Кыргызстандык медиаторлорду “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (II фаза: COVID-19га жооп берүү” долбооруна катышууга билдермесин жиберүүгө чакырабыз. Бул долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (EBRD) тарабынан каржыланып жана Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму (IDLO) тарабынан ишке ашырылат.
Бул долбоорго катышуу менен медиаторлор ишкерлерге коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүгө жардам берип, коммерциялык медиатор катары профессионалдык деңгээлин жогорулатып, Кыргызстандагы эң талапту медиаторлордун бири болууга шарт түзүлөт.
Долбоор эки негизги компоненттен турат:
• Чакан жана орто бизнес үчүн коммерциялык медиация программасы.
• Соттордо пилоттук коммерциялык медиация.
Медиаторлор долбоордун бир жэ эки компонентине катыша алат.
Долборрдун биринчи компонентинин алкагында төмөнкүдөй иш чара пландашылган:
- Чакан жана орто бизнестеги ишкерлер менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүү.
- Акы төлөнүүчү коммерциялык медиация жол-жобосун жүргүзүү (медиаторлорго медиация жол-жобосун жүргүзгөндүгү үчүн сый акы төлөө долбоор тарабынан жүргүзүлөт).
Долборрдун экинчи компонентинин алкагында төмөнкүдөй иш чара пландашылган:
- Пилоттук соттордо медиаторлор өздөрү тарабынан иштелип чыккан кезек боюнча нөөмөт жүргүзүү. Пилоттук соттор: Ленин шаардык соту, Ош шаардык соту жана Жалал-Абад шаардык соту.
- Сот тарабынан жиберилген талаштын тараптары менен:
- Маалыматтык жолгуушуну өткөрүү
- Акы төлөнүүчү коммерциялык медиация жол-жобосун жүргүзүү (медиаторлорго медиация жол-жобосун жүргүзгөндүгү үчүн сый акы төлөө долбоор тарабынан жүргүзүлөт).
Долбоорго катышууга кызыкчылыгын билдирип төмөнкү документтерди жиберүү керек:
• Резюме,
• Медиатордун күбөлүгү (көчүрмөө),
• Паспорт (көчүрмөө).
Документтерди danakermir@gmail.com электрондук дарегине же IDLO консультанты Айбек Байтиковго WhatsApp номерине жөнөтүңүз: 0555 90 87 87.
Каттын темасына долбоордун кайсы компонентине катыша турганыңарды белгилеп коюну суранабыз.
Документтер 16 июндун 2023 ж. чейин кабыл алынат.