Биринчи радио «Күндүн темасы» уктуруусунда сот мекемелеринин ишин электрондук жолго салуу, анын чечимдеринин таасири жана келечеги турасында сөз болду.

Эфирдин коногу USAID-IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасынын сот реформасы боюнча кеңешчиси Нурлан Дүйшеев.

Биринчи радионун эфиринде “Ачык-Айкын” укуктук телеберүүлөрдүн мааниси, мазмуну жана күтүлгөн натыйжалар  боюнча сөз болду.

Эфирдин коноктору: Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) консультанты Карыбек Дүшеев жана укутук телеберүнүн медиа-менеджери Марс Тулегенов.

«Ачык – Айкын» укуктук телеберүүлөр сериясы эң негизги укуктук билимдерди жана калктын чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууга багытталган.

«Ачык-Айкын» укуктук телеберүүсү Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID), КТРКнын жана Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) колдоосунда USAID -IDLO Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасынын алкагында иштелип чыкты.