Үчүнчү DanakerTalks пробация институтуна арналат. Пробация – өтө оор эмес кылмышка баргандарга эркинен ажыратуу жазасы берилбей, соттолгон жаран мөөнөтүн сырттан эле өтөсө болот дегендик. 

Пробация деген эмне? Ал кылмыштардын санын кантип азайтат? Ушул жана башка суроолорго жолугушуудан жооп алыңыз. Спикерлер:

  • Айгуль Катгельдиева, ГСИН;
  • Чолпон Омурканова, ГСИН Коомдук кеңеши;
  • Кайрат Осмоналиев, көзкарандысыз эксперт;
  • Дастан Айжигитов, IDLO кеңешчиси

Дата: 20 февраль, 10.00

Өтө турган жайы: Ибраимов 103, Бизнес центр “Виктори”, Ололохаус

Журналисттер сот системасын өнүктүрүү боюнча каржылоо жана мамлекеттик максаттуу программа тууралуу суроолоруна жооп алуусу үчүн сиздерди 5-июнь күнү саат 11:15те, Бишкек шаары, Фатьянов көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан (Горький көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн ортосунда) – Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) офисинде күтөбүз.

Эксперттер: 

  • Гульжан Есеналиева  – Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы.
  • Нурлан Султаналиев  –  Чүй облусунун Райондор аралык соту
  • Мадина Давлетбаева – Көз карандысыз эксперт
  • Дастанбай Айжигитов – Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) сот реформасы боюнча кеңешчиси.

11:15 ExpertCafé – бул журналисттерге эксперттик пикир алууга, маектешүүгө, сот бийлиги боюнча судьялар жана эксперттер менен байланыштарды түзүүдөгү жаңы аянтча. Программанын расмий эмес бөлүгү кофе жана жеңил фуршет үстүндө эксперттерди жана журналисттерди жакындатат.