Соттук жыйындарда аудио, видео фиксациялоо (АВФ) системасы киргизүү бул санариптештирүүнүн бирден бир максаты. Жаңы система сот тутумундагы коррупцияны азайтууга жана ачык-айкын болушуна  эң маанилүү компоненттердин бири.

АВФ системасы сот жыйындарынын жүрүшүн так жазууга, тараптардын электрондук протоколдорго жана аудио-видео файлдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле алыскы режимдеги сот отурумдарына күбө же шектүү катары катышууга мүмкүндүк берет. Акыркы пункт COVID19 пандемиясы учурунда өзгөчө актуалдуу болуп калды.

Аудио жана видео фиксация соттун катышуучуларынын: доогерлердин, айыпталуучулардын, адвокаттардын жана прокурорлордун, ошондой эле судьялардын жоопкерчилигин жогорулатат. 

Учурда 72 жергиликтүү сотто 159 сот залы бар. Анын ичинен 73 залында аудио жана видео жазуу жабдыктары орнотулган, калгандары ишке ашырылууда.

 

 

Сот залындагы тартип 

Мурунку Тартип Комиссиясынын мүчөсү Аслан Кулбаев АВФ системасын киргизүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралгандыгын айтат. 

«Камеранын объективи бардык мыйзам бузууларды каттайт, техникага инсандын статусу, тууган-уругу ким экени баари бир.  Мисалы, камералар орнотулган жолдордо жол кырсыктарынын саны кескин азайып кеткенин байкасак болот. Сот залындагы камералар эрежени сактаганга так ошондой эле таасир берет», – дейт ал.

Кулбаевдин айтымында, сот отурумдарынын аудио жана видео жазуусу соттордогу тартипти дагы жогорулатат. Ар бир калп, ар бир мыйзам бузуулар жазууларда калат.Файлдар 10 жылга чейин сакталып, талаптарга атайын өтүнүч менен берилет. 

 

 

 Сотторду санариптештирүү

Санарип технологиялар сот реформасын жаңы деңгеле көтөргөнгө мүнкүнчүлүк берет. Ал эми бул долбоор ишке ашыруу  үчүн чоң акча каражаты жана адамдык ресурстар керек.

Реформаны ишке ашырууда эл аралык донорлор дагы жардам көрсөтүшөт. Мисалы, USAID жана IDLO программасы тогуз жылдан бери сот тутумун чыңдоого багытталган демилгелерди колдоп келет. Программанын колдоосу менен, көптөгөн жаңы технологиялар киргизилип жатат: автоматтык түрдө иш бөлүштүрү системасы, видеоконференция системасы жана сот отурумдарын жазуу үчүн аудио-видео жабдыктарын орнотуу иш жүрүп жатат. 

Учурда, санариптештирүү багытты   эске алып, USAID-IDLO АВФ тутумун натыйжалуу пайдаланууга багытталган долбоордун жаңы этабын баштоодо. Анын башка электрондук сот тутумдары менен интеграциясын күчөтүү жана укуктук чөйрөнү жакшыртуу.  

 Сот тутумуна АВФ системасын киргизүү, жана системанын артыкчылыгын кенен маалымдоо сот тутумунун сапатына, ачык-айкындыгына түздөн-түз таасири тийет.

 

 

COVID-19дун таркоосу менен Кыргызстанда бир катар талаш-тартыштар пайда болууда. Алардын ичинде үй-бүлөлүк, эмгек жана ишкердик. Мындай талаштарды чечүү үчүн сөзсүз эле сотко кайрылуу керекпи? Бирок өзгөчө азыркы учурда жаңы коронавирустун кесепеттеринен коргонуу абзел, жолугушуулар чектелүүсүү керек.

Мындай талаш абалдарды чечүүдө эң мыкты чечим – талаштарды чечүүнүн соттон тышкаркы алтернативдүү жолу болгон медиация. Кыргыз Республикасынын “Медиация жөнүндө” Мыйзамына ылайык сертификацияланган бейтарап медиаторлор талаштарды жашыруун, үнөмдүү жана ыкчам чечүүгө жардам берет. Ошол эле учурда алар видео чалуу технологияларын колдоно алышат.

Республикалык медиаторлордун коомдоштугунун жетекчиси Гүлсина Кожоярованын айтымында, медиация үзгүлтүккө учураган байланышты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Ошол эле учурда, медиацияны бетме-бет өткөргөн жакшы, анткени катышуучулардын маанайын, мимикасын жана жүрүм-турумун байкоо керек. Анын айтымында, ” медиация процессинин коопсуздугу үчүн медиатор жооп берет жана баштапкы баскычта катышуучулар көп учурда агрессивдүү иш алып барышат”.

“Эгерде катышуучулардын коопсуздугуна эч кандай коркунуч болбосо жана алар ар башка жерлерде жашашса, жолдо жүрүүгө чектөөлөр болсо, анда онлайн-медиация мындай талаштарды чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, – дейт Кожоярова.

Талаштын тараптары медиатор менен онлайн же бетме-бет жолугуп сүйлөшүүсү керек. Анда медиатор тараптарды угуп, медиация жөнүндө кененирээк айтып берет. Эгерде дистанциялык байланышка чыгууга талаптардын мүмкүнчүлүктөрү болсо, анда онлайн-медиацияны сунуш кылат. Тараптар өздөрүнө ылайыктуу медиаторду Республикалык медиаторлордун коомдоштугунун реестринен таба алат. Ал жерде үй-бүлөлүк, коммерциялык же калыбына келтирүү медиациясына адистешкен 200дөн ашуун медиаторлордун ысымдары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн.

“Натыйжада тараптар ар биринин кызыкчылыгына жооп берген чечим кабыл алышат. Тараптар кол койгон медиация келишими юридикалык күчкө ээ”, – деп Гүлсина Кожоярова баса белгиледи, “Тажрыйба көрсөткөндөй, чыр-чатактын тараптары аны чечүүгө ниеттенишкенде, алар ар дайым бир пикирге келишет.”

Адистердин айтымында, онлайн медиациянын артыкчылыктары да, кемчиликтери да бар. Биринчиден ал тез, анткени талаштын тараптары атайын бир жерге баруусунун кажети жок. WhatsApp, Telegram, Skype же Zoom аркылуу коопсуз видео чалуулар жетиштүү. Экинчиден, бул үнөмдүү, анткени медиаторлордун кызматы сот акыларына, сот процесстерине кеткен убакытка жана ресурстарга караганда аз чыгымды талап кылат. Үчүнчүдөн, ал коопсуз жана купуялуу, анткени катышуучулардын талаш-тартыштары жөнүндө маалымат эч жерде чыкпайт, медиатор бул сырды сактоого милдеттүү. Бирок, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарда жана чыр-чатактарда тараптар бир жерде болуп, алардын коопсуздугуна коркунуч туула турган болсо, анда онлайн медиация колдонулбайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Медиация жөнүндө мыйзам 2018-жылдын февралында күчүнө кирген. Андан бери жүздөгөн адистер окутулуп, Республикалык медиаторлордун коомдоштугунан медиаторлор сертификаттарын алышты. Бул ишаракеттерге USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасы жана ЕРӨБ-IDLO Коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоору көмөк көрсөткөн. Буга чейин медиаторлор талаш-тартыштарды тараптар менен жеке жана жалпы жолугушуулар аркылуу чечип келишсе, жаңы коронавирустун чыгышына байланыштуу алар онлайн жолугушуулар аркылуу дистанциялык медиацияны колдоно башташкан. Мындай медиациянын айырмачылыгы – бул процессти тезирээк, ийкемдүү, коопсуз жана үнөмдүү кылган технологияларды колдонуусунда.

Сотто адамдын тагдыры күн сайын чечилет. Бир сөз туура эмес жазылып калса да, ал соттогу катышуучунун жашоосуна чоң таасир берип коюшу мүмкүн. Андыктан сотто жаңылыштыкка жол жок.

Кыргызстанда маал-маалы менен протокол түзүүдө ката кетирген соттордун катчыларынын ишине нааразы болуп келишет. Айрымдары катчылар протоколго “калптарды жазышты” деп да ырасташат. Эгер мындай айыптар тастыкталса, анда ал катчы жоопкерчиликке тартылат. Бирок катчылар жүктүн оордугунан улам сот процессинде айтылган бардык  сөздөрдү жазып кетүүгө жетишпей келишет.

Сот отурумдарын аудио-видео фиксация (АВФ) жазуу тутуму сот катчыларынын ишин кандайча өзгөртүп, өлкөдөгү сот адилеттигинин сапатын кандайча көтөрүп жаткандыгы жөнүндө бул макалада камтыйбыз.

Тагдыр чечүүчү соттун катчысы

Сот жыйналышынын катчысы, адатта, белгилүү бир судьяга дайындалып, анын ишин документалдык жактан камсыз кылат, процесстерди уюштурат жана сот отурумдарына катышат. Катчы – мамлекеттик кызматкер.

Катчынын негизги милдети – сот отурумунун протоколун жүргүзүү, анда ал соттун жана процесстин катышуучуларынын бардык иш-аракеттерин, ошондой эле соттун чечимдерин кылдат жана туура баяндайт. Катчы процесстин бүт жүрүшүн туура, толук жана объективдүү түрдө чагылдырышы керек, себеби аны тараптар кассациялык жана апелляциялык сотто далил катары колдоно алышат.

Мисалы, Жарандык процесстик кодексинде протокол сөзсүз түрдө жазылат жана ал сот отурумунун катчысы тарабынан түзүлөт деп айтылат. Бул протокол сот жыйналышы аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен түзүлүп бүтүп, ага кол коюлушу керек. Татаал иштердин протоколун түзүү беш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Көпчүлүк сот катчылары салттуу диктофон жана тез терүү ыкмасын колдонуп келет, бирок кээ бирлери АВФ кошумча милдеттерди жаратат деген ойдо. Чындыгында АВФ алардын ишин жеңилдетет.

АВФ ишти жеңилдетет

Электрондук протоколдоо деген ат менен таанымал болгон Аудио-видео фиксация Кыргызстан боюнча көпчүлүк соттордун бөлмөлөрүнө учурда киргизилген. Бул сот залында бир нече микрофондорду жана видеокамераларды камтыган жогорку сапаттагы санариптик жазуу жабдууларын колдонууну камтыйт.

АВФти колдонуу Жазык-процесстик кодексинде милдеттүү түрдө колдонулат. АВФтин жазуулары протоколго тиркелет, анын колдонулганы жөнүндө ал протоколдо белгиленет. АВФти колдонуу боюнча нускамада аудио-видео жазуулар жана протокол соттун сервердик жабдыктарында автоматтык түрдө сакталат, андан кийин сот тутумунун серверлерине көчүрүлөт деп айтылат.

Ошол эле учурда, маанилүү дагы бир технологиялык мүмкүнчүлүгү – бул тутум автоматтык түрдө сот отурумунун протоколуна тексттик шаблонду даярдаганында. Андан кийин катчы АВФ жазууларын угуу аркылуу сот отурумунун толук протоколун даярдайт. Катчы протоколдун тексттик бөлүгүн гана өзгөртө алат, ал эми АВФ жазуулары өзгөрүүсүз калат.

Сот отурумунун жүрүшүндө катчы процесстин ар бир сүйлөгөн адамы боюнча токтоосуз белгилерди коюуга тийиш, буга байланыштуу ар бир протоколдо тараптардын аты-жөнү жана убактысы көрсөтүлгөн маалыматтар түзүлөт. Бул тараптар жана сот үчүн колдонууга ыңгайлуу болгон жалпы санариптик жазуу схемасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бирок, катчылар АВФ тутумун баштоо жана иштетүү үчүн билимге жана жөндөмгө ээ болушу керек. IT консультанттар системанын техникалык иштөөсүн көзөмөлдөшөт. Ошондуктан, USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасынын колдоосу менен Сот тутуму өлкө боюнча сот кызматкерлери үчүн масштабдуу окутуу программасын баштаган.

АВФтин артыкчылыктары талашсыз

АВФ тутуму сот процессинин катышуучуларынын сот процесстерине катышуудагы маданиятын жана сотторго болгон ишенимин жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле анын иштөөсү сот процессине катышуучуларды, анын ичинде судьяларды, прокурорлорду жана адвокаттарды да тартипке салат.

Аудио-видео жазуу жогорку сапаттагы үн менен камсыз кылынат, анткени микрофондор залдын ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашкан. Залдын бир гана бөлүгүндө жайгашкан диктофонго жаздыруудан айырмаланып АВФдеги үндөрдүн жазуулары тунук жана уккулуктуу болот.

Мындан тышкары, протоколу менен бирге АВФ протоколу толугу менен тараптарга берилиши мүмкүн. Ал азырынча дискке жазуу түрүндө берилет, ал эми жакынкы келечекте – соттун сервериндеги файлга алыстан кирүү мүмкүнчүлүгү менен берилет. Кыргызстанда бул аудио протокол гана эмес, аудио-видео жазуу болгондуктан, бул видеолор адвокаттарга жана тараптарга күбөлөрдүн жана соттолуучулардын оозеки гана  эмес, анын ичинде ымдоо иш-аракеттерин, дене түзүлүшүн, мимикасын жана көз менен байланышын изилдөөгө жардам берет.

Айта кетчү дагы бир  маанилүү маселе, эгерде сотто катышып жаткан тараптардын бири этикага жат же мыйзамсыз жүрүм-турумун жасап жатса, ал эми экинчи тарап соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга даттанууну чечсе, АВФ протоколдору ага эң сонун далил болуп саналат. Тараптардай эле, судья дагы этикага сыйбаган ишти сот процесси учурунда жасап коюушу ыктымал, мындай учурда АВФтин протоколдору Тартип комиссиясы же Соттор кеңеши аркылуу кылмыш ишин козгоого далил болот.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн IDLO жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Кыргызстанда сот тутуму сот отурумдарына аудио-видео фиксация (АВФ) тутумун жигердүү киргизип жатат, бул сот отурумдарынын протоколун жазууну гана жеңилдетпестен, бардык катышуучуларды, анын ичинде судьяны, прокурорду, адвокатты жана бардык тараптарды сот процессине тартиптүү катышуусуна алып келет.

Сот процессинин жүрүшүнө кайсы бир тарап канааттанбаган учурда АВФ протоколдору аларга арызданууга, жогорку инстанцияларга кайрылууга мүмкүнчүлүк берет. Соттор үчүн бул дагы камсыздандыруунун бир түрү, мисалы, эгерде аларга атайын жалаа менен айып коюлган болсо, анда алар өзүлөрүн ушундай аудио-видео далилдер менен коргой алышат.

Чындыгында, АВФ түзүмүнүн мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бул сот процессинин протоколдорун автоматташтырылган түрдө түзүү жана даттануу үчүн далилдердин булагы гана эмес. АВФ түзүмү аркылуу видеобайланыш түзүп, далилдерди иликтеп, түшүндүрмөлөрдү угуп, адамдарды суракка алуу аркылуу сот адилеттигин алыстан жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн да берет.

Учурда АВФ жабдуулары Кыргызстандагы көпчүлүк сот залдарына орнотулуп жатат, аны менен бирге сот кызматкерлери аны пайдалануу боюнча окутулууда. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биз эл аралык тажрыйба менен бөлүшкүбүз келет. Ар кандай өлкөлөрдө ушул сыяктуу тутумду кандайча жана эмне үчүн колдонушуп, кандай жыйынтыктарга жетишишти?

Дүйнөлүк тажрыйба

Дүйнө жүзүндөгү соттордун натыйжалуулугун жогорулатуу жана соттук процесстерди жүргүзүү үчүн акыркы технологияларды колдонуп жатышат. Дүйнөдө коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү контекстинде бул муктаждык ого бетер байкалды. АВФ тутумдарын киргизүүдө ар кыл өлкөлөр транскрипциядан баштап, серверлер аркылуу жеткиликтүү болгон санарип аудио-видео жазууларына чейин колдонуу жайылган.

Мисалы Румыния бир нече жыл мурун аудио жазууну киргизген, бул сот процессинин катышуучуларына сот процессинин жазууларын кийинки күнү дароо алууга мүмкүнчүлүк берет. Анын  менен бирге Румыниянын сот тутумунун жоопкерчилиги дагы жогорулатылган. Алардын Улуттук сот инспекциясы судьялардын жүрүм-турумун аудио тасмаларды колдонуу менен текшерип, аларды бир катар коррупциялык жана этикалык иштер боюнча жоопко тартууга колдонгон.

Ирландияда болсо ар бир сот залы аудио жазуу, видео ойнотуу тутумдары менен жабдылган жана түрмөлөрдөн видео байланыш аркылуу кошулууга мүмкүнчүлүк ачышкан. Аудиожазуулар жана стенограммалар соттун уруксаты менен берилет.

Америка Кошмо Штаттарында аудио-видео жазуу технологиясы сот отурумунун катчысынын сот процессине катышуу кажетин жок кылган. Сот отурумдары кеминде эки резервдик аудио жазууга жаздырылып, үн сапаты көзөмөлдөнөт жана тексттин белгилери белгилүү бир убакытка байланыштуу жүргүзүлөт. Жазууларды Сот ресурстарынын китепканасынан алууга болот.

АВФти ишке ашырууда Азия континенти дагы четте калган жок. Малайзияда сот отурумдары аудио жана видео тасмаларга жазылып, ага байланыштуу тексттик протоколдор да автоматтык түрдө түзүлөт. Коңшу Сингапурда аудио жазуулар протокол түрүндө автоматтык түрдө көчүрүлүп алынат жана Жогорку Соттун отуруму учурунда судья белги жана комментарийлерди дароо белгилей алат. Судьялар сот отурумунда жана андан кийин аудио жазуунун керектүү бөлүктөрүн таап, аны ойнотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Постсоветтик өлкөлөр да аудио жана видео жазуу технологияларын жигердүү өздөштүрүп жатышат. Мисалы, Грузияда ар бир сот отурумунда аудио жана видео жазуулар колдонулат жана алар электрондук форматта сакталып, үч күндүн ичинде тараптарга берилет. Бирок, видеолорду жарыялоого жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынган.

Россияда технологияны ишке ашырууда арбитраждык соттор алдыңкы орунду ээлешти. Алардын 100% сот отурумдары аудио жазуу менен өтөт. Тутумдун аркасында алар процесстин катышуучуларына аудио протоколдорду алыстан алуу мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле электрондук сот отурумдарын толугу менен өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары, Россиянын Соттор кеңеши сот отурумдарынын бардык аудио жазууларын атайын сервердик булутта сактоо чечимин кабыл алды, ал “процесстин катышуучуларына алардын жайгашкан жерине карабастан аудио жазуу менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет”. Ал эми Россия Федерациясынын Жогорку Сотунун Пленуму сот отурумдарында аудио жазууну өчүрүүгө тыюу салган.

Коңшу Казакстанда да сот процесстерин аудио-видео жазуу тутуму киргизилген. Алар жолугушууну жаздырууну токтото албайт же түзөтө албайт. Бул сот отурумдарын протоколдоого байланыштуу арыздардын санын бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берди.

Негизги тыянактар

Жалпысынан, эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, АВФ тутумдары сот залдарында сылык жана тартиптүү жүрүм-турумга өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде сот процессинин катышуучуларынын канааттануусун жакшырта алат.

Мындан тышкары, автоматташтырылган транскрипциялоо өзгөчөлүгү судьяларга жана адвокаттарга сот отурумдарын толук, тез жана жеткиликтүү жазууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тараптар менен судьяларга сот процесси учурунда өздөрүнүн диктофондоруна же барактарына белгилерди коюп алаксуусуна эмес, сот процессине бардык көнүлдү бурууга мүмкүндүк берет.

Бул жазуулар судьялардын жана соттук отурумдун катышуучуларынын укук бузууларынын далил-кепилдиги экендигин белгилей кетүү маанилүү. АВФ жазуулары кыянаттыкка жол бербейт, коррупцияны азайтат, жана көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, аудио-видео фиксация аркылуу сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө – мисалы, сот процесстерине катышкан дүлөй адамдар процессти реалдуу убакыт режиминде транскрипциялоо аркылуу көрө алышат.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн IDLO жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти cот отурумдарынын аудио-, видео тастыктоо (АВФ) системасын колдонуу жана сот отурумдарынын аудио-, видеотастыктоо материалдарын процесстин катышуучуларына жана алардын өкүлдөрүнө берүү боюнча Нускаманы жаңылады. 2020-жылдын 22-декабрында кол коюлган бул жаңыланган нускамада эмне белгиленген?

Соттук процесстин аудио-видео жазуусу – бул маалыматтын так көчүрмөсү. Кол менен протоколду жаздыруудан айырмаланып, бул тутумда сот процессинин кайсы бир бөлүктөрү жоголуп кетпейт. Эгерде мурун процесстин жүрүшү протоколду кол менен жүргүзгөн сот  отурумунун катчылары тарабынан жазылып келсе, эми соттун бир катар бөлмөлөрүндө АВФ аркылуу кошумча жазуу электрондук маалымат каражаттарында жүргүзүлөт. Ошондой эле, бул тутум катышуучулар тарабынан жасалган кыянаттыктын алдын алат.

Окутууга жооптуу

Соттун кызматкерлери аны колдонууну билбесе, аудио-видео фиксация тутуму толук албетте иштей албайт. Жаңы редакцияда окутууга жооптуу адамдарга байланыштуу түшүнүксүздүктөр алынып салынды. Соттун IT-консультантына АВФ тутуму менен иштөө үчүн жаңы сот отурумдарынын кызматкерлерин окутуу тапшырылды.

Жумалык текшерүү

Жаңы нускамада техникалык тейлөөнүн аткарылышы жана тутумду текшерүү убактысы кеңири баяндалган. Эми соттордун IT-консультанттары АВФ тутумуна жума сайын аудит жүргүзүп турушат, анын жыйынтыгы электрондук журналга жазылып, иштебей калган себептерди четтетүү боюнча иш-аракеттердин алгоритми болот. Мындан тышкары, АВФ тутуму соттун башталышына чейин дагы текшерилет; эгерде ал иштебей турган болсо, ал жөнүндө токтоосуз түрдө сот отурумунун төрагалык кылуучу судьясына билдирилет жана АВФ жазуусу жүргүзүлбөйт.

Жазып баштоо алгоритми

Сот отурумунда АВФ тутумун ишке киргизүү алгоритми кеңири баяндалган. Мисалы, сот отуруму башталганга чейин, катчы АВФ тутумун ишке киргизет: жазуу станциясын күйгүзүп, IT консультанты тарабынан катчы үчүн түзүлгөн колдонуучу атын жана паролду киргизет. Системаларга кирүү үчүн сырсөздү башкаларга берүүгө тыюу салынат. Ишке киргизилгенден кийин, катчы иштөө режимин тандап, сот ишинин деталдарын киргизет, микрофондордун иштөөсүн текшерет, сот өндүрүшүнүн талап кылынган түрүн тандап, сот отурумунун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды киргизет.

Иштөө убактысы

Жаңы нускамада тутумдун иштөө убактысы жана протокол даярдоону автоматташтыруу дагы көрсөтүлгөн. Жазуу сот отуруму ачылгандан кийин, төрагалык кылуучу судья АВФ тутумун колдонууну жарыялагандан кийин токтоосуз иштеп баштайт. АВФ сот отурумунун протоколун түзүү процессин автоматташтырууга мүмкүндүк берет, ал үчүн катчы сот отурумунун тутумунда каралган этаптары келгенде керектүү белгилерди коет. Эгерде сот процесси кийинкиге жылдырылса, тыныгуу жарыяланса же судья кеңешүү бөлмөсүндө болсо, анда жазуу убактылуу токтотулат.

Протоколдоо

Жаңы Нускама АВФ жазуусу токтогондон кийин катчынын аны сактоо функциясын жөнгө салат. АВФ жазуулары жана протокол соттун сервердик жабдыктарында автоматтык түрдө сакталат, андан кийин сот тутумунун серверлерине көчүрүлөт. АВФ тутуму жазылган жана белгиленген маалыматтарга таянып сот отурумунун протоколунун тексттик шаблонун автоматтык түрдө даярдайт. Андан кийин катчы АВФ жазууларын улам токтотуп  угуу аркылуу сот отурумунун толук протоколун даярдайт. Катчы протоколдун тексттик бөлүгүн гана өзгөртө алат, ал эми АВФ жазуулары өзгөрүүсүз калат.

Нускаманын толук нускасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин сайтынан таанышууга болот.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн IDLO жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Кыргызстандагы сот чечимдеринин ачык порталы жер талаштарына ачык-айкындуулукту жана акыйкаттыкты камсыз кылууга мүмкүндүк ачты.

2015-жылы Акылбек Ажымаматов өзүнүн мунай продуктуларын ташуу компаниясы үчүн сегиз гектар жер тилкесин сатып алган. Бирок ал келишим 2,5 жылга созулган соттук териштирүүгө алып келет деп күткөн эмес. Ал жер тилкесин Кара-Балта шаарында банктан сатып алган. Жерди мурдагы ээлери күрөөгө коюп, өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн банкка өткөн экен. Акылбек алгандан кийин жер тилкесин менчиктештирүү учурунда мүчөлүштүктөр болгондугуна көзү ачылган. Менчик укугуна ээ документтери болгонуна карабастан, ал ага болгон укугун сот аркылуу талашууга аргасыз болгон.

«Бул жердин акысын биз келишим боюнча төлөдүк. Өсүп жаткан бизнести кеңейтүү үчүн бул жер бизге чоң стратегиялык мааниге ээ эле – жол биздин кампанын жанынан өтөт. Дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоонун логистикасын кыйла натыйжалуу кылмак. Бирок мен толук укукка ээ болбой туруп ал учурда эч нерсе кыла алган жокмун», – дейт ал.

Ажымаматов алгач райондук сотто, андан кийин облустук сотто эки жолу утулуп калган. “Биринчи жолу утулганда менин шагым сынып, мындан майнап чыкпайт деп ойлоп, бардык жерде эле утулуп калабыз деп ойлогом”, – дейт Ажымаматов.

ЖЕР ТАЛАШТАРЫ ЖАНА КАТАЛАР

Кыргызстан үчүн Ажымаматовдун иши өзгөчө жаңылык эмес. Мындай жер менчиктери боюнча талаш-тартыштар 1990-жылдары Советтер Союзу кулагандан кийин жүргүзүлгөн массалык мамлекеттик менчиктештирүү кампаниясынан кийин башталган. Ошол учурда өлкөдөгү бардык жерлердин жалгыз ээси болгон мамлекет 4-5 жыл аралыгында 1,2 миллион гектардан ашык айдоо жерлерин жеке колго өткөрүп берген.

Бул массалык менчиктештирүү шашылыш жасалган, ага кошо бир топ укуктук реформалар, массалык миграция, коррупция жана башка маселелер менен коштолгон. Анын айынан жер талаштары курчуп кеткен. Кыргызстандын сотторундагы болгон жер талаштар жарандык иштердин кеминде 30% түзүп келет. Судьялардын каталары, алардын мыйзамдарды туура эмес чечмелөөсү соттун адилетсиз чечимдерине алып келген.

ACT.SOT.KG ЧЕЧИМ СУНУШТАЙТ

Эки көзкарандысыз юридикалык эксперттер Индира Айтбаева жана Бактияр Парпиев жер талаштары боюнча соттун талаштуу чечимдерин изилдеп көрүүнү чечишкен. 2015-жылдан бери алар өлкө боюнча сот тарабынан караган жүздөгөн жер талаштарын иликтеп, алардын каталарын талдап, аныктап чыгышкан.

Бул мүмкүнчүлүк USAIDдин колдоосу менен IDLO тарабынан ишке ашкан “Сот тутумун бекемдөө” жана “Ишенимдүү сот” долбоорлорунун көмөгү менен иштелип чыккан ACT.SOT.KG сот чечимдеринин жаңы онлайн маалымат базасынын аркасында ачылган. Долбоордун колдоосу менен жүздөгөн кызматкерлер, соттун IT адистери жана судьялар бул жаңы инструментти иштеп чыгууга катышышкан. ACT.SOT.KG пайда боло электе, мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизиле электе Жогорку Соттун макулдугусуз жүз эмес, бир сот чечимин изилдөө үчүн алуу сотто иштебегендер үчүн мүмкүн эмес эле.

Бүгүн ACT.SOT.KG сайтында 275 миңден ашык соттук актылар жайгашкан, алар компьютер же телефондон бир баскыч менен ачып көрүүгө мүмкүн. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча соттор 90%дан ашуун өз чечимдерин жана процессуалдык документтерин жарыялап келишет.

Соттун чечимдерин биринин артынан бирин карап чыккан эксперттер мыйзамдарды чечмелөөдө көптөгөн дал келбестиктерди таап, судьялардын каталарын аныкташкан. Менчик укугун, жердин чегин аныктоо, жерди алуу, укуктук процедуралар жана башка көптөгөн маселелерге байланыштуу көйгөйлөрдү аныкташкан.

Айтбаева бул сайт маселени кеңири көрүүгө жардам берет дейт. «Кеңсеңизде отуруп эле өлкө боюнча сот тажрыйбасы жөнүндө жалпы маалымат ала аласыз. Сизге болгону интернет керек», – дейт ал.

“Биздин колубуз узарып, өтө көп маалыматты натыйжалуу иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ушунчалык бат көнүп калдык”, – деп Парпиев кошумчалады.

БИРДИКТҮҮ СОТ ТАЖРЫЙБАСЫ

Эксперттер жүргүзгөн анализ жер талаштары боюнча сот чечимдериндеги бардык карама-каршылыктарды так көрсөтө алган. Эксперттер келечекте ушул сыяктуу жер талаштарын чечүүгө жардам берүүчү көрсөтмөлөрдү даярдашкан.

2018-жылы Жогорку Соттун Пленуму жер талаш-тартыштарын кароо боюнча бүтүндөй сот тутуму үчүн милдеттүү болгон токтом кабыл алган.

“Биз бул маселени көтөрүп, ага көңүл бурдуруп, Жогорку Сот сунуштарды кабыл алгандыгынан көп нерсени күтөбүз. Соттор акырындык менен аларды колдонуп, акырында бирдиктүү тажрыйбага өтөт деп ишенебиз”, – дейт Парпиев.

ИШТИН ЧЕЧИЛИШИ

2017-жылы Ажымаматов мырза Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Жогорку сот анын арызын кабыл алып, талашты анын пайдасына чечкен.

«Бул мени адилеттүүлүк бар экендигине ишендирген бурулуш учур болду», – дейт Ажымаматов, – «бул жер тилке менен мен Кара-Балта шаарындагы дыйкандарга жана жергиликтүү ишканаларга күйүүчү-май материалдарын жеткирүүнү жана сактоону арзан баада камсыз кылууга мүмкүнчүлүк алдым. Мындан тышкары, дыйкандарга продукциясын сактоочу жай берүүгө, аларды экспортко ташууга мүмкүнчүлүк ачылды”.

Парпиев мырзанын айтымында, бул иш сот тажрыйбасында жер талаштары боюнча шайкешсиздиктин эң көрүнүктүү мисалы болуп саналат. Себеби изилдөөнүн жүрүшүндө кудум окшош жер талаштарды ар башка соттор ар башкача чечип келгендиги аныкталган эле. Бирок Парпиев Кыргызстандагы соттор бирдиктүү сот тажрыйбасын кабыл алып баштаганда мындай айырмачылыктар жок болот деген үмүттө.

2020-жылы Индира Айтбаева адвокаттар Алмаз Акматалиев жана Венера Болтобаева менен биргеликте дал ушул act.sot.kg веб-сайтын колдонуп, жер талаштары боюнча сот тажрыйбасына дагы бир ирет жалпы улуттук талдоо жүргүзгөн. Салыштырмалуу талдоонун натыйжасында сот тажрыйбасында олуттуу жылыштар болгондугу аныкталган. Анын айтымында, жер талаштары боюнча сот тажрыйбасы учурда мыйзамга шайкеширээк келип, анын натыйжасында коррупция азайып, сот тутумунун ачык-айкындуулугу жогорулаган.

COVID-19дун таркоосу менен Кыргызстанда бир катар талаш-тартыштар пайда болууда. Бирок өзгөчө азыркы учурда жаңы коронавирустун кесепеттеринен коргонуу абзел, жолугушуулар чектелүүсүү керек. Мындай талаш абалдарды чечүүдө эң мыкты чечим – бул медиация.

2019-жылдын 25-26-октябрында, Бишкек шаарында эки күндүк “Коммерциялык иштер боюнча талаш-тартыштарды мажбурлап аткаруу: жетишкендиктер, чакырыктар жана андан ары өнүгүү” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дильфуза Боронбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары — Саякбаев Максат Бердибекович, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов, ЕРӨБдун укуктук реформа бөлүмүнүн директору Мишель Нуссбаумер, Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директору Фред Хьюстон, Россия Федерациясы, Украина, Монголия, Молдова, Таджикистан, Өзбекстан, Казахстан Республикаларынан келген эксперттер, ошондой эле алдынкы эл аралык жана чет элдик уюмдардын өкүлдөрү катышышууда.

Бул аянтчанын алкагында экономикалык иштер боюнча соттук актыларды мажбурлап аткаруу, анын өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жана стабилдүүлүгүнө болгон ролуна байланыштуу бир катар маселелер, коммерциялык талаштарды жараткан өндүрүштөр боюнча сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо, аткаруу өндүрүштөрүн автоматташтыруу жана санариптештирүү, көйгөйлөр, ошондой эле чет өлкөлүк сот актыларын аткарууда мүмкүн болгон чечимдер талкууланууда.

Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева саламдашуу сөзүндө бүгүнкү конференциянын темасы өлкөбүздө актуалдуу болуп жаткан көйгөй – сот актыларынын аткарылышына арналгандыгын, акыркы жылдары бул маселеге көбүрөөк көңүл бөлүнө баштагандыгын белгиледи. Жыйындын катышуучуларына жемиштүү жыйынтыктарды, практикада кеңири колдонууга жарамдуу сапаттуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кызыктуу дискуссияларды каалады.

Көтөрүлгөн теманын актуалдуулугун Кубанычбек Капалов да белгилеп өттү. Катышуучулардын көңүлүн Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүн санариптештирүү жана маалыматтык технологияларды киргизүү иштери кызуу жүрүп, Сот департаментинин материалдык-техникалык базасы жакшырып жаткандыгын белгиледи. Конференцияны уюштурууга колдоо көрсөткөн Мишель Нуссбаумер, Маргарита Мелдон айымдарга жана Фред Хьюстон мырзага ыраазычылык билдирип, рахматын айтты. Сөзүнүн аягында бүгүнкү конференцияга катышып жаткан эл аралык уюмдар жана өлкөлөр менен мындан ары да эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бекемдөөсүнө жана өнүгүүсүнө үмүт артаарын кошумчалады.

Алыстан окутуу, онлайн-китепкана, устат-шакирт программасы, сот жетекчилерин терең окутуу, региондо сотторду окутуу мектеби, басылма иши. Булар USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасынын алкагында өткөн Италияга болгон окуу сапарынан кийин киргизилүүдө.

Эльмира Байтикова 2019-жылдын сентябрь айында КР Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине (САЖМ) директор болуп дайындалган. Ал эми 21-25 октябрда Кыргызстандын делегациясы менен чогуу Италияга окуу сапары менен барып келген. Анын айтымында, дал ушул программа ишеним жаратып, бир нече өзгөртүүлөрдү алып келди.

«Көп нерселерди биз мурдатан бери эле пландап келгенбиз, бирок дал ушул Италияга болгон окуу сапар бизге ишеним алып келди, кантип аткаруу керек экендигин көрө алдык», – дейт Эльмира айым.

Соттор үчүн алыстан окутуу

Италиядагы сотторду окутуу мектебин (магистратурасын) көрүп, Кыргызстандык делегация алыстан окутууну сөзсүз киргизүү керектигине ынанган.

«Италияда алыстан окутуу жакшы иштейт экен, алардын тажрыйбасы бизди шыктандырды», – дейт САЖМдын мүдүрү.

Сот адилеттигинин жогорку мектеби алыстан окутуу боюнча стратегияны иштеп чыгышты. 2020-жылы иштеп баштай турган онлайн-платформаны дагы даярдашты. Окуу сапарында чогуу барган Армениялык кесиптештер өздөрүнүн ушул тармакта тажрыйбасын дагы бөлүшүүгө даярдыктарын билдирген.

Соттор үчүн басылма

Эльмира Байтикова Италиялык кесиптештеринин басылма тармагындагы жакшы иштерди алып баргандары менен дагы таанышкан. Эми бул тажрыйбаны Кыргызстанга алып келүүнү болжолдоп турат.

«Италиялык мектепте басылма иши жакшы коюлуптур, ар кыл кейстер боюнча пособиелерди дагы чыгарышат экен. 2020-жылы биз өзүбүздүн структурабызды өзгөрткөнү турабыз, эгерде бул план колдоого алынса, анда басылма иши боюнча тармакты өзүбүзгө алабыз», – деп билдирди.

САЖМ эми бул тармакта иштөөнү пландоодо. Учурда онлайн-китепкана пайда болду, жарандык жана кылмыш иштери боюнча пособиелер даярдалып жатат, алар бардык судьяларга жеткиликтүү болот.

«Италиялыктарда судьялар өздөрү тандап, өздөрү окуй ала турган көп курстары, онлайн-китепканасы бар экен. Мындай китепканабыз бизде жок эле, азыр биз сайтыбызда баракча ачып, пособиелерди чыгара баштадык», – дейт Байтикова.

Сот жетекчилерин терең окутуу

Сот жетекчилерин башкарууга гана эмес, бюджетти түзүүгө, ювеналдык юстиция иштерин алып барууга терең даярдоону САЖМ Италияга болгон сапардан кийин пландай баштады.

«Биздеги сот жетекчилери ар үч жылда алмашып турушат, андыктан аларды терең жана өз алдынча окутуубуз керек», – дейт САЖМдын мүдүрү.

Мындан тышкары, эгерде региондо мектеп ачуу планы ишке ашса, анда алыскы түштүк аймактарындагы судьялар Бишкекке окуу үчүн келбей калышат.

«Биз түштүк региондо филиал ачууну ойлонуп жатабыз, себеби бул алыс жайгашкан жана ал жактагы судьяларга ыңгайлуу болот. Италияда ушундай регионалдык мектептери бар экен. Алардын тажрыйбасын изилдегенден кийин, бул жыйынтыктуу болот деп чечтик», – дейт Байтикова.

Дагы башка САЖМды кызыктырган кейс – бул Армениядагы академиянын тажрыйбасы болгон.

«Арменияда окууга келген судьялар бир жерде окуп, ошол эле имаратта тамактанып, түнөшөт экен. Бул ыңгайлуу, ушул тажрыйбаны биз дагы өзүбүзгө алсак болчудай, себеби биздин судьялар келгенде биз аларды мейманканаларга жайгаштырып келебиз», – дейт Эльмира Байтикова.

Жаңы судьяларга устаттар болот

Кыргызстандын делегациясы окуу сапарга чогуу катышкан Украинанын улуттук мектебинин дагы тажрыйбасы менен таанышкан. Өзгөчө алардын «устат-шакирт» программасы жаккан.

«Тажрыйбалуу судьялар жаңы судьяларга жардам берчү мындай устаттык программа бизде иштеп баштай элек, азыр иштелип чыгууда. Биз Украиналык кесиптештерибиз менен меморандумга кол коюп, дал ушул тажрыйбасын үйрөнүүнү көздөп турабыз», – деп Эльмира Байтикова кошумчалады.

Анын айтымында, «Кыргызстанда 80 пайыздан ашуун судьялар өзгөргөн: алар жаш, көпчүлүгүндө беш жылдан ашкан тажрыйбасы жок».

Окуу сапары

Аталган окуу сапары USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасынын алкагында 2019-жылдын 21-25-октябрында өткөн. Делегаттар Италиянын сот системасын жана судьяларды окутуу тажрыйбасын жакындан көрүп келишкен.

Кыргыз тилиндеги толук интервью: 

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту USAID-IDLOнун “Ишенимдүү сот” программасынын көмөгү менен ЖМКлар жана журналисттер арасында сот тутумунун 95 жылдыгына карата сынак жарыялагандыгын билдирет.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

  1. “Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердүүлүгүн мыкты чагылдыргандыгы үчүн”;
  2. “Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформаны мыкты чагылдыргандыгы үчүн”;
  3. “Кыргыз Республикасынын судьялары тууралуу мыкты материал” боюнча.

Сынактын максаты – сот бийлигинин ишмердүүлүгү тууралуу элге маалымат жеткирүү, сот тутумуна болгон ишенимди жана Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өнүгүү тарыхы тууралуу жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу.

Сынактын жыйынтыгы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сайтында жайгаштырылат.

Сынакка катышуу үчүн материалдар төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Абдумомунов көч.205, КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы, 0(312) 66-32-05 e-mail: pressa@sot.kg, jogorku_sot@mail.ru.

Сынак массалык маалымат каражаттарында 2019-жылдын июль айынан 16-декабрына чейин чыккан басылмалар, телевизиондук жана радио берүүлөр, сюжеттер кабыл алынат.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Сынакка материалдарды жеке журналисттер менен катар, гезиттердин редколлегиялары жана теле жана радио компаниялар жиберүүгө укуктуу. Сот органдарынын басма сөз кызматтары сынакка катышууга укуксуз.

  • Гезитке же журналдарга жарыяланган материалдар (билдирүүлөр) түп нуска, же басылманын аталышы, номери жана жарыкка чыккан күнү көрсөтүлүү менен көчүрмө түрүндө кабыл алынат.
  • Телевизиондук сюжеттер дискте кабыл алынат. Мындан тышкары телеканалдын, берүүнүн аталышын, эфирге чыккан убактысын жана саатын көрсөтүү менен көчүрүүгө мүмкүн болгон шилтемесин жөнөтүүгө жол берилет.
  • Радиосюжеттер дискте кабыл алынат. Ошондой эле бул сюжеттерди радиостанциянын жана берүүнүн аталышын, эфирге чыккан убактысын жана саатын көрсөтүү менен көчүрүүгө мүмкүн болгон шилтеме түрүндө жөнөтүүгө жол берилет.

Сынакка келген материалдарга, анын автору тууралуу төмөндөгү маалыматтар тиркелүүгө тийиш: аты-жөнү, иштеген жери, кызматы, байланыш телефону.

Жеңүүчүлөргө салтанаттуу түрдө баалуу белектер тапшырылат.

Мыкты материалдар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сайтында жайгаштырылат.

Сынакка жиберилген материалдар рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

Коммерциялык чырларды чечүүдө сөзсүз эле сотко кайрылуу керекпи же элибизге илгертен жакын болгон данакерлик – медиацияны колдонсо болобу? Ушул тууралуу медиаторлор, бизнес-өкүлдөрү КТРКнынCAPITAL программасында кеңири жооп беришти. Бул көрсөтүү Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) жана Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) Кыргыз Республикасында коммерциялык медиацияна өнүктүрүү долбоорунун алкагында даярдалды.

Бишкекте судьялардын катышуусу менен атайын «Массалык маалымат каражаттары менен байланышуунун чеберчилиги» аталган эки күндүк тренинг 24 июлда өз ишин баштады. USAID-IDLOнун «Ишенимдүү сот» программасынын алкагында Жогорку Сот тарабынан уюштурулган бул ишаракет сот системасындагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган.

«Сот бийлигинин адилеттүүлүгүн түзүүдө массалык маалымат каражаттары сот тутумунунун ачык айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн жогорулатуусунда чоң мааниге ээ. Кыргыз Республикасындагы сот реформалары тууралуу жана башка бир катар маалыматтарды журналисттер сурап калышы мүмкүн. Ошондуктан мындай окутуу маанилүү», – деп Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева билдиргенин анын орун басары Нургүл Асанова кабарлады.

Жогорку соттун басма-сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева билдиргендей, бул төртүнчү жолу өтүп жаткан ишаракет. Мындай окутуунун керектиги көптөгөн журналисттер судьялардан интервью алуу керектигин айтып келгендиктеринен келип чыккан.

«Коомчулуктун көбүрөөк маалымат алуусуна шарт түзө турган мындай ишаракетке шериктеш болуу биз үчүн сүйүнүчтүү. Коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен баарлашуунун зарылдыгы күндөн-күнгө өсүүдө», – дейт Өнүгүү укугу боюнча эларалык уюмунун (IDLO) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору жана USAID-IDLOнун «Ишенимдүү сот» программасынын жетекчиси Фред Хьюстон.

Бул тренингдин окутуучулары “Журналисттер” бирикмесинин төрагасы жана медиа-эксперт Марс Тулегенов жана видео-тартуу боюнча адис Бакыт Сагындыков. Эки күн бою алар судьяларды коомчулук жана ММК алдында маалымат жеткирүү жана сүйлөө чеберчиликтерин үйрөтүшөт.

USAID-IDLOнун «Ишенимдүү сот» программасы Кыргыз Республикасында жарандардын укуктарын коргогон жана укук үстөмдүгүн колдогон бийликтин көз карандысыз бутагы катары коомчулуктун сот тутумуна ишенимин көтөрүүгө багытталган.

Кыргызстанда талаш-тартыштарды сотко жеткирбей чечүүгө жардамдашкан өзүнчө кызмат пайда болду. Аларды медиатор деп аташты. Анын артыкчылыгы – жарандык иштер ыктыярдуу, купуялык негизде эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши мүмкүн. Би-би-синин баяны.


Медиаторлор үчүн ар бир сот имараттарында өзүнчө бөлмө же бурч ачылып берилүүдө.

Рахат Абдылдаева, медиатор: Медиация талашты тез убакты чечиши мүмкүн. Төлөмү арзан. Доодон баш тартылган учурда мамлекеттик алым кайтарылып берилет. Медиация мыйзамы коррупциянын бирден бир күрөшүү элементи катары кабыл алынган мыйзам деп айтып кетем.

Сотко арызданып келген ар бир адамга судья медиатор менен маалыматтык жолугушууга барууга кеңеш бериши керек. Бул кыргыз мыйзамындагы өзгөчөлүк деп айтсак болот.

Анар Эгембердиева, судья: Медиаторлор сотторго эч убакта атаандаш болбойт деп ойлойм, көбүнчө партнер болот болушу керек. Себеби соттордо болгон иштердин санын азайтканга жардам берет, чечимдерди эртелеткенге жардам берет. Жарандык процесстик кодексте түздөн-түз көрсөтүлгөн, биз тараптарга алардын укук-милдеттерин түшүндүргөндө эки тарап тең макул болсо, анда медиациялык жолугушууга жөнөтөбүз.

Медиатор менен жолугушкан адам аны менен иштешеби, жокпу – өзүнүн ыктыярында. Бирок медиаторлордун кызматына кайрылгандар азырынча аз.

Респондент: Өзүм да кайрылганмын медиация боюнча. Медиациянын артыкчылыгы ойлойм, биринчиден сенин убактың эконом болот, каражат жактан сага үнөмдүү болот деп ойлойм.

Медиация жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгына бир жылдай убакыт болуп калды. Бул ишке убагында эларалык уюмдар да жакшы жардам берди.

Дильбара Максимбекова, IDLO уюмунун кеңешчиси: Эларалык тажрыйбаны изилдедик. Башка өлкөлөрдүн медиациянын чоң тажрыйбасы бар. Чыр чатактарды чечүүгө бейтарап адам – медиатор жардам берет. Натыйжада эки тарап тең утушка ээ болот. Конфликт эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен чечилет. Биздин уюм бул маселени карап жатканда, бул институт кыргыз элинин менталитетине туура келет деп чечтик. Элибизде илгертен аксакалдар, бийлер, казылар болгон, алар өздөрүнүн турмуштук чоң тажрыйбасына таянып, ушул конфликттик кырдаалды чечүүгө жардам беришкен.

Жаңы кызматтын кемчил жагы медиациянын артыкчылыгы жөнүндө маалымат элге жеткиликтүү боло элек.

Гулсина Кожоярова, Медиаторлордун коомдук бирикмесинин жетекчиси: Колдоо болсо, бул институт бутуна тез эле туруп кетет эле. Мындай алсак, бул азыр кичине бала, ушул медиация. Анын жөргөлөп жүргөн мезгили да. Бутуна тургузуш, чоңойтуш, көп убакыт анан көп каражат талап кылат. Каражат кайсы, медиаторлор өз окуусун өздөрү төлөп окушат, бирок элге маалымат жеткирүү боюнча – ошол жактан мамлекет колдоп берсе, мен ойлойм бул институттун пайдасы көп.

Мыйзам боюнча медиаторлор азыр жарандык, экономикалык иштерди жана оор эмес кылмыштарды дагы карай алышат.

Ала-Тоо Эларалык университетинин юридикалык тармагында билим алган студенттери азыр Кыргызстандагы Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунда (IDLO) тажрыйбасын такшалтып жаткан канадалык юрист Стэйси Хсу менен жолугушуп, медиация маселесин талкуулашты.

“Талаш-тартыштарды чечүүдө бейтарап данакер аркылуу чечүү, башкача айтканда медиация, Канадада терең таркаган. Бул өлкөдө 90 пайыз араздашуулар сотко жетпей эле чечилет”, – дейт Хсу, “Кыргызстан бул өлкөнүн медиация тажрыйбасын үйрөнсө болот”.

Медиациянын негизи жана анын Канададагы жетишкендиктери студенттерди кызыктырды. Анын коомдогу таасири, кантип жакшы медиатор болуу, медиаторлордун Канадада ийгиликке жетишүүсү жана медиаторлордун маяна акысы канча болот деген суроолор жолугушуунун көңүл чордонунда болду.

“Натыйжалуу медиатор болуу үчүн тажрыйба эң маанилүү, сыртка чыгып медиация жасоо керек. Ал жөнүндө китептерден эле окуу жетишсиз”, деп Хсу жооп берди, “эң мыкты тажрыйбаны медиацияга катышуу же аны өткөрүү аркылуу гана алса болот”.

Стэйси Хсу өзү адвокат болуп иштеп жүргөн Канададагы Онтарио шаарында жүздөгөн медиациялык иштерге катышкан. Университеттин студенттерине ал эми кайрадан бир нече жумадан кийин барып, алардын медиациялык алгачкы тажрыйбасын окуу түрүндө өткөрүүгө көмөктөшөт. Хсу айым Канаданын адвокаттар бирикмеси жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Кыргызстанда иштеп жатат.

“Студенттердин Кыргызстанда 2018-жылы мыйзамдын негизинде иштеп баштаган медиацияга кызыгуусу бизди кубантат, негизи эле медиация сотко караганда азыраак чыгымдуу, купуяны сактайт жана тараптардын муктаждыктарын эске алат”, – деп IDLOнун программалык координатору Айжаркын Шынгыс кызы билдирди.

Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюму (IDLO) Кыргызстанда медиацияны ишке киргизүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен кызматташып келет. Анын программалары өлкөдө Медиаторлордун республикалык коомдоштугун түзүүгө, медиаторлордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана коомчулуктун бул тууралуу маалымат алуусуна көмөктөшүп келет.