21-22-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин имаратында жергиликтүү соттордун судьялары үчүн “Медиациянын негиздери. Соттук териштирүүдө ролу” окутуусу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана IDLO тарабынан “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиацияны өнүктүрүү (2-фаза): COVID-19га жооп берүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Элмира Байтикова куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда медиацияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

IDLO филиалынын директору Дилбар Максимбекова белгилегендей, уюм 2005-жылдан бери сот системасы менен негизги багыттар – судьяларды комплекстүү окутуу, санариптик технологияларды киргизүү боюнча кызматташып келет.

«Учурда ЕРӨБ менен биргеликте Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияны өнүктүрүү боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Коммерциялык талаш-тартыштарды ийгиликтүү чечүү өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун ачкычы болуп саналат», – деди Максимбекова.

Көптөгөн талаш-тартыштарга дуушар болгон сот медиация процедурасы боюнча түшүндүрмөлөрдү бере алат жана тараптарды медиатор менен маалыматтык жолугушууга багыттай алат.

Бул тууралуу тренерлер Урал мамлекеттик юридикалык университетинин медиация борборунун жетектөөчү эксперти, медиатор, Урал мамлекеттик юридикалык университетинин жарандык процесс кафедрасынын доценти Галина Шереметова жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Галина Шин билдирди. Эки күндүн ичинде катышуучулар медиациянын негиздери жана анын сот өндүрүшүндөгү ролу тууралуу маалымат алышты.

«Судьялар тараптарды медиатор менен маалыматтык жолугушууга качан жөнөтүү керектигин, түшүндүрмөлөрдү кантип берүү керектигин түшүнүшү керек жана медиация жолугушууларынын жыйынтыктарын жана жол-жоболорун документтештире билиши керек», – деди Шереметова.

Тренинг аяктагандан кийин катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>