Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, суу ресурстары тармагында аткарыла турган иштерге токтолду.

Быйылкы жылга приоритет катары 4 багытка токтолгон МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев алгач агын суу маселеси жаралбашы үчүн суткалык жөнгө салуу бассейндеринин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндеринин (БДР) курулушу кызуу жүргүзүлөөрүн билдирди.

Маселен, Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтарды куруу, ошондой эле мурдагы суу сактагычтарды оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Ал үчүн бюджеттен 2 млрд 200 млн сом бөлүнгөнүн Бакыт Төрөбаев кошумчалады.

“Жалпы республика боюнча 1 млн 28 миң гектар сугат жер аянты болсо, ал эми 11 ири суу сактагыч жана 406 бассейн бар. Бирок бул суу сактагычтардын саны азыр жетишсиз болуп жатат. Ошол себептүү жаңы чакан суу сактагычтарды куруу жана оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы турат. Учурда 85 объектте иштер жүрүүдө. Эң башкысы дыйкандарды өз убагында сугат суу менен камсыздашыбыз керек”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ал ошондой эле бул багытта райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, жана айыл аймак башчылары жергиликтүү дыйкандар менен биргеликте тамчылатып сугаруу системасын ар бир районго пилоттук долбоор катары киргизилерин кошумчалады.

2023-жылдын 12-ноябрында Ош шаарында  кичи жана орто бизнестин ишкерлери үчүн маалымат жыйыны өттү.

Негизги тема: бизнестеги талаш-тартыштарды жана конфликттерди коммерциялык медиация аркылуу кантип чечүү жана медиация процедурасы болгон учурда Долбоордун колдоосун кантип алса болот?

Маалымат жыйыны “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (2-фаза): COVID-19га каршы жооп” долбоорунун алкагында өттү. Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланып, Эл аралык Өнүктүрүү Укук Уюму (IDLO) менен биргеликте ишке ашырылууда.

Альтернативдүү ыкма

Жолугушуунун жүрүшүндө жыйрмадан ашык катышуучулар талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары медиация жөнүндө толук маалымат; ишкерлер үчүн коммерциялык ортомчулуктун артыкчылыктары жөнүндө; келишимдерди түзүүдө медиация пункттары жана медиация пункттарын колдонуу жөнүндө маалымат алышты, мындан тышкары медиация аркылуу коммерциялык талаштарды чечүү боюнча Долбоордун жардамын алуу боюнча этап-этабы менен инструкциялары менен таанышты.

Ишкерлерди кызыктырган негизги нерсе – бул коммерциялык медиациянын артыкчылыктары жана медиация келишимдерин аткаруунун натыйжалуулугу.

«Медиатор үчүн талаштын предмети эмес, тараптардын кызыкчылыгы маанилүү. Медиатор тараптардын кызыкчылыктары менен иш алып баруу менен аларга эки тарапка тең пайдалуу чечим табууга көмөктөшөт», – дейт медиатор, УОКтун Ош филиалынын жетекчиси Авазбек Шамшиев.

Ал мисал катары видеону көрсөттү.

https://www.youtube.com/watch?v=OdZep6cAAqQ

Медиациянын артыкчылыктары

«Медиация келишими тараптардын ар биринин кызыкчылыгына жооп бериши керек, эгерде бир тарап тышынан эле макул болсо, бул тарап келишимдерди аткарат дегенге кепилдик кантип беребиз? Тараптар мындан аркы кызматташууга кызыкдар болуп, курч кырдаалдан чыгуунун жолун издесе, медиация ийгиликтүү болот. Медиатор өзүнүн ыкмасын колдонуу менен тараптарга чечим табууга жардам берет”, – дейт медиатор Ажар Тюлегенова.

«Эгерде чыр-чатактар ​​боюнча тараптардын бири сотко кайрылса, экинчи тарап муну согуштун белгиси катары карашы мүнкүн. Бирок бизнеске бүтпөс чыр-чатактар ​​эмес, натыйжа керек. Талаштарды жана чыр-чатактарды ийкемдүү чечүүгө мүмкүндүк берген коммерциялык медиация жөнүндө билгениме кубанычтамын. Мындан ары Кыргызстандагы коммерциялык медиация жана медиаторлор тууралуу маалымат менен таанышам», – дейт ишкер айым Гүлдар Калбаева.

Долбоордун жардамы

IDLO медиа эксперти Асыл Осмоналиева катышуучуларга медиаторду кантип табуу жана коммерциялык талаштарды чечүүдө Долбоордун жардамын кантип алуу керектигин айтып берди.

«Бизнес финансы гана эмес, репутацияны да эске алып, кээ бир иш-аракеттерди кантип чечмелесе болорун жакшы түшүнүшөт. Талаштарды чечүүнүн альтернативалуу ыкмасы катары коммерциялык медиация өзүнүн артыкчылыктарына ээ жана азыр Долбоордун колдоосу менен медиатордун кызматын бекер алып, коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүгө болот», – деди Осмоналиева.

2023 –жылдын 13 июлунда Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм (IDLO) жана Кыргыз Республикасынын Медиаторлордун Коомдоштугу, ASB програмасынын консультантары үчүн маалыматтык жыйынын өткөрдү.

Бул жыйын “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (II-фаза): COVID-19га жооп” долбоорунун алкагында өтөт. Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланат жана Укукту өнүктүрү боюнча эл аралык уюм (IDLO) менен биргеликте ишке ашырылат.

Долбоордун максаты – чакан жана орто бизнестин коммерциялык медиацияны колдонуусун илгерилетүү жана колдоо боюнча Өкмөткө көмөк көрсөтүү.

Маалымдама: ASB программасы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал микро, чакан жана орто ишканаларга чыгымдарды бөлүшүү принцибинин негизинде ар кандай консультациялык кызматтарды алууга жардам берет.

Негизги темалар

Маалыматтык жолугушуунун жүрүшүндө  консультанттар медиациянын жол-жобосу жана анын артыкчылыктары менен таанышты. Андан сырткары, келишимдерде медиациалык эскертмелер эмне үчүн керек жана аны кандай колдонсо болорун угушту.   Катышуучулар медиаторлордун  реестринде медиаторду табуу боюнча маалымат алып жана коммерциалык талаштарды чечүүдөө долбоордун жардамын кантип алса болорун практикалык нускамалары менен таанышышты.

Медиаторлордун Коомдоштугунун төрайымы Ракыя Рахматованын айтымында, учурда республикалык реестрде 300дөн ашык медиатор бар (https://mediator.kg/mediators/). Потенциалдуу медиациянын кардарлары ар бир медиатордун профессионалдык портфолиосун серептеп тандап алса болрун айты.

IDLOнун КР өкмөт консультанты Дилбар Максимбекова келишимдердеги медиация эскертмелеринин түрлөрү, аларды колдонуунун өзгөчөлүктөрүнө түшүндүрмө берди. Катышуучуларды медиация келишиминин аткарылышы, медиациянын кайсы чөйрөдө колдону болорун, коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн эффективдүү каражаттары кызыктырды. Консультанттардын өтүнүчүн эске алуу менен Максимбекова медиациянын, соттун жана арбитраждын ортосундагы айырмачылыктарга кеңири токтолду.

Коммерциялык медиацияны өнүктүрү долбоорунун эксперти Чолпон Самсалиева катышуучуларды  долбоордон жардамын кантип алса болорун айтып берди. Долбоордун шарттарына ылайык, ишкерлер коммерциалык талаштарды медиация ыкмасы менен чечүү үчүн  долбоорго кайрылса болот. Медиатордун кызмат акысын долбоор өзүнө алып, ишкерлер үчүн медиатордун кызматы бекер болот.

Практикага умтулуу

KG Аналитика Интеллектуалдык Фондунун директору Сымбат Сатыбалдиева келишимдерге медиативдик эскертмелерди киргизүү коомдо конструктивдүү байланыш түзүүгө жардам берет деп эсептейт.

ЖЧК “Профи АйТи” Георгий Шелухин медиаторлор үчүн рейтинг системасын киргизүүнү сунуштады.

Катышуучулар медиация боюнча маанилүү маалыматтарды алып, эң негизгиси медиация процедурасы аркылуу талаш-тартыштарды чечүүнүн  алгоритмин билишкендигин белгилешти.

Улуттук медиация борборунун Ош шаарындагы филиалынын жетекчиси Авазбек Шамшиев медиация ыкмаларын мыкты колдонуп сотто каралып келген талашты чечип, андан сырткары- тараптардын ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүгө жол ачты.

Убагында Авазбек Шамшиевге ар кыл тармактарда иштөөгө туура келген: Космос изилдөө институтунун конструктордук бюросунда инженер, мамлекеттик кызматтарда, суу менен камсыздоо боюнча биргелешкен ишкананы жетектеп келген. 2019-жылы медиатор деген жаңы кесипти өздөштүрүп, бир канча убакыттан кийин Улуттук медиация борборунун Ош шаарындагы филиалын жетектеди.

Бир нече жыл мурун сот эки тарапты медиацияга жиберишкен.

«Маселенин өзөгү мындай болду: эки дос коңшулаш жерде иштеп жүрүшкөн: биринде унаа жуучу жай, экинчисинде унаа оңдоочу ишкана бар эле. Бирок бир аз убакыттан кийин унаа жуучу жайдын ээси каза болуп, бизнес маркумдун уулуна өткөн. Бир нече убакыттан кийин унаа жуучу ишкансынын ээси эки ишкананын ортосундагы жерди өзүмдүк менчик кылып бөлүп берүүнү талап кылып сотко кайрылган», – дейт ортомчу.

Медиатордун айтымында талаштуу жер тосулган эмес- ал жерден эки ишкер тен колдонушуп, унаа киричүү жол болуп калаган экен. 

Тараптардын кызыкчылыктары

«Маалыматтык жолугушуунун жүрүшүндө мен 2,5 чарчы метр жер тилкеси эмне үчүн азыр чатак болуп калганына түшүнүүгө аракет кылдым. Бир машинаны араң бата турган жер эмнеге ушул учурда талашка себеп болду? Тараптардын мамилесинин курчушуна кайсы факторлор түрткү болду, тараптардын чыныгы кызыкчылыгы эмнеде?», – деген суроолорга жооп идедим дейт Шамшиев.

Шамшиев документтерди, жердин картасын изилдей баштады. Ушул убакытта мурун суу менен камсыздоо долбоорлорунда иштөө тажрыйбасы пайдалуу болду. Көрсө  талаштуу жердин астында суу түтүктөрү  өтүп жатканын экен.  Унаа жуучу жайдын ээси үчүн суу бизнестин гүлдөшүнүн эң маанилүү фактору экени белгилүү болду. Бирок унаа жуучу жайдын ээси жерди тороп койсо, унаа оңдоочу жайга кире бериши жабылмак.

“Медиация учурунда жаңы маалымат ачык чыкты: мындан бир нече ай мурун унаа оңдоочу жайдын ээси жолду оңдоп, бир нече күн сууну бууп, бирок унаа жуучу жайдын ээсине билдирбеген экен. Экинчи тарап буга нааразы болуп сотко кайрылууну чечиптир. Медиациянын жүрүшүндө тараптар бири-бирин түшүнүшүп, келишим түзүштү: алар жэрди торошпойт,  унаа жуучу жайдын ээси – сууну колдонот. Участок, суу түтүгү оңдой турган болсо, бири-бирине алдын ала кабарлашат», – деди Шамшиев ортомчулук келишимдин жыйынтыгы боюнча.

Долбоордун стратегиясы

Ал эми азыр Шамшиев коммерциялык медиацияны өнүктүрүү боюнча долбоорго активдүү катышууга ниеттенүүдө.

“Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (II-фаза): COVID-19га жооп” долбоору Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланат жана Өнүгүү укугу боюнча
эл аралык уюм (IDLO) менен биргеликте ишке ашырылат.

Бул долбоордун алкагында ал буга чейин онлайн медиация боюнча окуудан өткөн жана азыр медиацияны онлайн да, түз жолугушууларда да жүргүзүү үчүн бардык көндүмдөрү бар.

ЕРӨБ жана IDLO коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун жетекчиси Дилбар Максимбекова жакынкы аралыкта медиаторлор менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда маалыматтык жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле соттордо кезек боюнча нөөмөт жүргүзүү  пландалып жатканын маалымдайт.

«Долбоордун негизги максаты – долбоордун алкагында коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Коммерциялык талаш-тартыштарды ийгиликтүү чечүү өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун ачкычы», – деп эсептейт Максимбекова.

Шамшиевдин айтымында, долбоордун  колдоосуу менен медиаторлор үчүн кесипкөйлүгүн жогорулатууга, өнөктөштүк тармагын бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мүмкүндүк ачылат.

Медиативдик эскертме – бул келишимдин тараптары
ортосунда талаш пайда болгон учурда медиацияны колдонуу
мүмкүндүгүн караштырган келишимдеги (контракттагы) шарт.
Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө медиация мүмкүндүгү жөнүндө
эскертмени коммерциялык келишимдерге киргизүү стандарт болуп
саналат.

Медиативдик эскертме ишкерлерге соттук же
арбитраждык талаштын ордуна, же соттогу териштирүү менен
бирге медиация процедурасын демилге кылууга жол берет.

Кыргызстандык медиаторлорду “Кыргыз Республикасындагы коммерциялык медиация (II фаза: COVID-19га жооп берүү” долбооруна катышууга билдермесин жиберүүгө чакырабыз. Бул долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (EBRD) тарабынан  каржыланып жана Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму (IDLO) тарабынан ишке ашырылат.

Бул долбоорго катышуу менен медиаторлор ишкерлерге коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүгө жардам берип, коммерциялык медиатор катары профессионалдык деңгээлин жогорулатып, Кыргызстандагы эң талапту медиаторлордун бири болууга шарт түзүлөт.

Долбоор эки негизги компоненттен турат:

• Чакан жана орто бизнес үчүн коммерциялык медиация программасы.

• Соттордо пилоттук коммерциялык медиация.

Медиаторлор долбоордун бир жэ эки компонентине катыша алат.

Долборрдун биринчи компонентинин алкагында төмөнкүдөй иш чара пландашылган:

  • Чакан жана орто бизнестеги ишкерлер менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүү.
  • Акы төлөнүүчү коммерциялык медиация жол-жобосун жүргүзүү (медиаторлорго медиация жол-жобосун жүргүзгөндүгү үчүн сый акы төлөө долбоор тарабынан жүргүзүлөт).

Долборрдун экинчи компонентинин алкагында төмөнкүдөй иш чара пландашылган:

  • Пилоттук соттордо медиаторлор өздөрү тарабынан иштелип чыккан кезек боюнча нөөмөт жүргүзүү. Пилоттук соттор: Ленин шаардык соту, Ош шаардык соту жана Жалал-Абад шаардык соту.
  • Сот тарабынан жиберилген талаштын тараптары менен:
  1. Маалыматтык жолгуушуну өткөрүү
  2. Акы төлөнүүчү коммерциялык медиация жол-жобосун жүргүзүү (медиаторлорго медиация жол-жобосун жүргүзгөндүгү үчүн сый акы төлөө долбоор тарабынан жүргүзүлөт).

Долбоорго катышууга кызыкчылыгын билдирип төмөнкү документтерди жиберүү керек:

• Резюме,

• Медиатордун күбөлүгү (көчүрмөө),

• Паспорт (көчүрмөө).

Документтерди danakermir@gmail.com электрондук дарегине же IDLO консультанты Айбек Байтиковго WhatsApp номерине жөнөтүңүз: 0555 90 87 87.

Каттын темасына долбоордун кайсы компонентине катыша турганыңарды белгилеп коюну суранабыз.

Документтер 16 июндун 2023 ж. чейин кабыл алынат.

Эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү жана анын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен биздин куттуктоолорубузду кабыл алыңыздар. Конституцияда элдин эркиндиктин жана демократиянын шарттарында адилет жана мыйзамдуу коомдо жашоого болгон каалоосу жана талабы чагылдырылган.

Медиаторлордун Республикалык коомчулугунун (МРК) жаңыланган www.mediator.kg сайты керекитүү медиаторду издөөнү жана тандоону жеңилдетет.

Бул тууралуу МРКнын жетекчиси Ракыя Рахматова билдирди.

«Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана IDLO колдоосу менен коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун алкагында биздин сайтыбыз жакшыртылды. Биз сайттын мобилдик версиясын ишке киргиздик, медиаторлордун жалпы республикалык реестрин өнүктүрдүк», — деди Ракыя Рахматова. МРК сайтынын администратору Гүлнур Жусупова билдиргендей, эми ар бир медиатор www.mediator.kg сайтында жеке кабинетин түзүп, профессионалдык портфолио толтурууга мүмкүнчүлүк бар.

«Учурда биз медиаторлорду жаңыланган сайт менен иштөөнү үйрөтүп жатабыз», – дейт Жусупова.Окутуу республиканын бардык аймактарында иштеген медиаторлор үчүн мамлекеттик жана расмий тилде онлайн режиминде өтөт. Улуттук медиация борборунун Оштогу филиалынын директору Авазбек Шамшиев инновациянын маанилүүлүгүнө токтолду.

«Интернет мейкиндигинде өзүбүздү таанытуу биз үчүн өтө маанилүү: биз өзүбүздүн аймактын чек аралары жана жеке байланыштар чөйрөсү менен чектелбейбиз. Мен МРК сайтында жеке кабинет ачып, сертификаттарды, сүрөттөрдү жүктөө, жетишкендиктер жөнүндө маалымат таратууга мүмкүн болгонуна кубанычтамын. Медиаторлорду окутуу системдүү болуш керек», – деп эсептейт Шамшиев.

Медиаторду издөөнү жана алардын кызматына муктаж болгондор үчүн тандоону жеңилдетет. Эми медиаторду алардын адистиги, аймыгы, тил жана башка критерийлерга ылайык тапса болот.  Толук маалыматты медиатордун профессионалдык портфолиосунан  таанышууга болот.

IDLOнун Кыргыз Республикасындагы директору Дилбар Максимбекова медиацияны өнүктүрүү долбоору медиацины колдоо эатптарын айтып берди.

««Кыргызстанда медиацияны өнүктүрүү долбоору 2017-жылы башталган. Долбоордун биринчи фазасы медиаторлорду окутууга, координациялык органды – Республикалык медиаторлор коомун түзүүгө жана айрым коммерциялык талаштарды чечүүгө мүмкүндүк берди. Долбоордун экинчи фазасынын максаты – чакан жана орто бизнес үчүн коммерциялык медиацияны колдонууну илгерилетүү жана жеңилдетүү боюнча Кыргызстандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү. Ийгиликке жетүү үчүн коомчулуктун медиация боюнча маалымдуулугун, биринчи кезекте медиаторлор негизги ресурсу – www.mediator.kg сайты аркылуу өнүктүрүү  зарыл», — деди Максимбекова.

Учурда 250 ашык медиаторлор Реестрде катталган.

17, 18-мартта медиаторлор үчүн маркетинг кызматтары жана медиаторлордун жаңыланган www.mediator.kg сайтында жалпы республикалык реестри менен иштөө боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Тренинг коммерциялык медиацияны өнүктүрүү долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (EBRD) менен Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюму (IDLO) жана Медиаторлордун коомдоштугу менен биргеликте өткөрүлдү.

Онлайн жана оффлайн режиминде өткөн тренингдин биринчи күнүндө тажрыйбалуу тренер Улан Мухамед медиаторлорго маркетингдин негизги ыкмаларын үйрөттү. Катышуучулар медиатордун кызмат көрсөтүү рыногун талдоо жана сегментациялоо, жеке брендин жана өз кызматтарын натыйжалуу кардарларга билгизүү ыкамаларын менен таанышты.Тренингдин экинчи күнүндө катышуучулар Медиаторлордун коомдоштугугун  www.mediator.kg сайтындагы жаңылануулары менен таанышышты. Азыр сайттын мобилдик версиясы түзүлдү, жаңы функциялар медиаторлорго Жеке кабинетке кирүүгө жана портфолиосун – резюмелерди, сүрөттөрдү, сертификаттарды толтурууга мүмкүндүк берет.

Бул өз кезегинде талаш-тартышты же чыр-чатакты медиация жолу менен чечүүнү каалагандар үчүн медиаторду издөөнү жана тандоону жеңилдетет. Медиатор Эльвира Боромбаева «азыр www.mediator.kg сайты ыңгайлуу жана эффективдүү болуп калды» деп билдирди. Веб-сайтты сапаттуу жаңылоо жана медиаторлорду окутуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (EBRD) менен Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюму (IDLO) “Кыргыз Республикасындагы коммерциалык медитация: (фаза II ) COVID – 19га жооп”  долбоордун алкагында  Медиаторлордун коомдоштугу менен биргеликте өткөрүлдү.

2021-жылдын 21-декабрында Өнүгүү Укугу боюнча Эл аралык Уюму (IDLO) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборуна сотко доо арыз менен кайрылуу үчүн зарыл болгон документтердин Маалымдамасын тапшырды.

IDLOнун Кыргызстандагы директору Дильбар Максимбекова билдиргендей, бул Маалымдама жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сотко доо арыз менен кайрылуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин камтыйт.

Борбордун директору Акжол Калбеков бул Маалымдама элге жардам берип жаткан юристер үчүн практикалык колдонмо болуп калат дейт.

Борборго кыргыз жана орус тилдериндеги 100 нуска китеп, жана анын электрондук версиясы берилди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогрку мектебинин билим берүү адиси Индира Айтбаева “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде бул Маалымдамада жаш жана жаңы баштаган судьяларды да, тажрыйбалуу практиктерди да кызыктыра турганын билдирди.

https://www.vb.kg/doc/407152_v_kr_izdan_spravochnik_dokymentov_neobhodimyh_dlia_podachi_iska_v_syd.html

“Сотко документтерди берүүдө убакыт созулуп калган учурлар кездешет. Кээде жаш судьялар кандай документтер керек экенин так билбей күмөн санашы мүнкүн. Биз кылмыш, жарандык иштердин току тизмесин чогулттук, бул албетте иштти жеңилдетет жана жөнөкөйлотөт”,-дейт Айтбаева ВБ берген маегинде.

“Жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сотко доо арыз менен кайрылуу үчүн зарыл болгон документтердин Маалымдамасы” IDLO- USAID “Ишенимдүү сот долборунун алкагында иштелип чыккан.

Маалымдама судьялар, адвокаттар, прокурорлор, студенттер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, юристер, өздөрунүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынын корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылган жарандар пайдалан алышат.

9-11-класстарынын окуучуларын «Зомбулукту Актаба!» аттуу республикалык конкурса катышууга чакырабыз!

Бул конкурс Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жеңүүчү командалар үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган:

1-орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 ноутбук.

2-орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.

3-орун – команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.

Катышууга бир мектептен бир гана топ катыша алат. Катышуу үчүн 3 окуучудан (алардын бири башка жыныста болушу керек) турган топ түзүп, төмөнкү талаптарды аткаруу керек:

1. Ссылка аркылуу 2021-жылдын 4-мартына чейин өз командаңыздын атынан катталуу: https://forms.gle/V1p3pV8SQ7Um2cEy6

2. Сиздин топтун катышуусун тастыктагандан кийин, уюштуруучулардын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык, гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту изилдөө үчүн социологиялык онлайн сурамжылоо жүргүзүү – минималдуу 50 адам менен маектешүү;

3. Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук темасында 2 мүнөттүк видеотасманы даярдап, жарыялоо;

4. Конкурстун облустук этабында калыстар тобунун алдында аткарылган иш жөнүндө презентация кылуу;

5. Конкурстун республикалык этабында калыстар тобунун алдында аткарылган иш жөнүндө презентация кылуу;

6. Көз карандысыз калыстар тобу үч жеңүүчү команданы тандап алат.

Бул укуктук сынак USAID-IDLO эл аралык уюмунун “Ишенимдүү сот”  программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, сынактын бардык этаптары онлайн режиминде өткөрүлөт.

#ЗомбулуктуАктаба
#JashtarTendik3un

Соттук жыйындарда аудио, видео фиксациялоо (АВФ) системасы киргизүү бул санариптештирүүнүн бирден бир максаты. Жаңы система сот тутумундагы коррупцияны азайтууга жана ачык-айкын болушуна  эң маанилүү компоненттердин бири.

АВФ системасы сот жыйындарынын жүрүшүн так жазууга, тараптардын электрондук протоколдорго жана аудио-видео файлдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле алыскы режимдеги сот отурумдарына күбө же шектүү катары катышууга мүмкүндүк берет. Акыркы пункт COVID19 пандемиясы учурунда өзгөчө актуалдуу болуп калды.

Аудио жана видео фиксация соттун катышуучуларынын: доогерлердин, айыпталуучулардын, адвокаттардын жана прокурорлордун, ошондой эле судьялардын жоопкерчилигин жогорулатат. 

Учурда 72 жергиликтүү сотто 159 сот залы бар. Анын ичинен 73 залында аудио жана видео жазуу жабдыктары орнотулган, калгандары ишке ашырылууда.

Сот залындагы тартип 

Мурунку Тартип Комиссиясынын мүчөсү Аслан Кулбаев АВФ системасын киргизүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралгандыгын айтат. 

«Камеранын объективи бардык мыйзам бузууларды каттайт, техникага инсандын статусу, тууган-уругу ким экени баари бир.  Мисалы, камералар орнотулган жолдордо жол кырсыктарынын саны кескин азайып кеткенин байкасак болот. Сот залындагы камералар эрежени сактаганга так ошондой эле таасир берет», – дейт ал.

Кулбаевдин айтымында, сот отурумдарынын аудио жана видео жазуусу соттордогу тартипти дагы жогорулатат. Ар бир калп, ар бир мыйзам бузуулар жазууларда калат.Файлдар 10 жылга чейин сакталып, талаптарга атайын өтүнүч менен берилет. 

 Сотторду санариптештирүү

Санарип технологиялар сот реформасын жаңы деңгеле көтөргөнгө мүнкүнчүлүк берет. Ал эми бул долбоор ишке ашыруу  үчүн чоң акча каражаты жана адамдык ресурстар керек.

Реформаны ишке ашырууда эл аралык донорлор дагы жардам көрсөтүшөт. Мисалы, USAID жана IDLO программасы тогуз жылдан бери сот тутумун чыңдоого багытталган демилгелерди колдоп келет. Программанын колдоосу менен, көптөгөн жаңы технологиялар киргизилип жатат: автоматтык түрдө иш бөлүштүрү системасы, видеоконференция системасы жана сот отурумдарын жазуу үчүн аудио-видео жабдыктарын орнотуу иш жүрүп жатат. 

Учурда, санариптештирүү багытты   эске алып, USAID-IDLO АВФ тутумун натыйжалуу пайдаланууга багытталган долбоордун жаңы этабын баштоодо. Анын башка электрондук сот тутумдары менен интеграциясын күчөтүү жана укуктук чөйрөнү жакшыртуу.  

 Сот тутумуна АВФ системасын киргизүү, жана системанын артыкчылыгын кенен маалымдоо сот тутумунун сапатына, ачык-айкындыгына түздөн-түз таасири тийет.

 

5-6-сентябрда Бишкекте сот тармагындагы тренерлер  окуу план түзүнүү жана чоңдорго интерактивдик тренинг өткөрүүнү үйрөнүштү. Эки күндүн ичинде катышуучулар көптөгөн маалымат алып, практикалык сабак учурунда окуу модуль түзсө, тажрыйбалуу тренерлер сын-пикирлерин, сунуштарын берди.

Судьялар мындай окутуунун керектигин белгилешип, кызыктырган суроолорго жооп алганын жана тренерлер күтүлгөн натыйжаны актаганын айтышты. Тренинг аяктаган соң аларга сертификат тапшырылды. Келечекте тренерлер судьяларга комплекстүү окутуу программасын өткөрүүсү күтүлүүдө.

Тренер катары Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Индира Айтбаева, Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Галия Алымбекова, Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) сот адилеттигинин потенциалын жогорулатуу боюнча секторунун кеңешчиси Дильбара Максимбекова жана Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын башкармасынын эксперти Зауре Сыдыкова болушту.

Аталган иш-чара АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизат каражаттарын жүгүртүү жана кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) колдоосу менен уюштурулду.

Кечээ, 15июлда, Ички иштер министрлигине кылмыш-жаза мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча жазылган жаңы китептерди өткөрүү аземи болуп өттү.

«Сотко чейинки өндүрүш» атту китептери жергиликтүү эксперттер тарабынан эки тилде жазылган жана 1000 нуска менен басылды. Анын ичинде жаңы процессуалдык институттар: процессуалдык келишим, тергөө соту жана башка темалар камтылган.

“Жалпы министрликтин атынан долбоорду каржылаган АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизат каражаттарын жүгүртүү жана кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнө жана Кыргызстандагы Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмуна (IDLO) терең ыраазычылык билдиремАзыркы укук колдонуу практикасында биздин кызматкерлер көптөгөн кыйынчылыктар менен кездешүүдө, ошон үчүн чындыгында бул китеп бизге суудай керек эле”, — деди министрдин орун басары Курсан Асанов. Анын айтымында жакынкы арада кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилиши күтүлүүдө жана ал мындан да ары аталган эл аралык уюм менен кызматташууга даяр экенин айтты.

IDLO уюмунун директору Фред Хьюстон Ички иштер министрлигин колдоого дайыма даяр экенин билдирди.

“Эң негизгиси, бул китептин ичинде электрондук форматы  да бар. Ошол себептен жакынкы арадагы мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн негизинде китептин жаңы басылмасын даярдоо кыйынчылыкка турбайт”, — деди ал.

Соттор жана прокурорлор бүгүн, 28-июнда, USAID  жана Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) жардамы менен уюштурган калыбына келтирүүчү медиация боюнча тренингде катышууда.

Калыбына келтирүүчү медиация – арыздашуунун натыйжасында пайда болгон көйгөйдү чечүү үчүн бирин-бири түшүнүү жөндөмүн калыбына келтирүүгө медиатор тарабынан шарт түзгөн процесс.

Иш-чаранын ачылышында IDLO кеңешчиси Дильбара Максимбекова белгилегендей, мыйзамга ылайык соттор жана тергөөчүлөр талаштын, жорук жана кылмыш иштердин тараптарын маалыматтык жолугушууга, м.а, медиаторго жиберүүгө укуктуу. Медиатор талаштын тараптарына медиациянын маңызын жана принциптерин түшүндүрөт. Тараптар медиациянын алкагында жөнгө салуу жөнүндө өз ара макулдукка келген учурда медиацияны колдонуу жөнүндө келишимдин шарттарын макулдашат. Талаш, мындай учурда, сотко жиберилбестен бүтөт.

“Кылмыш иштер боюнча калыбына келтирүүчү медиация жарандык иштерден айырмаланат. Медиатор менен соттордун жана прокурорлордун кызматташуусунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү үчүн атайын Латвиядан тажрыйбалуу эксперт Диана Зиединяны чакырдык”, —деди Дильбара Максимбекова.

Диана Зиединя 2005-жылдан бери Латвия мамлекеттик пробация кызматынын Медиация жана коомдук катышууну координациялоо боюнча департаментинин адиси болуп эмгектенет. Тренинг учурунда ал латвиялык медиаторлор прокурор жана соттор менен кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ошондой эле эрезеге жетелек балдар менен иштөөдөгү өзгөчөлүктөрүн айтып берет.

Калича Джаманкулова

Бүгүн, 24-июнда, Бишкекте калыбына келтирүүчү медиация боюнча эки күндүк тренинг өтөт.

Тренер Диана Зиединя, Латвия мамлекеттик пробация кызматынын Медиация жана коомдук катышууну координациялоо боюнча департаментинин адиси, Кыргызстанга Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) чакыруусу менен келди. Эки күндүн ичинде ал Латвия мамлекетинин негизинде калыбына келтирүүчү медияция боюнча эл аралык тажрыйба жана укук-ченемдүү актылар тууралуу билими менен бөлүшөт. Ошондой эле кылмыш иштериндеги жана пенитенциардык системадагы калыбына келтирүүчү медиация жөнүндө айтып берет.

“Мен бул тармакта 2015 жылдан бери иштеп келем. Башында медиация институтун киргизүүдө биз да кыйынчылыкка туш болгонбуз. Полицеский жана прокурорлор бизди шылдыңдашчу, бирок азыр өздөрү бизге жардам же консультация сурап келишет. Бул медиациянын эффективдүүлүгү тууралуу кабар берет”, — дейт Диана Зиединя.

Латвиялык тренерден тышкары иш-чарада КР Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Омурканова катышат. Ал Кыргызстандагы медиаторлор тууралуу мыйзам жана жаза аткаруу системасындагы калыбына келтирүүчү медация жөнүндө жана аялдар менен эрезеге жетелектер менен иштөө өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп кылат.

Катышуучулар – юристтер, аксакалдар кеңеши, бизнес жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү, иш-чара алкагында теоретикалык билимдерин практикалык түрдө ишке ашыруу мүмкүнчүлүккө ээ болушат. Тренер аяктаган соң аларга сертификат тапшырылат.

Кыргызстанда алимент төлөчү ата-эне иштеп жатса, анда анын эмгек акысынан 25% алиментке жумшалат. Ал эми «карызкор жумушу жок калса баласын багууга канча акча бериши керек?»  деген суроого Сот департаментинин соттук актыларды аткаруу боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Пирназаров жооп берди.

Анын айтымында, карызкор иштебей калган учурда алименттик төлөм орточо эмгек акы менен эсептелинет. Кээде бул сумма пайыз менен төлөгөн суммадан да көбүрөөк болушу мүмкүн.

«Эгерде карызкор орто эмгек акы менен эспетелген сумманы төлөй албаса, анда кайра сотко кайрылып, сот туруктуу сумма боюнча чечим чыгарып берсе болот», — дейт Нурлан Пирназаров.

Молдованын тажрыйбасы

Молдова республикасында сот аткаруучулар жеке ишкерлер болуп саналат. Алар мамлекеттик органдар аркылуу тандалып бирок өз алдынча иштешет. Сот аткаруучу ишкер болгондуктан башкаларды да жумуш менен камсыздайт.

Алимент боюнча да жеке аткаруучулар иш жүргүзөт. Кыргызстандагыдай эле Молдовада карызкор алиментти эмгек акысынан пайыз менен төлөйт же алименттин өлчөмү 350 еврону түзгөн орточо эмгек акыдан алынат.

“Бизде баланын кызыкчылыгы жогору тургандыктан карызкорду алимент төлөөгө мажбурласа, демек, өз баласын багууга жумуш таап иштөөгө мажбурлаган болот. Молдовада эмес, чет өлкөдө иштеген карызкорлор бар. Алар ал жактан акча таап жүргөндүгү белгилүү болуп калса, анда сот аткаруучулар ошол акчадан пайызын өндүрүшөт. А ал жакта эмгек акы жогорураак. Мисалы, Италияда минималдуу пенсия эле 400 еврого барабар”, — деди молдовалык эксперт Роман Толмач.

 Украина тажрыйбасы

Украина жеке жана мамлекеттик сот аткаруучулар бар. 2018-жылы алар тарабынан 176 миллион доллар алименттик төлөм өндүрүлгөн.

Украиналык эксперт Валерий Притуляктын айтымында, алимент төлөөчү карызкорлор чет жака чыгуу, транспорт башкаруу жана ок-куралдар менен колдонуу укуктарынан ажыратылат.

“Карызкорлорго мамлекеттик кызматкада жол жабылат. Мисалы, эгерде аткаминер алимент боюнча карызы бар экендиги аныкталса, анда ал дароо жумушунан бошотулат. Ошондой эле карызкорлорго алиментти төлтүү максатында ар кандай квалификациядагы жумуш берилет ”, — деп белгиледи Валерий Притуляк.

Кыргызстанда мамлекеттик гана сот аткаруучулар бар жана Нурлан Пирназаровдун айтымында, алар алимент жана башка акча өлчөмүндөгү төлөмдөрдү өндүрүүдө бир канча кыйнчылыка туш болушат.

«Мунун башкы себеби — карызкорлордун төлөм жөндөмдүүлүгү жок», – деди Пирназаров.

Калича Джаманкулова

Казахстан медиаторлор ассоциациясы уюмунун жетекчиси Жандильда Жакупов 22 – 27 апрель күндөрү Бишкекте медиаторлорду даярдоо боюнча курс өтүп өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Курстун катышуучулары – регионалдык аксакалдар сотторунун мүчөлөрү, адвокаттар жана “Улуттук медиация борбору коомдук бирикмесинин (Кыргызстан) өкүлдөрү.

Окуу учурунда катышуучулар конфликт, анын түрлөрү жана жүрүм-турумдун стратегиясы, ошондой эле конфликт учурунда сүйлөшү боюнча атайын ыкмалар, комуникативдик өнөрлөрдү үйрөнүшөт. Ошондой эле аларга контакт түзүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана конфликтти чечүү жолдору тууралуу айтып беришет.

Катышуучулар сотко чейин, соттон тышкары жана сот учурундагы жана үй-бүлөлүк, эмгек, социалдык, граждандык, жаза, административдик, коммерциялык талаштардагы медиациянын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышат.

Курсттун аягында жазуу жана ооз эки, ошондой эле практикалык түрүндө экзамен болмокчу.

Үй-бүлөлүк, эмгек жана коммерциялык талаштардагы сотко чейин чечкен медиация институту Кыргызстанда 2018-жылдын февраль айынан тарта иш жүргүзөт.  

Аталган курс USAID жана Кыргызстандагы Укукту өнүктүрүү эл аралык уюмунун (IDLO) “Сотторго ишеним” аттуу программасынын алкагында жана “Улуттук медиация борбору коомдук бирикмеси, Казахстан медиаторлор ассоциациясы менен биргеликте уюштурулат.

 

Калича Джаманкулова

АКШ Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор азия боюнча бюросунун жогору даражадагы өкүлү, элчи Элис Уэллс жана Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, мурунку президент Курманбек Бакиевдин режими жана анын уулу Максим Бакиевдин учурунда мамлекеттик мүлктү талап-тоноо жана коррупциянын кесепетинен улам пайда болгон каражаттарды Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө кайтарып берүү даярдыктары башталганын 25-февралда жарыялашты.

АКШ элчилигинин билдиргенине ылайык, 6 миллион доллардын 4,6 миллиону конфискациялоо тууралуу буйрукка ылайык кайтарылып алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарылып берилет. Кыргыз Республикасынын өкмөтү бул каражаттарды сот системасында колдонула турган тасмага түшүрүүчү кошумча жабдык, элет жериндеги таза суу менен камсыздоону жакшыртууга, жана саламаттык сактоодогу жабдыктарды сатып алууга жумшоону болжолдоодо.

Элчи Уэллстин сапары, Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн жогору даражадагы кызматкерлеринин эки тараптык мамилелерди бекемдөөгө, жана Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого арналган сапарлардын акыркы сапары.

Элчи Уэллс ошондой эле, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө маселелерин, Президенттик аппараттын тышкы иштер боюнча бөлүм жетекчиси Данияр Сыдыков жана Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен талкуулады. Эки мамлекет өкүлдөрү эки тараптык кызматташтык тууралуу келишим жөнүндө сүлөшүүлөрдү баштоону жана жыл сайын өтүүчү эки тараптуу консултацияларды ушул жазда кайрадан жандантууну макулдашышты. Элчи Уэллс кыргыз расмий өкүлдөрү менен Афганистандагы тынчтык процессин жана туруктуулук менен бакубат жашоону орнотууга багытталган эки өлкөнүн мүмкүн боло турган жолдорун талкуулады.

Кыргызстандын сотторунда киргизилген аудио-видео жазуулар сотто катышуучулар тарабынан болгон бузууларды гана азайтпастан, күбөлөр менен шектүүлөрдү алыстан суракка алууга, аларды ташып келүүдөгү чыгымдарды азайтууга, жана сот өндүрүшүнүн ыкчам, жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Ушул жылдын 15-февралында Бишкектеги Свердлов райондук сотунда аудио-видеофиксацияга арналган журналисттер үчүн атайын пресс-тур өттү. Алыскы аралыктагы райондук жана облустук соттор аудио-видео жазуу аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү жана бул системанын ишенимдүүлүгү менен артыкчылыктары тууралуу айтылды.

Мындай протоколдоонун негизги максаты – сот процесстеринде тараптар тарабынан укук бузууларды алдын алуу, ошондой эле сот отурумунун протоколунун толуктугун камсыз кылуу.

Учурда бул система 73 сотто тесттик режимде иштеп жатат, ал эми ушул жылдын аягына чейин бардык 72 жергиликтүү соттордогу 159 бөлмө бул мүмкүнчүлүк менен камсыз болот.

Пресс-турду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти уюштурду. USAID-IDLO “Ишенимдүү сот” долбоору бул системаны жаратууда жана ишаракетти өткөрүүгө көмөк көрсөттү.