2023-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин имаратында судьялар үчүн «Медиациянын негиздери. Соттук териштирүүдө медиация (коммерциялык медиация) бир күндүк тренинг өтүп жатат.

Тренингдин максаты – судьяларды соттук талаш-тартыштардын медиацияга жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана тараптарды медиацияга жөнөтүү, ошондой эле жарандык сот өндүрүшүндө медиациянын натыйжаларын жол-жоболоштурууга үйрөтүү.

Медиациянын өнүгүшү судьялардын жүгүн азайтып, сот тутумунун иштөө сапатын жогорулатат. Медиация талаш-тартыштын тараптарына өз кызыкчылыктарын эске алуу менен талашты чечүүгө мүмкүндүк берет.

Семинар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Эл аралык Өнүктүрүү Укук Уюмунун (IDLO) колдоосу менен “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык ортомчулук 2-фаза: COVID-19га жооп кайтаруу” долбоорунун алкагында жана USAID  “Укук Булагы” долбоору менен бирге өткөрүлүүдө.

IDLO филиалынын өлкө боюнча консультанты Дилбар Максимбекова билдиргендей, судьяларды окутуу Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун II фазасынын маанилүү компоненти болуп саналат.

«Бизнес коомчулугунун медиацияга болгон талабы көбүнчө судьянын тараптарга талашты медиация жолу менен чечүү мүмкүндүгү жөнүндө канчалык так жана жеткиликтүү түшүндүрүп бергенине жараша болот», – деди Максимбекова.

Судьяларды окутуу үчүн тажрыйбалуу тренерлер чакырылган: Каримова Рахат Абдылдаевна, Бишкек шаардык сотунун судьясы, Шин Галина Алексеевна, Ош шаардык сотунун судьясы, ф.и.к.

Курстун катышуучулары соттук талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары медиация тууралуу толук маалымат алышты жана медиациянын процессуалдык аспектилерин үйрөнүштү. Практикалык окууда теориялык билимдер бекемделди.

Дилбар Максимбекова сотто Пилоттук медиация программасы тууралуу айтып берди, Долбоор менен кызматташкан жана коммерциялык медиация процедурасын жүргүзүүгө даяр медиаторлордун тизмесин берди. Ошол эле учурда долбоордун алкагында ишкерлер медиатордун кызматын бекер ала алышат, анткени бул категориядагы чыгашалар ЕРӨБ жана ИДЛОнун коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоору тарабынан жабылат.

Тренинг аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Кризис учурунда тобокелдиктерди азйтуу жана бизнести коргоо үчүн ишкерлер экономикалык көрсөткүчтөрдү гана талдабастан, конфликттик кырдаалдардан чыгуунун натыйжалуу жолдорун да изилдешет.

Пандемиядан келип чыккан кризистер, өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы саясий кырдаал экономикага таасирин тийгизүүдө. Азыркы кырдаалда Кыргыз Республикасынын ИДПсынын 38,5%ын камсыз кылган чакан жана орто бизнес оор абалда болууда.

Статистика ылайык 2020-жылдагы пандемия учурунда кичи жана орто бизнес тарабынан түзүлгөн дүң кошумча нарктын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 13% азайган.

Кризис учурунда пайда болгон талаш-тартыштарды конструктивдүү жолу менен чечүү, финансылык жана репутациялык жоготууларды минималдаштыруу өзгөчө мааниге ээ болот. Коммерциялык талаш-тартыштар жана чыр-чатактар ​​келип чыккан учурда ишкерлер сотко кайрылууга же болбосо альтернативдүү арбитраж же медиация жолу менен менен чечүүгө укуктуу. Кыргызстанда медиация жаңы институт болгондуктан бизнес өкүлдөрү медиациянын артыкчылыктарын жетиштүү деңгээлде билишпейт.

2018-жылы кабыл алынган медиация жөнүндө мыйзам үй-бүлөлүк, эмгектик, коммерциялык талаш-тартыштарды ыктыярдуулук, купуялуулук жана бейтараптык принциптерин сактоо менен чечүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Медиатор тараптарга макулдашылган чечимди иштеп чыгууга жана тынчтык келишимине жетишүүгө жардам берет.

Коммерциялык медиация күнөлүүнү табууга эмес, экономикалык жоготууларды кыскартып, жокко чыгарып жана бизнесте өнөктөштүктү сактоого менен бирге конструктивдүү чечимди табууга багытталган. Мындай мамиле медиация келишимин ыктыярдуу аткаруунун жогорку деңгээлин камсыз кылат. Медиация мамлекет же мамлекеттик органдар менен талаш-тартыштарды чечүүдө колдонулбайт. Кыргызстанда медиация келишими зарыл болгон учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм (IDLO) биргеликте ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (2-фаза): COVID-19га жооп» долбоорунун алкагында чакан жана орто бизнеске коммерциялык талаштарды чечүүдө жардам берет. Ишкелер үчүн бизнес-медиатордун кызматына кеткен чыгымдарды долбоор толугу менен колдоп берет.

Көптөгөн талаш-тартыштарды караган соттор медиация укугун такташат.

21-22-апрель күндөрү Бишкек шаарында жергиликтүү соттордун судьялары үчүн “Медиациянын негиздери. Соттук териштирүүдө ролу” тренинги Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана IDLOнун колдоосунда коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 

Тренингдин максаты – медиация боюнча ар тараптуу билим берүү: медиациялык кырдаалдардын критерийлерин аныктоону үйрөтүү, талаш-тартышты медиацияга берүүнү жол-жоболоштуруунун процесстик эрежелерин үйрөнүү жана медиациянын жыйынтыгын консолидациялоо.

Калыстын машыгуусу

Мыйзамга ылайык, медиация тараптардын ыктыярдуулугу, кызматташуусу жана тең укуктуулугу, бейтараптуулук жана конфиденциалдуулук принциптеринин негизинде ишке ашырылат. Тараптарды маалыматтык жолугушууга жөнөтүү ыктыярдуулук принцибин бузбайт, анткени жолугушууда медиатор медиация жол-жобосу жөнүндө эң толук маалыматты берет жана тараптар медиацияны же сотту тандоону өз алдынча чечет.

Урал мамлекеттик юридикалык университетинин медиация борборунун жетектөөчү эксперти, медиатор Галина Шереметованын айтымында, соттор активдүү иштеп жаткан учурда медиацияны практикалык колдонуу күч алууда.

Свердлов районунун судьясы Галина Шин медиацияны өнүктүрүү соттордун жүгүн азайтат деп ишенет.

Медиация чыр-чатакты чечүүгө кантип жардам берет?

Конфликттүү кырдаалды чечүүдө судьялар мыйзам үстөмдүгү менен чектелет, ал эми медиатор ийкемдүү боло алат.

 «Менин соттук практикамда ата менен кыздын ортосунда мурасты бөлүштүрүү боюнча үй-бүлөлүк чыр чыккан. Биз аларды медиатор менен маалымат жыйынына жөнөттүк. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, тараптар мүлк талашын чечүүгө гана эмес, ошондой эле жакшы, үй-бүлөлүк мамилелерди калыбына келтире алышкан. Тараптардын вербалдык эмес жүрүм-туруму ортомчуга атасы да, кызы да башка адамдардын күчтүү таасири астында экенин түшүнүүгө мүмкүндүк берген. Медиатор жакындарын медиация процедурасына тартты, алар биргелешип мурас маселесин чече алышты, бирок эң негизгиси үй-бүлөлүк мамилелерди калыбына келтирүү», – деди Шин.

Медиаторду кантип тапса болот?

Соттордун негизги суроолорунун бири тараптарды кайсы медиаторго кайрылуу керек? Медиаторлордун республикалык реестринин www.mediator.kg сайтындагы маалыматы боюнча , 400дөн ашык медиатор Республикалык медиаторлор коомуна (РМК) мүчө. Ошол эле учурда РМКга мүчө болбостон иштеген медиаторлор да арбын. Судьялар аймактарда медиаторлордун жетишсиздигин белгилешүүдө.

«Учурда болуп жаткан бардык көйгөйлөр практикалык иштердин жүрүшү менен жоюлат деп ойлойм. Тараптардын медиациялык жолугушууга жигердүү кайрылуусу медиацияны өнүктүрүүгө, практикалык тажрыйбаны өнүктүрүү аркылуу медиаторлордун кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт», – деди Шин.

Кыргыз Республикасындагы IDLO уюмунун директору Дилбара Максимбекова ЕРӨБ жана IDLO программасы коммерциялык медиацияны өнүктүрүү аркылуу Кыргызстанда укуктук чөйрөнү жакшыртуу максатында судьяларды жана медиаторлорду окутууда ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн айтат.

«Коммерциялык талаш-тартыштарды ийгиликтүү чечүү өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун ачкычы», – деп эсептейт Максимбекова.

21-22-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин имаратында жергиликтүү соттордун судьялары үчүн “Медиациянын негиздери. Соттук териштирүүдө ролу” окутуусу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана IDLO тарабынан “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиацияны өнүктүрүү (2-фаза): COVID-19га жооп берүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Элмира Байтикова куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда медиацияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

IDLO филиалынын директору Дилбар Максимбекова белгилегендей, уюм 2005-жылдан бери сот системасы менен негизги багыттар – судьяларды комплекстүү окутуу, санариптик технологияларды киргизүү боюнча кызматташып келет.

«Учурда ЕРӨБ менен биргеликте Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияны өнүктүрүү боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Коммерциялык талаш-тартыштарды ийгиликтүү чечүү өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун ачкычы болуп саналат», – деди Максимбекова.

Көптөгөн талаш-тартыштарга дуушар болгон сот медиация процедурасы боюнча түшүндүрмөлөрдү бере алат жана тараптарды медиатор менен маалыматтык жолугушууга багыттай алат.

Бул тууралуу тренерлер Урал мамлекеттик юридикалык университетинин медиация борборунун жетектөөчү эксперти, медиатор, Урал мамлекеттик юридикалык университетинин жарандык процесс кафедрасынын доценти Галина Шереметова жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Галина Шин билдирди. Эки күндүн ичинде катышуучулар медиациянын негиздери жана анын сот өндүрүшүндөгү ролу тууралуу маалымат алышты.

«Судьялар тараптарды медиатор менен маалыматтык жолугушууга качан жөнөтүү керектигин, түшүндүрмөлөрдү кантип берүү керектигин түшүнүшү керек жана медиация жолугушууларынын жыйынтыктарын жана жол-жоболорун документтештире билиши керек», – деди Шереметова.

Тренинг аяктагандан кийин катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.

2022-жылдын 19-апрелинде КТРКнын имаратында IDLO менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев Меморандумга кол коюу катышуучулар үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирди.

«Коомдун өнүгүүсү жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн күч-аракеттердин биригүүсүн, мыйзамдуу жана адилеттүү мамлекетти калыптандырууга биргелешкен салым кошууну кубаттайбыз», – деди Иманалиев.

IDLOнун Кыргызстандагы директору Дилбара Максимбекова КТРК 90 жылдык чыгармачылык тарыхы бар алдыңкы телерадиокомпания болуу менен Кыргызстандын бардык жашоочулары үчүн социалдык маанилүү маалыматтарды берип жатканын билдирди.

«IDLO – Кыргызстанда 2005-жылдан бери иштеп келе жаткан мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуучу өкмөттөр аралык уюм. Учурда биз Кыргызстанда коммерциялык медиацияны өнүктүрүү боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорун ишке ашыруудабыз. Долбоор Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга салым кошот. Калкты укуктук жактан маалымдоо долбоорду ишке ашыруудагы эң маанилүү звено болуп саналат», – деди Максимбекова.

КТРКнын жетекчилиги ошондой эле Кризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору, “Укук булагы”, “Окуу керемет” долбоорлорунун жетекчилери менен меморандумдарга кол коюшту.

2022-жылдын 14-мартында Медиаторлордун Республикалык коомчулугунун (МРК) Кеңешинин жана Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү IDLO уюмунун жетекчиси Дилбар Максимбекова башында турган өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен биргеликте ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (2-фаза): COVID-19га жооп» долбоорунун алкагында кызматташуу потенциалын талкуулашты.

МРК өкүлү Чолпон Өмүракунованын айтымында, ЕРӨБ жана ИДЛОнун программалык колдоосу менен өлкөдө медиация институтун бекемдөөдө ийгиликтерге жетишилди.

«Коомдун жаңы талаптарын эске алуу менен биз МРК сайтын жакшыртууну чечтик. Программалык колдоо мобилдик версиясы аркылуу Медиаторлордун Улуттук реестрине ыңгайлуу кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө мүмкүндүк берди, ал эми медиаторлор өз кезегинде жеке кабинети аркылуу өздөрүнүн профессионалдык портфелдерин түзө алышат. Бул медиациянын потенциалдуу кардарлары үчүн медиаторду издөөнү жана тандоону жеңилдетет», – деди Өмүракунова.

IDLOнун директору Дильбара Максимбекова Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун 2-фазасын ишке ашыруунун жүрүшүндө МРК менен биргеликте иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.

«Биз чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн коммерциялык медиация темасында маалыматтык семинарларды өткөрүүнү көздөп жатабыз. Талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди эффективдүү чечүү өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүнө жана өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», – деди Максимбекова.

“Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (2-фаза): COVID-19га жооп” долбоору Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан IDLO менен биргеликте ишке ашырылууда жана ЕРӨБ тарабынан каржыланат.

Медиаторлордун Республикалык коомчулугунун (МРК) жаңыланган www.mediator.kg сайты медиаторду издөөнү жана тандоону жеңилдетет.

2022-жылдын 18-мартында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Кыргыз Республикасындагы IDLO уюмунун колдоосу менен коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун алкагында МРК менен биргеликте медиаторлор үчүн жаңыланган ресурс менен иштөө боюнча тренинг өткөрүлдү.

Эми МРК веб-сайты мобилдик версияда жеткиликтүү жана бардык түзмөктөргө ылайыкташтырылган. Медиаторлор жакында жеке кабинетин ачып, резюмесин, сертификаттарын, адистигин көрсөтүү менен ж.б. жүктөө менен профессионалдык портфелдерин толтура алышат.

______________________________________________________________________

Расмий статистикага ылайык  , 2020-жылы 1000 адамга 1102 уюлдук телефон туура келет.

________________________________________________________________________

IDLOнун Кыргыз Республикасындагы директору Дилбар Максимбекова инновациялардын негизги максаты медиаторду издөөнү жана алардын кызматына муктаж болгондор үчүн тандоону жөнөкөйлөтүү экенин айтат.

«Кыргызстанда медиацияны өнүктүрүү долбоору 2017-жылы башталган. Долбоордун биринчи фазасы медиаторлорду окутууга, координациялык органды – Республикалык медиаторлор коомун түзүүгө жана айрым коммерциялык талаштарды чечүүгө мүмкүндүк берди. Долбоордун экинчи фазасынын максаты – чакан жана орто бизнес үчүн коммерциялык медиацияны колдонууну илгерилетүү жана жеңилдетүү боюнча Кыргызстандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү», – деди Максимбекова.

Коммерциялык медиациянын өзгөчөлүгү эмнеде?

Коммерциялык медиация – талаштарды сотторго караганда тезирээк жана үнөмдүү чечүүнүн альтернативалуу механизми. Медиатор тараптарга чыр-чатакты сүйлөшүү жолу менен өз ара алгылыктуу чечүү жолун табууга жардам берет. Тараптар өз ара алгылыктуу келишимди иштеп чыгышат жана үчүнчү жактын чечимине баш ийбейт. Бул жерде купуялуулук принциби катуу сакталат.

Эреже катары, коммерциялык медиация талаштардын төрт категориясын камтыйт:

  • бизнес-кардар (керектөөчү талаштар);
  • бизнес – бизнес (келишимдик мамилелерден келип чыккан талаштар);
  • өндүрүш ичиндеги талаштар (иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек талаш-тартыштары, кызматкерлердин ортосундагы талаш-тартыштар ж.б.);
  • корпоративдик талаштар (коомдун мүчөлөрүнүн ортосундагы, акционерлер менен юридикалык жактын ортосундагы талаштар ж.б.).

 

 Эмне үчүн коммерциялык ортомчулукту караштырабыз?

Кыргыз Республикасында соттук териштирүүдө мамлекеттик алым же доо суммасынан 5%га чейинки өлчөмдөгү жыйымдар соттук жыйымдардан ашыкча төлөнүшү керек (Кыргыз Республикасында соттук чыгымдар региондун башка өлкөлөрүнө караганда орто эсеп менен жогору, а ал тургай башка жогорку кирешелүү өлкөлөргө салыштырмалуу).

Долбоордун биринчи фазасы чакан жана орто ишканаларга мамлекеттик алымдарды жана жыйымдарды 130 000 сомго чейин (~ 1500 ИДП) үнөмдөөгө мүмкүндүк берди, мындан тышкары 77% учурда ынтымактуу чечимге жетишүү жана андан кийин эсептешүү келишимдерин ыктыярдуу аткаруунун жогорку деңгээлине жетишүү.

Долбоордун алкагында 35 коммерциялык талаш-тартыш каралып, анын 27си медиация жолу менен ийгиликтүү чечилген.

 

Чакан жана орто бизнеске жардам

ЕРӨБ Чакан бизнес боюнча консалтинг программасынын директору Бакай Жунушов талаш-тартыштарды медиация жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн кубаттайт.

«Биздин программабыздын алкагында биз чакан жана орто бизнеске тышкы консультанттар, эл аралык эксперттер менен ар кандай бизнес тапшырмаларды аткарууга жардам беребиз. Биздин бенефициарлар ар кандай тармактардан келишет – маркетинг, стратегия ж.б. Кээде талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыгышы мүмкүн, алар соттон тышкары, коммерциялык медиация жолу менен чечилет», – деп эсептейт Бакай Жунушов.

Коммерциялык медиацияны өнүктүрүү боюнча ЕРӨБ-ИДЛО долбоору ишкерлерге коммерциялык медиатордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарынан качууга мүмкүндүк берет, анткени бул чыгымдар долбоордун эсебинен жабылат.

Баткен облусунун тургуну Хаит Айкынов өткөн жылы USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасы тарабынан каржыланган “Базалык медиатор” курсун аяктап, аксакалдар сотунун мүчөсү катары талаш-тартыштарды чечүүнүн жаңы моделдерин үйрөнүүнү каалаган.

«Медиация ыкмасы мүмкүнчүлүктөрдүн спектрин кеңейтет, эң негизгиси тараптардын жоопкерчилигин жогорулатып, акыркы чечимди өздөрү кабыл алууга мажбурлайт», – дейт Айкынов.

Медиатордун айтымында, дал ушул жаңы билим ага эки коңшунун ортосундагы 20 жылдан ашык убакытка созулган талашты ийгиликтүү чечүүгө мүмкүндүк берген.

«Мындан 20 жыл мурун Баткен шаарынын тургундары жер үлүштөрүн алышкан. Тандалган жерлердин бири негизги жолдун жанында жайгашкан. Бул жерге Баткен шаарынын тургуну унаа оңдоочу жай курган. Бизнес өнүгө баштады: жакшы жайгашуу ийгиликтин факторлорунун бири болуп калды. Бирок бир нече жыл өткөндөн кийин картаны ийне-жибине чейин изилдеп чыкканда, унаа оңдоочу жайдын ээси объектти бөтөн жерге курган экен. Албетте, мыйзамдуу ээси кирешелүү жер тилкесин талап кыла баштады», – дейт Айкынов.

Анын айтымында, тургундар алгачкы этапта картаны кылдат изилдеп чыгышы керек болчу.

«Бирок андан кийин айыл тургундары өздөрүнүн мыйзамдуу нигилизминен улам майда-чүйдөсүнө чейин айтпай эле участоктордун болжолдуу чек арасын белгилешкен, айрыкча участоктор бири-бирине жанаша тургандыктан. Бирок бир нече жыл өткөндөн кийин, жердин мыйзамдуу ээси, үй курууга уруксат чогултуу, карта менен дал келбестигин тапкан. Ошондон кийин ал мыйзамдуу чек араларды белгилөөнү талап кыла баштады», — деп түшүндүрөт Айкынов.

Бирок, аны кайтаруу оңой болгон жок: авто оңдоочу жайдын ээси бизнести өнүктүрүү үчүн көп акча салган деп эсептеген. Коңшулардын ортосундагы талаш туңгуюкка жеткен – эки тарап тең эпке келгиси келген эмес.

«Андан кийин тараптар сотко кайрылышкан. Бирок судья аларга медиатор менен байланышууну сунуштады», – деп белгилейт Айкынов.

Медиациянын жол-жобосу бир айга созулуп, жыйынтыгында тараптар бир бүтүмгө келишкен: авто оңдоочу жайдын ээси жерди мыйзамдуу ээсине кайтарып берет, бул жерди өз эсебинен курчоого алат, ал эми анын мыйзамдуу ээси авто оңдоочу жайдын ээсине кайтарып берет, жерди 20 жыл бою колдонгону үчүн башкасына доомат койбойт.

«Мындай макулдашуулар сот аркылуу түзүлөөрүн элестетүү кыйын. Анткени, алар бир гана тараптын пайдасына өкүм чыгарышат», — дейт Айкынов.

2018-жылдын февраль айында күчүнө кирген “Медиация жөнүндө” мыйзам Кыргыз Республикасында медиациянын өнүгүшүнө түрткү берди. Бул мезгилде медиаторлор биринчи курултайын өткөрүп, Республикалык медиаторлор коомун (РМК) түзүшкөн.

USAID-IDLOнун Ишенимдүү сот программасы атайын окуу куралдарын жана окутулган медиаторлорду иштеп чыгууга колдоо көрсөткөн. 80ден ашык адам медиация боюнча төрт негизги окуу курсуна жана эки калыбына келтирүүчү медиация тренингине катышты.

Кийинчерээк катышуучулар алган билимдери менен куралданган үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча, атап айтканда, алимент төлөө жана балдарды камкордукка алуу боюнча 23 иш, дагы 9 иш мүлктү бөлүштүрүү жана карызды төлөө маселелери боюнча, бир иш каралып, чечилди. компаниянын эки уюштуруучунун ортосунда бөлүнүшү.

РМКнын жетекчиси Гүлсина Кожоярованын айтымында, медиация институтун өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө Программанын салымы абдан маанилүү болгон.

«Азыр биз медиациянын өнүгүү деңгээлин жаңы баскычка көтөрүүгө даярбыз», – деп эсептейт Кожоярова.

Айкыновдун айтымында, медиация талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Медиация элибиздин менталитетине абдан түшүнүктүү. Аксакалдар соту аксакалдардын бийлигин таанууга негизделет, ал эми медиацияда талаш-тартыш да бейтарап адамдын жардамы менен чечилсе да, акыркы чечимди талаш-тартыштын катышуучулары кабыл алышат. Бул алардын жоопкерчилигин жогорулатат», – деп эсептейт Айкынов.

Ал медиацияны өнүктүрүү коомдогу чыр-чатактарды азайтып, акыры өлкөнүн өнүгүүсүн конструктивдүү нукка бурат деп ишенет.

Асыл Осмоналиева

24-апрелде “Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияны өнүктүрүү” деген темада онлайн талкуу болуп өттү .

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар 2017-жылдын октябрында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕРӨБ) жана IDLOнун колдоосунда башталган «Коммерциялык медиация» долбоорунун жыйынтыктары менен тааныша алышты.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, бизнес-коомчулуктун, медиаторлордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген форматтагы жолугушуу медиаторлор менен ишкерлердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берди.

Медиация аймагы

Кыргызстанда “Медиация жөнүндө” мыйзам 2018-жылдын февраль айында күчүнө кирген, ошол эле жылдын май айында медиаторлор өздөрүнүн биринчи курултайын өткөрүп, Республикалык медиаторлор коомун (РМК) түзгөн.

Өлкөдө коммерциялык медиациянын өнүгүшүнө түрткү болгон “Коммерциялык медиация” долбоордун алкагында республиканын медиаторлор коомчулугун түзүү, медиаторлорду окутуу, ошондой эле калкты, бизнес-коомчулукту медиация боюнча маалымдоодо колдоо көрсөтүлдү, медиация боюнча маалыматтык стенддер КРдин 11 сотуна орнотулду.

Долбоордун колдоосу менен Чүй, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын медиаторлору 35 коммерциялык ишти ийгиликтүү медиация кылышты. РМКнын арбитри Наталья Аленкина вебинардын катышуучуларына долбоордун алкагында жүргүзүлгөн кейс изилдөөлөрдүн анализинин жыйынтыктары менен тааныштырды.

«Долбоордун алкагындагы иштердин жалпы санынын ичинен иштин негизги бөлүгү келишимдик-укуктук мамилелерге, төртөө – эмгек талаштарына, экөө – корпоративдик талаштарга тиешелүү. Ошондой эле, бир иш зыяндын ордун толтуруу, экинчиси бизнести бөлүштүрүү боюнча үй-бүлөлүк чыр-чатакка байланыштуу», – деди Аленкина.

Кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Долбоорго катышкан медиаторлор коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Медиация практикасы тууралуу маалымат ишкерлер тарабынан чоң кызыгууну жаратты.

«Бизнес-акыйкатчы институту, Кыргызстанда буга чейин арбитраждык арбитраж иштейт, айтсаңыз, коммерциялык медиациянын өзгөчөлүгү эмнеде? Медиациялык келишимдин күчү кандай?», – деп суроо салышты бизнес өкүлдөрү вебинардын жүрүшүндө.

Жолугушуунун модератору, Борбордук Азиянын альтернативалык чечимдер борборунун директору Эльвира Боромбаева диалог түзүүгө жардам берди.

Мыйзамга ылайык, медиация тараптардын ыктыярдуулугу, кызматташуусу жана тең укуктуулугу, бейтараптуулук жана конфиденциалдуулук принциптеринин негизинде ишке ашырылат.

Медиатор Лола Кулинова кээде медиация түшүнүгү бурмаланып жатканын тактады.

«Кардарлар акча төлөө менен иштин жакшы натыйжасына ишене алабыз деп ойлошот, бирок андай эмес – медиатор таптакыр бейтарап болушу керек», – деди Кулинова.

Долбоордун алкагында Базалык Медиатор курсун бүтүргөндүктөн, Жеткирүүчүлөр (Өндүрүүчүлөр жана Дистрибьюторлор) Ассоциациясынын Президенти Гүлнара Ускенбаева бизнес-коомчулуктун да, медиаторлордун да өкүлү болду.

Медиация убакытты жана акчаны үнөмдөйт. Сотто иш узакка созулуп каралат, чарбалык талаш-тартыштар боюнча мамлекеттик алым доо арызын бергенде алынат жана бул бир топ ири суммалар. Талаш-тартышты чечүүдө медиатордун акысы талаштын суммасына байланбайт, медиация процедурасы бир топ ылдамыраак. Ал эми медиацияда акыркы чечимди тараптар өздөрү чыгарышат», – деди Ускенбаева.

Медиацияны өнүктүрүү боюнча сунуштар

Медиатор Гүлчехра Мурзакматова белгилегендей, азыр пандемия шартында медиацияны аралыктан өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонуу зарыл.

Кеңири форматта курч маселелерди ачык талкуулоо катышуучуларга бир катар конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Атап айтканда, административдик (салык) талаш-тартыштарда медиацияны колдонуу жана анын чөйрөсүн кеңейтүү максатында медиация жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү сунушталды 

Мындан тышкары, типтүү окутуу программаларын, медиатордук кызматтарды көрсөтүүнүн сапат стандарттарын иштеп чыгуу сунушталат. Ал эми бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүгө басым жасоо менен коомчулукка коммерциялык медиация жөнүндө маалымат берүү маанилүү фактор болуп саналат.

Талкуулоо жолугушуусу IDLO тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана КР Республикалык медиаторлор коому менен өнөктөштүктө Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен уюштурулду.

Асыл Осмоналиева

Эки айдан кийин жаңы Жазык мыйзамдары күчүнө кирет, анын концепциясы сот адилеттигин гуманизациялоо жана жазык иштеринин бардык этаптарында мыйзамдуулуктун катуу сакталышына багытталган.

30-октябрда ExpertCafe форматында жолугушуу мезгилинде укук коргоо органдарынын, прокуратура, адвокатура, академиялык чөйрө жана сот тутумунун өкүлдөрү 2019-жылдын 1-январынан тартып так кандай өзгөрүүлөр болору жана ал өзгөрүүлөр жөнөкөй жарандардын турмушуна кандай таасирин тийгизери тууралуу айтып беришти.

Сот адилеттигин гуманизациялоо

Ошентип, жаңы жазык мыйзамдарында кылымыштар менен жорук-жосундар сыяктуу түшүнүктөр ажыратылып бөлүштүрүлдү. чоң кооптулукту же зыянды келтирбеген аракеттер жорук-жосундарга таандык болду. Ага ылайык жазалоонун түрлөрү да айып, түзөтүү иштери, кызматтан алуу сыяктуу жеңил болуп, эркинен ажыратууга чейин барбайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы жазык мыйзамдарынын координатору, КР ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы Бегалы Пирматов маалымат бергендей, укук коргоо органдарында жаңы жылдан кийин жорук-жосундарды тергөө үчүн алдын ала тергөө бөлүмдөрү уюштурулмакчы.

«Укук коргоо органдарында иштерди оптимизациялоо максатында 625 киши кыскартылды, алардын ордуна 225 штаттык бирдик киргизилет» – деп Пирматов билдирди.

Эксперттер бул жаңылыктын киргизилишин албетте прогрессивдүү жөрөлгө деп таанууда: чоң эмес жана орто кылмыштар үчүн эркинен ажыратуу жаза чарасын эчак кайрап карап чыгуу зарыл эле. Статистика боюнча камалгандардын арасында рецидив 40%ды түзөт, демек, жазалоонун катаал ыкмасы өлкөдөгү жалпысынан криминалдуулуктун күч алуусуна гана алып келет экен.

Жаңы Жазык мыйзамдары кылмыштардын айрым түрлөрү боюнча абакта отуруунун мөөнөтүн кыскартууну караштырууда, бул жагдай авторлордун ою боюнча абактарды күтүү боюнча чыгымдардын азайышына алып келет.

Укук органдары ортосунда ыйгарым укуктар балансы алмашууда

Жаңы жылдан тартып бардык кылмыштар менен жорук-жосундар КЖБР кылмыштра менен жорук-жосундардын бирдиктүү электрондук баазсында милдеттүү түрдө каттоого алынат.

КР Башкы прокурору Азизбек Шукурбеков билдиргендей сотко чейинки өндүрүштүн башталышы, процесстик аракеттер, жазык ишинин жүрүшү сыяктуу материалдар Базага киргизилет.

«Бардык укук органдары ортосунда жасалган кылмыш жөнүндө арыздын жана жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө протоколдун бирдиктүү формасын ишке киргизүү туурасында ведомство аралык буйрукка кол коюлган. Формаларды толтурууда маалымат дароо программага киргизилип турат. Көзөмөлдөгөн прокурорго, ошондой эле процесстин катышуучуларында баамдап турууга уруксат берилет. Маселен, арыздануучу талон менен кодду алып, анын арызы кароонун кайсы стадиясында турганын, ким аны краап жатканын көрө алат», – деп Шукурбеков билдирди.

Ошентип, кылмыштар менен жорук-жосундарды эсепке алуу жана аларды каттоо иштерин укук коргоо органдары алпарат, ал эми мыйзамдуулук менен өз убагында каттоого алынуу көзөмөлүн прокуратура өзүнө алат. Эксперттер тастыктагандай, БРдеги маалыматты өзгөртүүгө же өчүрүүгө мүмкүн эмес.

Тергөөнүн үстүнөн соттук контрол

Жаңы жылдан тартып тергөөчү судьянын институту ишке киргизилүүдө. Тергөөчү судья арыз келип түшкөндөн тартып, иш сотко өткөнгө чейин процесстик аракеттердин мыйзамдуулугун камсыз кылат. Жогорку соттун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө боюнча сектор башчысы Расия Эралиева билдиргендей, тергөөчү судьяга чоң жоопкерчилик жүктөлүп, ага кеңири ыйгарым укуктар берилет.

Дал ушул тергөөчү судья мыйзамдуулукту жана кармоонун негиздүүлүгүн, сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, абоненттер ортосунда байланыштар тууралуу маалыматты алуу, адамдын же кайсы бир жерди аудио-, видеоконтролго алуу сыяктуу атайын тергөө амалдарын жасоо зарылдыгын аныктайт.

Тергөөчү судья көрсөтмөлөрдү депонирлөөнү өткөрө алат, башкача айтканда тараптардын биринин өтүнүчү боюнча күбөнү жана/же жабыр тартканды суракка алууга укуктуу.

Депонирлөө сотко чейин көрсөтмөлөрдү бекитет, дал ушул процедурадан кийин кайталап сурак жүргүзүлбөйт. Депонирлөөнүн башкы максаты – күбөлөрдү жана жабыр тарткандарды коркутуунун алдын алуу, эрезеге жете электердин кошумча психологиялык травмасын күчөтпөө үчүн кайталап суракка албоо болуп саналат.

Мында тергөөчү судья тергөө жүргүзүүгө же шек саналып жаткандын айыптуулугу же айыптуу эместиги тууралуу чечимди соттон чыгарууга укуктуу эмес. Ал жөн гана тергөө аракеттери жүргүлүп жаткан учурда мыйзамдуулуктун сакталышына көз кырын салып турат.

Тажрыйба теорияны ийине жеткирет

Азыр укук коргоо органдары, сот системасы, прокуратура тарабынан донорчу коомчулук менен иштешип, өзүнүн кызматкерлерин окутушууда, пилоттук долбоорлордун 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке ашырылуусун камсыз кылуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Эксперттер айткандай, жазык мыйзамдарындагы белгилүү бир кенемтелер тажрыйбанын жүрүшүндө четтетилет.

«Маселен, Казакстанда жаңы Жазык кодекси ишке киргенден кийин, ага 218 өзгөртүү киргизилген», – деп КР ЖС судьясы Аскат Сыдыков билдирди.

«Биз мүмкүн болуучу тоскоолдуктардан коркконубуздан эле жаңы жазык мыйзамдардын ишке киргизүүлүүсүнө кетенчиктебешибиз керек. Тоскоолдуктардан өтүү зарыл, анткени эски кодекс боюнча жашоо мүмкүн эмес», – дейт Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы Канат Сманалиев, жаңылыктарды иштеп чыккандардын бири.

«Бул мыйзам жөнөкөй адамдардын турмушун жеңилдетет, ал чындап эле гумандуу баалуулуктарды камтыйт», – деди КР ЖС төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев.

Сот тармагы ачык айкын болушуна түрткү берген заманбап технологиялардын негизги тизмеси:

1. Сот чечимдерди ачык жарыялоо

Сот тутумун ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн атайын act.sot.kg порталы түзүлдү. Бул порталда сот иштери, соттук жараяндын убактысы, орду тууралуу маалыматтар жана соттук актылар жарыяланат. Бирок жабык соттук жараяндарда каралган чечимдерди жайгаштырууга болбойт. Сот чечимдерин ачык жарыялоо боюнча 3 августун 2016 жылында атайын мыйзам кол коюлган. Учурда бул сайтта 97 миң соттук актылар бар.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева

“Жабык соттук жараяндарда каралган иштердин чечимдеринен тышкары, бардык соттук актылар бул сайтка өз убагында жайгаштырылышы керек. Соттук актыларын сайтка жайгаштырбаган 13 судьяга чара көрүү жөнүндө мен жакында тартип комиссиясына сунуш киргиздим”.

2. Соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы

Кыргыз Республикасын Жогорку сотунда соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы киргизилип иштей баштады. Ал эми Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда, Свердлов жана Аламедин соттордо бул системаны киргизүү үчүн тийиштүү иш-чаралар пландаштырылууда. Бул долбоор сот ишин кайсы судья карай турганын алдын ала билүүгө мүмкүнчүлүктү жокко чыгарып судьяларга таасир этүүгө жол бербейт.

Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмдун серепчиси (IDLO) Виктор Альбрехт:

“Соттук иштер тигил жэ бул судьялардын жеке кызыкчылыгын карап эмес, анын иш жүктөтөмүнө карап автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт”

3. Үн жана видео жазуу тутумун орнотуу

Үн жана видео жазуу тутумун орнотуу сот жараяндарын ачык айкын болушуна соттук этиканы жана жоопкерчиликти күчөткөнгө түрткү берет. Бишкек шаардык сотунда пилоттук түрдө аудио-видео протокол жазуу системасы ишке киргизилет. Учурда тийиштүү жабдуулар алынып жана орнотулуп жатат. Ушундай пилоттук долбоорлор Свердлов райондук жана Аламүдүн райондук сотторунда сыноодон өтүп жатат.

«Прецедент» укук коргоо уюмунун жетекчиси Нурбек Токтакунов:

«Cот жараяндарды так жана объектидүү чагылдыруу үчүн протокол жана секретарькызматтарын соттон бөлүш керек эле. Секретарлар сотко баш ийген учурда көз карандысыз толук жана ар тараптуу фикцация мүнкүнбү? Адам күчү жетпеген нерсеге машина күчү жетет деп үмүттөнөбүз»

 4. Электрондук сот өндүрүшү

Автоматташтырылган маалымат тутуму же электрондук сот өндүрүшү жакын арада Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизилет. Бул долбоор сотко арыз түшкөндөн тартып, материалдар архивге кеткенге чейинки документтердин баарын электрондоштурууга багытталган.

Долбоорлор USAID-IDLO “Ишенимдүү сот” программасы алкагында ишке ашырылып жатат.

2018 жылдын 11 февралында «Медиация жөнүндө» мыйзам күчкө кирет. Бул мыйзамдын максаты эмнеде, биздин жараандарга мыйзам кандай мүнкүнчүлүктөрдү ачат? Ушул жана башка сурооолорго Кыргыз Республикасында Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмунун (ИДЛО) кеңешчиси Дильбара Максимбекова жооп берет.

Медиация жөнүндө биздин коомдо маалымат аз. Медиациянын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып кетсеңиз.

– Медиация – бул соттон тышкары талаш-тартышты чечүү ыкмасы. Азыркы мезгилде коомчулукта ар түрдүү талаш-тартыш, чыр -чатактар көп болууда, ошол эле үй-бүлөлүк, жеке адамдардын жашоосундагы, жээ болбосо бизнес чөйрөсүндө болуп жаткан талаш-тартыштар.

Мыныдай учурда адамдар сотко кайрылууга көнүп калышкан.

Бирок, соттук кароонун көп созулгандыгы, сот чыгымдарынын кымбаттыгы элди көп убара кылат. Экинчиден, сотто бир тарап сөсзүз жеңилет, экинчи тарап утат, жыйынтыгында жеңилген тарапта нааразычылык пайда болот.

Медиация – бул соттон тышкары талаш-тартышты чечүү ыкмасы.

Ал эми медиацияда тараптар өздөрү, медиатордун жардамы менен сүйлөшүү жүргүзүп эки жакка тең –ыңгайлуу чечим кабыл алат.

Көп өлкөлөрдө медаиция активдүү түрдө колдонулуп жатат, мисалы жакын турган Россия, Казахстан, Белорусияда медиация жакшы өнүктү.

Медиациянын күчү жана принциптери эмнеде?

– Медиатор эки тарапка бири бирин түшүнүүгө жана келишимге келүүгө жардам берет, бирок медиатор чечимди кабыл албайт, чечимди тараптар өздөрү кабыл алышат.

Ошондуктан бул чечимдин аткарылышы дагы өйдө болот. Дуйнөлүк тажрыйбада медиацияным чечимдери 85% учурда аткарылат. Медиация аркылуу жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштарды чечүүгө болот.

Медиациянын негизги принциптери:

  1. Ыктыярдылук. Медиацияга эки тараптын тең өз калоосу менен катышканы.
  2. Медиатордун бейтараптыгы. Медиатор эки тарпка бирдей өз кызыкчылыгы жок жол-жобосу калыс өткөрөт
  3. Эки тараптын тең укуктулугу, кызмататашуусу.
  4. Купуялуулук. Медияциадыагы маалыматтар купуя сакталат.

Медиация боюнча мыйзам жаңы күчүнө кирип жатканы менен, меним оюмча медиация ыкмасы кыргыз элинин менталитетине илгертен эле жакын. Башкача айтканда, медиация –бул данакердик, элдештирүү деген маааниге ээ. Кыргыз элинде бул туралу мындай макал бар: «Эки киши күнөкөр, үчүнчүсү данакер»

Медиатор болууга кандай мүнкүнчүлүктөр бар?

– Кыргызстанда азыр медиаторлор жетишпейт. Андан сырткары медиатордун окуу курсу кымбат турат. Ошондуктан эл аралык уюмдар акысыз окуу курстарды өткөрүүгө жардам берип жатат.

Мисалы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) долбоорунун алкагында биздин уюм – IDLO атайын медиаторлорду даярдоонун негизги курсун өткөрдү. Декабрь айнда атайын курс тундук тургундары үчүн болсо, ошондой эле курс январда Ош шаарында өтмөечү. Окуу курсу акысыз болот, тренер катары тажрыйбалуу эл аралык деңгээлдеги медиаторлор чакырылган.

Медиацияга кантип кайрылууга болот?

– Биринчиден, жарандар өз каалосу менен медиаторго кайрылса болот. Экинчиден, мыйзам боюнча судья тараптарды медиаторго маалыматтык жолугушууга жиберүгө укукту. Мындай учурда тараптар маалыматтык жолугушуусуна барууга милдеттүү болушат. Бирок жолугушудан кийин тарпатар медиацияга катышарын жээ болбосо катышпасын өздөрү чечишет.

Төмөнкүдө айтып кеткендей медиацияга катышкан убакытта дагы чечимди тараптар өздөрү кабыл алышат.

Медиация талаш-тартышты чечүүгө мүнкүнчүлүктү кеңейтип, коомдогу конфликтерди азайтып анан өнүгүсүнө түрткү болот деген үмүт бар.

Маек куруп бергенинизге чон рахмат.

Сюжеттердин негизинде реалдуу сот иштери камтылды, анын ичинде http://www.sot.kg сайтына жарыялангандары да бар – бул сот иштерин, актыларды жана жыйналыштарды жарыялоо үчүн адистештирилген портал.

Өткөн жылы КТРК коомдук каналында көрүүчүлөр кыргыз жана орус тилдеринде “Ачык-Айкын” укуктук берүүлөрүнүн циклин көрүштү. Азыркы учурда жаңы сериялары даярдалып жатат.

“Берүүнү тартаардан мурда биз абдан актуалдуу болгон жарандык иштерди изилдеп чыктык. www.sot.kg адистештирилген порталы баалуу ресурс болду. Азыркы мезгилде ушул сайтта 50 миңден ашык сот иши жарыяланган.” – дейт “Ачык-Айкын” программасынын продюсери Марс Тулегенов.

“Өтө көп кездешүүчү жарандык сот талаш-тартыштары – бул мураска калтыруу тууралуу, ата-энелик укуктардан ажыратуу жана калыбына келтирүү жөнүндө, карызды өндүрүп алуу ж.б. тууралуу талаш-тартыштар. Ушул бардык териштирүүлөр биздин сценарийлерибиздин негизинде камтылган, бирок биз албетте аты-жөндөрүн, окуя болгон мезгилди жана жерди өзгөрттүк, аларды телевизиондук берүүнүн форматына ылайыкташтырдык” – дейт Тулегенов.

Сот адилеттигинин модели

“Ачык-Айкын” негизги тараптардын – доогердин, жоопкердин, прокурордун, күбөлөрдүн, эксперттердин жана судьянын катышуусу менен сот процессин элестетет. Көрүүчүлөр алгачкы берүүлөрдү көргөндө Россиянын “Час суда” аттуу берүүсүнө окшоштурушкан. Бирок сот процессине окшоштурулган же сот процесси берилген телевизиондук берүүлөр көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Германияда, Украинада, АКШда жана испан тилдүү өлкөлөрдө бар.

Тулегенов айткандай, чыгармачыл топ долбоорду чет өлкөлүк программалардын ийгилигин кайталоо максатында эмес, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, мыйзам чегинде адам өзүнүн укуктарын кантип коргой алаарын жана коргошу керектигин, талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди кантип чечсе боло тургандыгын көрсөтүү максатында ишке ашырууда.

Ошол эле мезгилде, көрүүчүнүн кызыгуусун жаратуу үчүн программанын авторлору ТВ шоунун элементтерин колдонушту. Программада доогерлердин, жоопкерлердин жана күбөлөрдүн ролдорун актерлор ойношту, бирок жактоочулар, прокурорлор жана судьялар – бул кесипкөй юристтер.

Укуктук билимди жогорулатуу

“Ачык-Айкын” укуктук телеберүүсү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID), IDLOКыргызстан Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун жана КТРКнын колдоосунда иштелип чыкты.

IDLO Кыргызстандын КР Судьялар кеңеши жана КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти менен байланыш боюнча консультанты Карыбек Дуйшеев уюмдун башкы миссиясы – бул укуктун үстөмдүүлүгүн күчөтүү экендигин белгилейт.

“Ушул сыяктуу берүүлөр калктын чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу тууралуу эң негизги укуктук билимин жана кабардар болуусун жогорулатууга багытталган. Сот процесси, сот учурунда жүрүм-турум эрежелери деген эмнени билдирээрин көрсөтүп, укуктук мейкиндиктин чегинде укукту коргоо жаатында белгилүү бир билимдерди жана көндүмдөрдү берүү зарыл”, – деп эсептейт Дуйшеев.

Марс Тулегенов “Ачык-Айкын” ТВ берүүлөрүнүн жаңы сериялары динамикалуу жана мазмундуу болду дейт.

“Программа көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратат жана чындыгында пайдасын берет деп ишенем”, – деди ал.

Арпаны эгип өстүрүп түшүмдү жакшы алам го деп үмүттөнүп жүргөн дыйкан Айбек Исаевдин кубанычы бир күндө чөкмөк болду. Себеби, анын айдоо аянтын кошунасынын уйлары тебелеп кетиптир. Эми зыянды ким өндүрүп берет?

Исаев жөн турбастан далилдерди чогултуп калуу максатында арпанын басылганын, уйлардын издерин сүрөткө тартып алып, адегенде кошунасы Бакыт Азизовго барып доомат коет. Азизовдун 12 уйу каралбай калып, арпа тебелегени анык болуп чыгат. Бакыт Азизов өзү дагы баарын түшүнүп, келтирилген зыянды төлөп берем деп убада кылган. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин Исаевдын койгон шартына макул болбогонун билдирет.

Чыдамы кеткен Айбек Исаев расмий түрдө доо арызы менен сотко кайрылат. Исаевдин айтымында зыяндын суммасы 197 миң 96 сомду түздү, бул суммага материалдык жана моралдык зыян кошулуп саналды.

Алардын ишин судья кантип карайт болду экен? КР мыйзамы боюнча күнөөлү тарап кандай жаза алыш керек? Бир чети баардыгы эле туура болуп жаткандай, уйлар арпа аянтын тепселеп кеткени анык, бирок 197 миң сом деген сумма кайдан келип чыкты? Чыгымды кантип тууралап санаш керек ? Чындыкты кантип издеп тапса болот? Ушул жана башка суроолорго жоопту «Ачык-Айкын» укуктук теле берүүсүнун жаны санында көрө аласыңар. Жаңы берүүнүн темасы: «Эгинди тепсеп салуунун айынан болгон зыянды өндүрүү”.

Негизги максат

«Ачык-Айкын» ТВ берүүнүн продюссери Марс Тулегеновдун айтымында долбоордун башында эксперттик фокус өгруппа түзүлүп алар Кыргызстандын ар бир областына барып эл менен жолугушууларда эң маанилүү маселелерди талкуулашкан.

«Алардын ичинен эң курч маселелердин бири болуп эгинди тепсеп салуунун айынан болгон зыянды өндүрүү деп айтылды. Биз элдин үнүн угуп турмушта болуп жаткан талаш-тартыштын негиздерине таянып, атайын ТВ берүүлөрдү түзгөнбүз», -деп тушундурмө берди Марс Тулегенов.

Анын айтмында долбоордун эң негизги максаты бул укуктук билимдерди жана чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу жөнүндө кабардар болууну жогорулатууга багытталган.

Элет эли

Кыргызстандын басымдуу көпчүлүл эли элет аймагында жашайт. Расмий маалыматка таянсак алты миллион адамдан, төрт миллионго жакыны айыл тургундары, ал эми 2 миллиондон ашыгы шаардыктар. Элеттин дүң продукциясы өлкөнүн өнүгүп өсүшүнө чоң салым кошот. Мисалы, статистика маалыматын алсак, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүндө айыл чарбасынын жалпы көлөмү197065,8 сомду түздү. Негизги айыл чарба продукциясын жеке менчик чарбалар өндүрүшөт.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык негизги айдоо аянnтар жеке менчик дыйкандарга таандык. Мисалы, республика боюнча айдоо аянтынын 922,7 миң гектары, же болбосо 72,1% дыйкандардын жеке менчигине тиешелүү. Ал эми мамалекттик жана коллективдүү чарбалар 41,5 миң гектар же болбосо 3,2% гана түзөт.

Жеке менчик чарбалардын өсүшү менен бирге мыйзамдын нормалыры да так аткарылышы керек. Мыйзамдын бузулбай сакталып аткарылышы абдан маанилүү.

Чыр- чатактар мыйзам жолу менен чечилиш керек

Мыйзамды билүү жана аткаруу бул жарандардын жашоосунун оң тарапка өзгөрүшүнүн кепилдиги деп ишенет судья Мактым Калимбетова.

«Акыркы убакта эгинге келтирилген зыян боюнча талаш-тартыштардын саны өсүп жатканы байкалат. Эгер мурун көбүнчө «кыргызчылыкка» салып коюп болор иш болду деп койсо, эми ар бир адам өз кирешесин, жана зыянын санап калды. Бирок көпчүлүгү сотко кантип арыз жазыш керек, кантип далилдерди чогултуш керек экенин билишпейт. Ошол эле моралдык материалдык зыянды кантип санаш керек, ал сумма кайдан чыгат, кантип бааланат? Ошондуктан жабыркагандар көбүнчө адвокаттарга кайрылышат»,-дейт Калимбетова.

Судья айткандай мындай конфликттерди чечиш абдан татаал, анткени эки тарап тең өз пикирин жакташып, экөө тең өз позициясын туура көрүшөт.

«Эгер биздин элдин укуктук билимдерин көтөрсөк биз көп конфликттерди башынын эле жокко чыгармакпыз. Ар бир адам түшүнүш керек, эгер менин укугум тепселсе, мен мыйзам боюнча өз укугумду коргоого акым бар деп, ал эми менин малым бирөөнүн эгинин тепсеген болсо бул зыянды мен төлөп калам деген ой болуш керек»,- дейт Калимбетова.

Дыйкандар өздөрү айткандай, айыл чарба өндүрүшү бул көп убакытты жана көп ресурсту талап кылган тармак. Ал эми мыйзам бузуулулар элдин байлыгын азайтууга алып келет. Өзүнүн жана айылдаштарынын укугун сыйлоо бул баардыгынын кызыкчылыгына пайда келтирүүчү иш болуп калмакчы.

Толук телеберүү: