Эки айдан кийин жаңы Жазык мыйзамдары күчүнө кирет, анын концепциясы сот адилеттигин гуманизациялоо жана жазык иштеринин бардык этаптарында мыйзамдуулуктун катуу сакталышына багытталган.
30-октябрда ExpertCafe форматында жолугушуу мезгилинде укук коргоо органдарынын, прокуратура, адвокатура, академиялык чөйрө жана сот тутумунун өкүлдөрү 2019-жылдын 1-январынан тартып так кандай өзгөрүүлөр болору жана ал өзгөрүүлөр жөнөкөй жарандардын турмушуна кандай таасирин тийгизери тууралуу айтып беришти.
Сот адилеттигин гуманизациялоо
Ошентип, жаңы жазык мыйзамдарында кылымыштар менен жорук-жосундар сыяктуу түшүнүктөр ажыратылып бөлүштүрүлдү. чоң кооптулукту же зыянды келтирбеген аракеттер жорук-жосундарга таандык болду. Ага ылайык жазалоонун түрлөрү да айып, түзөтүү иштери, кызматтан алуу сыяктуу жеңил болуп, эркинен ажыратууга чейин барбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы жазык мыйзамдарынын координатору, КР ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы Бегалы Пирматов маалымат бергендей, укук коргоо органдарында жаңы жылдан кийин жорук-жосундарды тергөө үчүн алдын ала тергөө бөлүмдөрү уюштурулмакчы.
«Укук коргоо органдарында иштерди оптимизациялоо максатында 625 киши кыскартылды, алардын ордуна 225 штаттык бирдик киргизилет» – деп Пирматов билдирди.
Эксперттер бул жаңылыктын киргизилишин албетте прогрессивдүү жөрөлгө деп таанууда: чоң эмес жана орто кылмыштар үчүн эркинен ажыратуу жаза чарасын эчак кайрап карап чыгуу зарыл эле. Статистика боюнча камалгандардын арасында рецидив 40%ды түзөт, демек, жазалоонун катаал ыкмасы өлкөдөгү жалпысынан криминалдуулуктун күч алуусуна гана алып келет экен.
Жаңы Жазык мыйзамдары кылмыштардын айрым түрлөрү боюнча абакта отуруунун мөөнөтүн кыскартууну караштырууда, бул жагдай авторлордун ою боюнча абактарды күтүү боюнча чыгымдардын азайышына алып келет.
Укук органдары ортосунда ыйгарым укуктар балансы алмашууда
Жаңы жылдан тартып бардык кылмыштар менен жорук-жосундар КЖБР кылмыштра менен жорук-жосундардын бирдиктүү электрондук баазсында милдеттүү түрдө каттоого алынат.
КР Башкы прокурору Азизбек Шукурбеков билдиргендей сотко чейинки өндүрүштүн башталышы, процесстик аракеттер, жазык ишинин жүрүшү сыяктуу материалдар Базага киргизилет.
«Бардык укук органдары ортосунда жасалган кылмыш жөнүндө арыздын жана жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө протоколдун бирдиктүү формасын ишке киргизүү туурасында ведомство аралык буйрукка кол коюлган. Формаларды толтурууда маалымат дароо программага киргизилип турат. Көзөмөлдөгөн прокурорго, ошондой эле процесстин катышуучуларында баамдап турууга уруксат берилет. Маселен, арыздануучу талон менен кодду алып, анын арызы кароонун кайсы стадиясында турганын, ким аны краап жатканын көрө алат», – деп Шукурбеков билдирди.
Ошентип, кылмыштар менен жорук-жосундарды эсепке алуу жана аларды каттоо иштерин укук коргоо органдары алпарат, ал эми мыйзамдуулук менен өз убагында каттоого алынуу көзөмөлүн прокуратура өзүнө алат. Эксперттер тастыктагандай, БРдеги маалыматты өзгөртүүгө же өчүрүүгө мүмкүн эмес.
Тергөөнүн үстүнөн соттук контрол
Жаңы жылдан тартып тергөөчү судьянын институту ишке киргизилүүдө. Тергөөчү судья арыз келип түшкөндөн тартып, иш сотко өткөнгө чейин процесстик аракеттердин мыйзамдуулугун камсыз кылат. Жогорку соттун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө боюнча сектор башчысы Расия Эралиева билдиргендей, тергөөчү судьяга чоң жоопкерчилик жүктөлүп, ага кеңири ыйгарым укуктар берилет.
Дал ушул тергөөчү судья мыйзамдуулукту жана кармоонун негиздүүлүгүн, сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, абоненттер ортосунда байланыштар тууралуу маалыматты алуу, адамдын же кайсы бир жерди аудио-, видеоконтролго алуу сыяктуу атайын тергөө амалдарын жасоо зарылдыгын аныктайт.
Тергөөчү судья көрсөтмөлөрдү депонирлөөнү өткөрө алат, башкача айтканда тараптардын биринин өтүнүчү боюнча күбөнү жана/же жабыр тартканды суракка алууга укуктуу.
Депонирлөө сотко чейин көрсөтмөлөрдү бекитет, дал ушул процедурадан кийин кайталап сурак жүргүзүлбөйт. Депонирлөөнүн башкы максаты – күбөлөрдү жана жабыр тарткандарды коркутуунун алдын алуу, эрезеге жете электердин кошумча психологиялык травмасын күчөтпөө үчүн кайталап суракка албоо болуп саналат.
Мында тергөөчү судья тергөө жүргүзүүгө же шек саналып жаткандын айыптуулугу же айыптуу эместиги тууралуу чечимди соттон чыгарууга укуктуу эмес. Ал жөн гана тергөө аракеттери жүргүлүп жаткан учурда мыйзамдуулуктун сакталышына көз кырын салып турат.
Тажрыйба теорияны ийине жеткирет
Азыр укук коргоо органдары, сот системасы, прокуратура тарабынан донорчу коомчулук менен иштешип, өзүнүн кызматкерлерин окутушууда, пилоттук долбоорлордун 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке ашырылуусун камсыз кылуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Эксперттер айткандай, жазык мыйзамдарындагы белгилүү бир кенемтелер тажрыйбанын жүрүшүндө четтетилет.
«Маселен, Казакстанда жаңы Жазык кодекси ишке киргенден кийин, ага 218 өзгөртүү киргизилген», – деп КР ЖС судьясы Аскат Сыдыков билдирди.
«Биз мүмкүн болуучу тоскоолдуктардан коркконубуздан эле жаңы жазык мыйзамдардын ишке киргизүүлүүсүнө кетенчиктебешибиз керек. Тоскоолдуктардан өтүү зарыл, анткени эски кодекс боюнча жашоо мүмкүн эмес», – дейт Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы Канат Сманалиев, жаңылыктарды иштеп чыккандардын бири.
«Бул мыйзам жөнөкөй адамдардын турмушун жеңилдетет, ал чындап эле гумандуу баалуулуктарды камтыйт», – деди КР ЖС төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев.