Кыргызстанда билим алып алып жаткан ооганстандык Хадия өз өлкөсүндөгү билим алуудагы чектөөлөргө карабастан жашыруун онлайн негизде сабактар уюштурулуп жатканын билдирет. Бирок мындай окутуу усулу да баарына жеткиликтүү эмес.
“Аялдардын билим алуусуна карата тоскоолдуктарга карабай кээ бирдери онлайн курсттар аркылуу билим алып жатышат. Алардын катарында менин бир туугандарым да бар. Мындай онлайн тиркемени түзгөндөр, алып баргандар – мен сыяктуу сырттан билим алып жүргөн ооган студенттер. Базалык билим берген бул сабактар Талибандардан жашыруун жүргүзүлөт. Эгер алар ачыкталып кала турган болсо, катуу жазага алынары бышык. Мындай окуу түрү дагы баарына жеткиликтүү эмес – ата-энелеринин караңгылыгы, интернеттин кымбаттыгы (wi fi айына 3000 афгани-3870сом), өлкөдөгү экономикалык кризис ж.б. көптөгөн факторлор тассирдүү роль ойнойт”,-дейт студент.
Талибдер Ооганстанда аялдардын бири-бири менен сүйлөшүүсүнө тыюу салды.
Ооганстанда жакшылыкты жайылтуу жана бузукулуктун алдын алуу министрлиги аялдарга башка аялдар менен ачык сүйлөшүүгө тыюу салды. Бул туурасында 26-октябрда аталган департаменттин башчысы Мохаммад Халед Ханафи билдиргенин Аму ТВ телеканалы жарыялады[1].
Мыйзамда аялдарга Куранды үн чыгарып окууга жана башка аялдардын көзүнчө намаз окууга тыюу салынган бөлүктөр да бар. Тыюу “Талибандын” коомдук транспорт, музыка, сакал кыруу жана майрамдар сыяктуу Ооганстандагы күнүмдүк турмуштун аспектилерин камтыган жамандыктар жана жакшылыктар жөнүндөгү мыйзамдардын биринчи расмий декларациясында камтылган.
БУУнун билдирүүсүндө Талибан аялдар менен кыздардын автономиясын, укуктарын жана күнүмдүк жашоосун түздөн-түз бутага алган кеминде 70 жарлык жана директиваларды чыгарды[2]. Бул репрессиялык чөйрө ооган аялдарынын жашоо сапатынын кескин начарлашына алып келди, бул тууралуу ар кандай маалымат булактары жана ооган аялдарынын жеке көрсөтмөлөрү билдирди.
Ооган аялдары Талибан бийликти басып алгандан үч жылдан кийин
2021-жылдын августунда «Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду басып алган. Ага чейин өлкөдөгү дээрлик бардык аймактарга көзөмөл орноткон.
Талибдер баш калааны басып алгандан кийин алгачкы билдирүүлөрүндө шарияттын негизинде инклюзивдүү өкмөт түзөрүн, аялдардын укугу “ислам алкагында” урматталарын билдирген.
1996-2001-жылдары талибдер Ооганстанды башкарып турганда аялдарга күйөөсү же эркек туугандарынын коштоосу жок көчөгө чыгышына тыюу салынган. (ссылка на источник) Алардын билим алуусу жана жумушка орношуусуна катаал чектөөлөр болгон. Аялдар денесин толугу менен жаап, оронуп жүрүүгө милдеттүү болчу. Мындай талаптарды аткарбагандар өлүм жазасына тартылган.
Аялдардын укуктарынын абалы Талибтердин бийлиги тушунда
Талибан аялдарга билим алууга жана көпчүлүк кесиптерге тыюу салуу сыяктуу чектеген гендердик нормаларды институтташтырышты жана аларды расмий жарлыктарда бекитишти. Бул чаралар аялдардын коомдук жайларга, анын ичинде сейил бактарга, спорт залдарына барууга жана коомдук жайда бири-бири менен сүйлөшүүсүнө тыюу салууга чейин жетти.
2021-жылдын декабрындагы токтомго ылайык, аялдар үйдөн 77 чакырым алыстыкта жүргөндө эркек тууганынын коштоосунда болушу керек (ресурс). Жалгыз сыртка чыккан аялдар текшерүү пункттарында суракка жана куугунтукка кабылышы мүмкүн. Жакын эркек тууганы жоктордун, мисалы, уулу же бир тууганы жок жесирлердин абалы оор. Алар тамак-аш да сатып ала алуу үчүн өз коопсуздугун тобокелге салышат.
АльАрабия (гиперссылка) медиасы билдиргендей, 2022-жылы талибан кыймылы тарабынан түзүлгөн ооган өкмөтү бардык жергиликтүү жана чет элдик бейөкмөт уюмдарга аялдардын иштөөсүнө тыюу салган. Тыюу алардын айрымдарынын исламдагы кийим үлгүсүн сактабаганы менен түшүндүрүлөт.
БААУда[3] окуган ооган студент Хадиянын айтуусунда мындай чектөөлөр мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого мажбур кылат.
“Кадимки ооган үй-бүлөлөр жалпысынан көп балалуу. Алардын арасында жесир калып, төрт, сегиз, он балага чейин жалгыз каржылаган энелер бар. Аялдар иштеген айлык 5000 афганини (6450 сом) ашпашы керек. Мындай сумма күнүмдүк кем-каржыга жетпейт. Ошол себептүү мыйзамсыз жумуштарды жасаганга аргасыз болушат. Көп балалуулар балдарын, кээде өз органдарын да саткан фактылар да кездешет”,-дейт ал.
Ооганстанда аялдарга жана кыздарга билим алууга уруксат барбы?
2021-жылдын августунан бери талиптер Ооганстанда аялдар менен кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн системалуу түрдө тыюу салып, барган сайын катаал чектөөлөрдү киргизип келет. Кыздарга биринчи жолу 2022-жылдын мартында орто мектептерге окууга тыюу салынып, ошол эле жылдын декабрь айында университеттерден четтетилген. 2023-жылдын январына чейин Талибан кыздардын университетке кирүү экзамендерин тапшыруусуна тыюу салып, репрессиялык көзөмөлүн дагы күчөттү.[4]
Бул чаралардын таасири менен мектепке кабыл алуу кескин кыскарып абалды андан ары курчутту. БУУнун жазган статитикага таянсак[5], 2023-жылдын апрелине карата мектеп жашындагы кыздардын жана жаш аялдардын 80 пайызы, анын ичинде 1,1 миллион орто мектеп жашындагы кыздар мектепке барбай калышты. Башталгыч мектептер кыздар үчүн ачык бойдон калганы менен, ооган кыздарынын дээрлик 30 пайызы социалдык-маданий нормалардан, чоң чыгымдардан жана коопсуздук байланыштуу көйгөйлөрүнөн улам башталгыч билим ала элек.
Аялдардын жана кыздардын укуктарына байланыштуу чектөөлөр келечек муундарга таасирин тийгизери анык. UN Women жүргүзгөн талдоо көрсөткөндөй[6], 2026-жылга карата мектепке барбаган 1,1 миллион кыздын жана университетке барбаган 100 000ден ашык аялдын таасири эрте төрөттүн 45 пайыз жана аялдардын өлүм көрсөткүчүнүн 50 пайызга чейин өсүшүнө алып келет.
Эгерде аялдардын билим алуусундагы чектөө ушул абалда уланса, ооган экономикасы 2066-жылга карата 9,6 миллиард АКШ долларын жоготот. Ал бүгүнкү ички дүң продуктунун үчтөн экисине барабар.
Мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар үчүн абал андан да оор, алардын болжолдуу 80 пайызы билим алууга таптакыр мүмкүнчүлүгү жок.
Талибан бийлиги алдында аялдар коомдук иштерден толугу менен алыстаган. Алардын укугун чектеген мыйзамдар коомдогу кризисти андан ары тереңдетет.
Global Gender Gap Index отчетуна ылайык, 2022-2023-жылдары 146 өлкөнүн ичинен Ооганстан гендердик ажырым боюнча 146-орунда турган[7]. 2024-жылы уюм саясаттагы аялдардын үлүшү жок деп эсептеп, тизмеге да кошкон эмес[8].
Дүйнө туруктуу өнүгүү максаттары менен Пекин Декларациясын жана Иш-аракет Платформасын ишке ашыруу аркылуу тең укуктарга карай кадам таштап жатканда, Ооганстанда гендердик теңсиздик оор көйгөй бойдон турат.
Аялдар кордолгон өлкөнүн келечеги бүдөмүк. Ооган кыздары дуйнө коомчулугу Талибанды жоопкерчиликке тартабы деп суроо салууда.
Автор: Алина Маматова
[1] https://amu.tv/133207/
[2] https://eca.unwomen.org/ru/stories/explainer/2024/08/chasto-zadavaemye-voprosy-afganskie-zhenschiny-spustya-tri-goda-posle-zakhvata-vlasti-talibanom
[3] https://www.auca.kg/kg/auca_at_a_glance/
[4] https://www.reuters.com/world/asia-pacific/afghan-female-students-not-allowed-sit-university-entrance-exam-taliban-ministry-2023-01-28/
[5] https://eca.unwomen.org/ru/stories/explainer/2024/08/chasto-zadavaemye-voprosy-afganskie-zhenschiny-spustya-tri-goda-posle-zakhvata-vlasti-talibanom
[6] https://www.unwomen.org/sites/default/files/2024-08/resolve-of-afghan-women-in-the-face-of-erasure-three-years-since-the-taliban-takeover-en.pdf
[7] https://www3.weforum.org/docs/WEF_GGGR_2023.pdf
[8] https://www3.weforum.org/docs/WEF_GGGR_2024.pdf
“Пикир” рубрикасында автордун стилистикасы сакталат.
Автор материалдыгы маалыматка жеке жоопкер.