«Ачык-Айкын» укуктук телеберүүлөр сериясы эң негизги укуктук билимдерди жана калктын чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууга багытталган.

«Ачык-Айкын» укуктук телеберүүсү Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID), КТРКнын жана Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун(IDLO) колдоосунда USAID -IDLO Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасынын алкагында иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндө миграция десе эле Орусия же башка чет жак көз алдыбызга тартылат. Бирок азыркы учурда ички миграция маселеси да өтө курч алып турган чагы. Бейрасмий маалыматтарга карганда, Ош жана Бишкек шаарларында бери дегенде жарым миллиондон ашуун мигрант бар. Алардын басымдуу бөлүгүнүн үйү да, каттоосу да, иштеген иши да жок. Ошондуктан алардын укугу бир кыйла чектелип калууда. Мына ушундай маселенин чечүүнүн жолдорун изделип, атайын изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда тышкы миграцияга көбүрөөк көңүл бурулат. Ал эми ички миграция маселесине такыр эле көңүл бурулбай жатат десек да болот. Анткени миграция агымына айыл жерлеринде иштин жоктугу түрткү болууда. Ошондуктан эптеп жан багуунун айласын кылышып, шаар жергесине ички мигранттар агылып келүүдө. Бирок алардын бейтапканаларга катталуусунда маселе жаралып жаткандыгын айтышууда.Ошондой эле, иштейбиз деп келип алып, баш калкалаганга үйү жок көчөдө калгандардын саны өсүп жатканын жашырбаса да ачык айкын белгилүү болуп калды. Анткени изилдөөлөрдүн натыйжасында бир үйдө сегиз адам жашаса, анын бешөө убактылуу каттоого турган эмес. Мындай көрүнүштөр Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Дордой жакта көп дейт Улуттук статистика комитетинин орун басары Баисбек Касымбеков.

– Мамлекеттик каттоо кызматы катуу көзөмөлгө алса эле так болот го деп ойлойм. Акыркы убакта Дордой, Мурас-Ордо. Калыс-Ордо деген конуштарда каттоодон өтпөгөн жарандар көп. Себеби, ал жактарда кичинекей үйлөрдө жашаган жашоочулар арбын.

Мындай маселе менен мамлекеттик каттоо кызматы дагы иш алып баруу керек. Анткени, Бишкектин четиндеги жаңы конуштардагы жашоочулардын көпчүлүгү каттоодон өткөн эмес. Ошол себептен, жыл сайын каттоо жүргүзүп, мониторинг кылып туруу зарыл. Негизи ички миграциянын болуп турганы коомдун экономикасынын өзгөрүүсүнө чоң өбөлгө. Бул тууралуу Балдарды коргоо борборунун кызматкери Таалайбек Жакыпов ырастады.

Ички миграцияга изилдөө жүргүзүп чыккан Руслан Рахимов ички мигранттарды каттоо үчүн жооп берген түзүмдөрдүн арасында документтерди бирдейлештирүү жок экенин айтты. Мунун өзү ички мигранттар тууралуу сандык маалыматтын жоктугу мамлекеттин калкты социалдык жактан коргоо жана ишке орноштурууда терс таасирин тийгизүүдө экенин билдирди.

Анын айтуусунда, Улуттук статистика комитети берген маалыматтар көрсөтүп тургандай жашаган жери боюнча катталган жарандар гана эсепке кирет. Бул абдан аз көрсөткүч болуп саналат. Эгерде адам башка калктуу конушта убактылуу жашаса жана азыраак мөөнөткө катталса, ал маалыматтар статистика кирбей калат. Ал эми жумуш берүүчүлөр каттоонун болуусун талап кылат. Натыйжада иштейм деп келген ички мигранттардын үмүттү акталбай калууда деп белгиледи.

“Ички мигранттар жөнүндө” мыйзам менен жарандарды каттоо деген жобо бири-бирине карама-каршы келет. Мисалы, жарандардын үйү жок болсо, жергиликтүү бийлик катташ керек деп жазылган менен анын жол-жобосу жазылган эмес. Ушул маселелерди чечмейин Кыргызстанда стабилдүүлүк болбойт.

МаралФМ 

«Ачык-Айкын» укуктук телеберүүлөр сериясы эң негизги укуктук билимдерди жана калктын чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууга багытталган.

«Ачык-Айкын» укуктук телеберүүсү Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID), КТРКнын жана Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун(IDLO) колдоосунда USAID -IDLO Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасынын алкагында иштелип чыкты.

«Ачык-Айкын» укуктук телеберүүлөр сериясы эң негизги укуктук билимдерди жана калктын чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууга багытталган.

«Ачык-Айкын» укуктук телеберүүсү Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID), КТРКнын жана Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун(IDLO) колдоосунда USAID -IDLO Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасынын алкагында иштелип чыкты.

Ден соолугуна байланыштуу мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик кызмат көрсөтүнүн жеткиликтүлүгүн камсыз кылуу.  «Данакер» Биринчи радионун эфиринде ар бир шаршенби күндө саат 10:07 чыгат.

2 бөлүк

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган мыйзамдар кагаз бетинде гана жазылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда тегерек столдо көз карандысыз адис Чынара Биялиева билдирди.

“Жөлөк пул алууга документ топтоо жана аны толтуруу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран үчүн өтө оор процесс. Экинчи көйгөй жумуш маселеси болуп саналат. Бул топтогу адамдар жумуш ордун сактап калыш үчүн алар майып категориясында экенин сыр катары сакташары да аныкталды. Дагы бир көйгөй: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар майыптыгын далилдөөчү аныктама алыш үчүн өздөрү барыш керек экен, бирок бул категориядагы жарандардын арасында өзү бара албагандары да бар. Бирок ал нерсе эске алынган эмес”, – деди Ч.Биялиева.

Кыргызстанда 172 миң майып адам бар. Алардын 28 миңи жаш балдар. Алар майыптыкты тастыктоочу атайын документ, аныктамаларды алууда көптөгөн тоскоолдук, кыйынчылыктарга дуушар болушат. Анан аргасыздан акча берип, өз иштерин бүтүрөт.

Бул тууралуу 13-майда «Данакер» диалогдук платформасы өткөргөн «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык-укуктук абалы жана аларды коомчулукка көнүшүүсү» деген аталыштагы конференцияда атайын изилдөө жүргүзгөн эксперт Чынара Биялиева билдирди.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, автор өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жакшы мыйзамдар жазылган. Бирок, алар иштебейт. Ар бир министирлик жана тиешелүү мекемелерде бирдиктүү план жок. Баардыгы өзүнчө иш алып барат. Мамлекет да инфраструктурага көбүрөөк көңүлдү буруп, адамдарды экинчи орунга калтырган деген жыйынтыкка келген.

«Биздин жарандар качан гана арыз жазып, жардам сурап кайрылганда жардам алууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми документ иштеринин оордугу же майыптыктан уялгандар сыяктуу себептер менен каттоодон өтпөй, мамлекеттен тиешелүү жардам ала албай жаткандар аз эмес. Эң өкүнүчтүү жагдайлардын бири ушул тармактагы коррупция. Ошондуктан мамлекет бул ишке кош көңүл мамиле кылбай, системаны толук изилдеп, жаңылашы керек»,- деди Биялиева.

Жыйынга катышкан Кыргызстандагы майып аялдар коомунун жетекчиси Асипа Мусаева да бул маалыматты тастыктап, өз башынан өткөн окуяларды айтып өттү.

– Мен баары жаман дегенден алысмын. Иштеп жатышат. Бирок, канааттандырарлык эмес. Өзүм 1-топтогу майып болгондуктан, мыйзам боюнча иштөөгө тыюу салынып, камакка да алынгам. Анын айынан экинчи топко которулуп, бир нече жолу согушкам десем да болот. Жашоомдо 8 жылдап документ чогулткан адамдарды көргөм. Туура, акча аз бөлүнөт. Бул иш кыйын деген шылтоолор бар. Бирок, мамлекеттик кызматкерлер, милдетти моюнга алган соң, кайдыгер болбой, эл үчүн кызмат кылышса, көйгөйлөр акырындык менен жоюлат деген ойдомун.

КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Алыбаева жогорудагы айыптоолорго макул эмес.

«Өкмөттүн токтому менен учурда республиканын баардык аймактарында жергиликтүү бийлик менен соцкызматкерлер ар бир үйдү кыдырып, ошол эле майыптыкты, муктаждарды каттоо боюнча иш жүргүзүп жатышат. Ал эми катталгандарга 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин ай сайын пенсия төлөнөт. Башка дагы көптөгөн көмөктөр көрсөтүлүп жатканын эл билет. Ал эми коррупциялык иштер боюнча далилсиз маалымат берилди. Ага карабастан атайын кызматтык изилдөө жүргүзүлөт», – деди Алыбаева.

Негизи бул конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт аппараты, мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун, академиялык корпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер чакырылган. Бирок, адаттагыдай эле дал ушул ишти чече турган мамлекеттик кызматкерлердин көбү келген жок. Буга уюштуруучулар менен катышуучулар нааразы болгону айтпаса да белгилүү. Ага карабастан изилдөөнүн жыйынтыктары кошумча сунуш пикирлерди эске алуу менен баардык тиешелүү мекемелерге сунушталат.

МаралФМ

2016 жылдын 26 апрелинде, саат 18.20да, КТРК каналында “Данакер” ТВ көрсөтүүсү «Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет жетиштүү жардам берип жатабы?» деген суроону талкулашты.

Эфирдин коноктору:

  • Үкөй Мураталиева, жаш майптар кыймылы коомдук бирикмесинин жетекчиси.
  • Калык Мамбетакунов, Кыргызстандын майыптар Ассоциацияынын президенти
  • Дастан Бекешов, ЖК депутаты
  • Жаныл Аалыбаева, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мүмкунчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарды социалдык коргоо алуу бөлүмүнүн башчысы

“Кыргызстанда жергиликтүү коомчулук менен инвесторлордун өз ара аракеттенүүлөрүнүн социо-маданий аспекттери» темасында атайын изилдөө жүргүзүлгөн. Эксперттер инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда чыр-чатактардын түп-тамырын изилдеп чыгуу жана анын чечүүнүн аракетин көргөн.

Бул тууралуу 25-февралда өткөн атайын конференцияда маалым болду. Изилдөөнүн авторуЭльмира Ногойбаева жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны кабыл алуу, натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн чыр-чатактардын бардык факторлорун бирдей деңгээлде угуу учурдун талабы экенин билдирди. Айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде жергиликтүү бюджеттердин ичинде инвестициялык долбоорлордон түшүүлөрдү теңдештирип бөлүштүрүү жана жергиликтүү коомчулук үчүн инвестордун пландары, жыйынтыктары жана иши тууралуу калкка үзгүлтүксүз жана натыйжалуу маалымат берүү зарылдыгына изилдөөчү көңүлүн бурган.

«Эң чоң көйгөй, бул жергиликтүү элдин үнү жетчү жерге жетпей, аларга көңүл кош мамиле жасалып жатканында деген жыйынтыкка келдим. Себеби Баткендеги Майдан жана Катран айыл өкмөттөрүнө барганда, мен элдин ишеничи кетип, алар сүйлөшүүгө жолу жабылып калганын көрдүм. Ал жакта алтын кендери бар экенин билесиздер. Бир эле айыл өкмөтүнүн эли ушул маселе менен мамлекетке 36 жолу кайрылуу жасаса да жоопсуз калган экен. Кыргыз элинин менталитетинде, ата бабадан калган жер, элдин батасын алгыла деген сыяктуу каршылыктар чыга берет. Буга мамлекет ошол эле инвестор да толук пландарын, инвестициянын жыйынтыктары сыяктуу иштерди туура жана жеткилиткүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын тилин табышы абзел. Эгер чыр-чатактар катталса инвестор же мамлекеттик органдардын эле маалыматын уга бербей, элдин да үнүн угуп, бардыгына бирдей мамиле менен абалды ийне жибине чейин изилдеп чыгышы керек”,-дейт Ногойбаева.

Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияны өнүктүрүү агентигинин башчысыМедер Алиев, министрлик учурда дүйнөлүк кризисти эске алып, инвесторлор үчүн мыйзамдарды либералдаштырып, аны жакшыртуунун үсүндө иш алып барып жатканын билдирди.

Мындан тышкары инвесторлор учурда тоо кен тармагына көбүрөөк кызыктар экенин айткан Алиев, иши жакшы жүрүп баштаган инвесторлорго чиновниктер бут тосуп, “каралардын” артында турган учурлар кездешерин кошумчалады.

“Мыйзамдарды жеңилдетүүнүн үстүндө иш алып барып жатабыз. Ал менен кошо инвесторлордун укукгун, коопсуздугун коргоо боюнча да мыйзамда жазылгандай иштеши шарт. Мисалы Сокулуктагы кулпунай иштеткен Британиялык айымга кол салуу болгондо, биз ага болгон жардамды берип, ишти сотко өткөздүк. Мыйзамдуу, эгемен өлкөдө “каралар” же башкалары аралашкан уят иш. Укук коргоо органдары бул көйгөйду жоюшу керек”,-деди агенттиктин башчысы.

Эксперттик топтун мүчөсү, Назгүл Алдашеванын айтымынада мамлекет инвесторлорго лицензия берердин алдында изилдөө жүргүзүп, алдыда чыр-чатактар болбой тургандай шарт түзүп, бардык маселени чечиши керек. Ошондой эле лицензия бергенден кийин иштин аягына чейин көмөк көрсөтүүсү абзел.

Изилдөөчү Ногойбаева Кыргызстанда жакшы мыйзамдар жазылган. Бирок ал жазылганындай иштебегендиктен 120 инвестор лицензиясын кайтарып бергенин кошумчалды. Ошондой эле, салыштырмалуу Кыргызстанга инвестиция салгандардын саны азайганын белгиледи. Кумтөрдөн кийин жарандардын инвесторлорго болгон көз карашы начарлаган. Андыктан мамлекет, ЖМКлар элге инвесторлордун пайдасы, алар кылып жаткан иштин жакшы натыйжалары тууралуу көбүрөөк мисалдарды көрсөтүп, бардык жүрүп жаткан иш ачык болушун камсыздаш зарыл.

Айта кетсек «Данакер» диалогдук платформасы изилдөөнү каржылап, негизги көмөкчүлөрдөн болгон. Изилдөөнүн жыйынтыктары кошумча сунуш пикирлерди эске алып, мамлекеттик жана бардык тиешелүү мекемелерге сунушталат.

МаралФМ