Улуттук медиация борборунун Ош шаарындагы филиалынын жетекчиси Авазбек Шамшиев медиация ыкмаларын мыкты колдонуп сотто каралып келген талашты чечип, андан сырткары- тараптардын ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүгө жол ачты.

Убагында Авазбек Шамшиевге ар кыл тармактарда иштөөгө туура келген: Космос изилдөө институтунун конструктордук бюросунда инженер, мамлекеттик кызматтарда, суу менен камсыздоо боюнча биргелешкен ишкананы жетектеп келген. 2019-жылы медиатор деген жаңы кесипти өздөштүрүп, бир канча убакыттан кийин Улуттук медиация борборунун Ош шаарындагы филиалын жетектеди.

Бир нече жыл мурун сот эки тарапты медиацияга жиберишкен.

«Маселенин өзөгү мындай болду: эки дос коңшулаш жерде иштеп жүрүшкөн: биринде унаа жуучу жай, экинчисинде унаа оңдоочу ишкана бар эле. Бирок бир аз убакыттан кийин унаа жуучу жайдын ээси каза болуп, бизнес маркумдун уулуна өткөн. Бир нече убакыттан кийин унаа жуучу ишкансынын ээси эки ишкананын ортосундагы жерди өзүмдүк менчик кылып бөлүп берүүнү талап кылып сотко кайрылган», – дейт ортомчу.

Медиатордун айтымында талаштуу жер тосулган эмес- ал жерден эки ишкер тен колдонушуп, унаа киричүү жол болуп калаган экен. 

Тараптардын кызыкчылыктары

«Маалыматтык жолугушуунун жүрүшүндө мен 2,5 чарчы метр жер тилкеси эмне үчүн азыр чатак болуп калганына түшүнүүгө аракет кылдым. Бир машинаны араң бата турган жер эмнеге ушул учурда талашка себеп болду? Тараптардын мамилесинин курчушуна кайсы факторлор түрткү болду, тараптардын чыныгы кызыкчылыгы эмнеде?», – деген суроолорга жооп идедим дейт Шамшиев.

Шамшиев документтерди, жердин картасын изилдей баштады. Ушул убакытта мурун суу менен камсыздоо долбоорлорунда иштөө тажрыйбасы пайдалуу болду. Көрсө  талаштуу жердин астында суу түтүктөрү  өтүп жатканын экен.  Унаа жуучу жайдын ээси үчүн суу бизнестин гүлдөшүнүн эң маанилүү фактору экени белгилүү болду. Бирок унаа жуучу жайдын ээси жерди тороп койсо, унаа оңдоочу жайга кире бериши жабылмак.

“Медиация учурунда жаңы маалымат ачык чыкты: мындан бир нече ай мурун унаа оңдоочу жайдын ээси жолду оңдоп, бир нече күн сууну бууп, бирок унаа жуучу жайдын ээсине билдирбеген экен. Экинчи тарап буга нааразы болуп сотко кайрылууну чечиптир. Медиациянын жүрүшүндө тараптар бири-бирин түшүнүшүп, келишим түзүштү: алар жэрди торошпойт,  унаа жуучу жайдын ээси – сууну колдонот. Участок, суу түтүгү оңдой турган болсо, бири-бирине алдын ала кабарлашат», – деди Шамшиев ортомчулук келишимдин жыйынтыгы боюнча.

Долбоордун стратегиясы

Ал эми азыр Шамшиев коммерциялык медиацияны өнүктүрүү боюнча долбоорго активдүү катышууга ниеттенүүдө.

“Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (II-фаза): COVID-19га жооп” долбоору Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланат жана Өнүгүү укугу боюнча
эл аралык уюм (IDLO) менен биргеликте ишке ашырылат.

Бул долбоордун алкагында ал буга чейин онлайн медиация боюнча окуудан өткөн жана азыр медиацияны онлайн да, түз жолугушууларда да жүргүзүү үчүн бардык көндүмдөрү бар.

ЕРӨБ жана IDLO коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун жетекчиси Дилбар Максимбекова жакынкы аралыкта медиаторлор менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда маалыматтык жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле соттордо кезек боюнча нөөмөт жүргүзүү  пландалып жатканын маалымдайт.

«Долбоордун негизги максаты – долбоордун алкагында коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Коммерциялык талаш-тартыштарды ийгиликтүү чечүү өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун ачкычы», – деп эсептейт Максимбекова.

Шамшиевдин айтымында, долбоордун  колдоосуу менен медиаторлор үчүн кесипкөйлүгүн жогорулатууга, өнөктөштүк тармагын бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мүмкүндүк ачылат.

mediator.kg

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *
You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>