Журналисттер сот системасын өнүктүрүү боюнча каржылоо жана мамлекеттик максаттуу программа тууралуу суроолоруна жооп алуусу үчүн сиздерди 5-июнь күнү саат 11:15те, Бишкек шаары, Фатьянов көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан (Горький көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн ортосунда) – Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) офисинде күтөбүз.
Эксперттер:
- Гульжан Есеналиева – Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы.
- Нурлан Султаналиев – Чүй облусунун Райондор аралык соту
- Мадина Давлетбаева – Көз карандысыз эксперт
- Дастанбай Айжигитов – Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) сот реформасы боюнча кеңешчиси.
11:15 ExpertCafé – бул журналисттерге эксперттик пикир алууга, маектешүүгө, сот бийлиги боюнча судьялар жана эксперттер менен байланыштарды түзүүдөгү жаңы аянтча. Программанын расмий эмес бөлүгү кофе жана жеңил фуршет үстүндө эксперттерди жана журналисттерди жакындатат.