Журналисттер сот системасын өнүктүрүү боюнча каржылоо жана мамлекеттик максаттуу программа тууралуу суроолоруна жооп алуусу үчүн сиздерди 5-июнь күнү саат 11:15те, Бишкек шаары, Фатьянов көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан (Горький көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн ортосунда) – Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) офисинде күтөбүз.

Эксперттер: 

  • Гульжан Есеналиева  – Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы.
  • Нурлан Султаналиев  –  Чүй облусунун Райондор аралык соту
  • Мадина Давлетбаева – Көз карандысыз эксперт
  • Дастанбай Айжигитов – Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) сот реформасы боюнча кеңешчиси.

11:15 ExpertCafé – бул журналисттерге эксперттик пикир алууга, маектешүүгө, сот бийлиги боюнча судьялар жана эксперттер менен байланыштарды түзүүдөгү жаңы аянтча. Программанын расмий эмес бөлүгү кофе жана жеңил фуршет үстүндө эксперттерди жана журналисттерди жакындатат.