринин негизинде ишке ашырылат. Тараптарды маалыматтык жолугушууга жөнөтүү ыктыярдуулук принцибин бузбайт, анткени жолугушууда медиатор медиация жол-жобосу жөнүндө эң толук маалыматты берет жана тараптар медиацияны же сотту тандоону өз алдынча чечет.

Урал мамлекеттик юридикалык университетинин медиация борборунун жетектөөчү эксперти, медиатор Галина Шереметованын айтымында, соттор активдүү иштеп жаткан учурда медиацияны практикалык колдонуу күч алууда.

Свердлов районунун судьясы Галина Шин медиацияны өнүктүрүү соттордун жүгүн азайтат деп ишенет.

Медиация чыр-чатакты чечүүгө кантип жардам берет?

Конфликттүү кырдаалды чечүүдө судьялар мыйзам үстөмдүгү менен чектелет, ал эми медиатор ийкемдүү боло алат.

 «Менин соттук практикамда ата менен кыздын ортосунда мурасты бөлүштүрүү боюнча үй-бүлөлүк чыр чыккан. Биз аларды медиатор менен маалымат жыйынына жөнөттүк. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, тараптар мүлк талашын чечүүгө гана эмес, ошондой эле жакшы, үй-бүлөлүк мамилелерди калыбына келтире алышкан. Тараптардын вербалдык эмес жүрүм-туруму ортомчуга атасы да, кызы да башка адамдардын күчтүү таасири астында экенин түшүнүүгө мүмкүндүк берген. Медиатор жакындарын медиация процедурасына тартты, алар биргелешип мурас маселесин чече алышты, бирок эң негизгиси үй-бүлөлүк мамилелерди калыбына келтирүү», – деди Шин.

Медиаторду кантип тапса болот?

Соттордун негизги суроолорунун бири тараптарды кайсы медиаторго кайрылуу керек? Медиаторлордун республикалык реестринин www.mediator.kg сайтындагы маалыматы боюнча , 400дөн ашык медиатор Республикалык медиаторлор коомуна (РМК) мүчө. Ошол эле учурда РМКга мүчө болбостон иштеген медиаторлор да арбын. Судьялар аймактарда медиаторлордун жетишсиздигин белгилешүүдө.

«Учурда болуп жаткан бардык көйгөйлөр практикалык иштердин жүрүшү менен жоюлат деп ойлойм. Тараптардын медиациялык жолугушууга жигердүү кайрылуусу медиацияны өнүктүрүүгө, практикалык тажрыйбаны өнүктүрүү аркылуу медиаторлордун кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт», – деди Шин.

Кыргыз Республикасындагы IDLO уюмунун директору Дилбара Максимбекова ЕРӨБ жана IDLO программасы коммерциялык медиацияны өнүктүрүү аркылуу Кыргызстанда укуктук чөйрөнү жакшыртуу максатында судьяларды жана медиаторлорду окутууда ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн айтат.

«Коммерциялык талаш-тартыштарды ийгиликтүү чечүү өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун ачкычы», – деп эсептейт Максимбекова.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>