Тарыхчы-филолог Айша Жаныбаева, атайын “Данакер” платформасы үчүн Кыргыз элиндеги эзелтен келген чыр-чатактар учурларында данакердик салты тууралуу жазып берди.
Азыркы учурда Кыргызстан мамлекетинде медиация боюнча мыйзам кабыл алынып, күчкө кирип, анын иштей башташы чоң мааниге ээ. Медиация адамдардын чыр-чатак көйгөйлөрүн өздөрү чече алуу жөндөмүнө ишенүүгө жана кабыл алышкан чечимдери үчүн жоопкерчиликти ала тургандыгына негизделген. Ошентип медиация өлкө жарандарынын колдоосуна ээ болот деген ишеним бар.
Кыргыздын элдик кɵз карашы элдин терең тарыхы менен ʏзʏлгʏз байланышта болуп жаралганынан баштап, ɵнʏгʏʏ мезгилинде улуттук кайра жаралуунун жаңы ʏлгʏлɵрʏн издɵɵ менен, улуттук маданиятын, тилин, каада – салтын, руханий чыгармачылыгын сактоого жана өнүктүрүүгө умтулуп жашап келет. Эми кыргыз эли мурун жана азыр чыр- чатак, талаш- тартышты кантип жөнгө салганын карап көрөлү.
Кыргыздын көчмөн коомундагы укуктук маданиятындагы башкы өзгөчөлүк көчмөн коомдун бардык мүчөлөрүнүн бирдей укуктук корголгондугу жана бирдей укуктук эркиндикти камсыз кылган сот – бийлердин болгондугу эсептелет. Кыргыз эли элдик сот – бийлердин кыраакылыгы жана калыс чечимдери аркылуу өз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүп, сактап калган деп айта алабыз. Бийлер элдик каада – салтты жана адат болгон укук маданиятын сактоочулар жана алып жүрүүчүлөр болгон. Ошол иш – аракеттеринен тышкары алар уруу башчылары, чечен саясатчы, элчи, философ, акын болушуп жоокердик окуя болуп калган учурларда аскер башчы да боло алышкан. Бул адамдар эл арасынан чыгып өздөрүнүн акылмандыгы, чечендик талаптары менен пайда болгон талаш- тартыштарды мыкты деңгээлде чечишип, чыныгы сый – урматка ээ болушкан. Кыргыз элинде « Туура бийде тууган жок»- деген макал бар, мында бийдин калыс болушу талабы камтылган. Бий болуш үчүн сөзсүз эле атактуу жана бай болгондугу милдеттүү болбогон. Адамдар тарыхында коомдун мүчөлөрү арасындагы чыр – чатактарды чечүүнүн салттык ыкмалары дайыма болуп келген. Мындай салттык системанын негизинде күнөөлүү тараптын милдеттенмеси же кылмышкердин өз күнөөсүн «жуушу», ошону менен адилеттиктин орнотулушу турат. Булар ар түрдүү түрлөрдө ишкек ашкан.
Мисалы бир адамдын ден соолугуна, өмүрүнө же мүлкүнө, же коомго зыянчылык келтирген тарап айып төлөгөн, же иштеп берген. Мындай мисалдар салттык кыргыз коомуна мүнөздүү болгон. Ошондой эле бейтарап жактын (нейтралдуу), кадырлуу адамдын жардамы менен талаш – тартышты чечүүнүн, элдештирүүнүн ар түрдүү механизмдери да бар болгон. Мисалы кыргыз элинде жаңы түзүлгөн жаш үй бүлөгө атайын татыктуу жубайларды Өкүл ата жана Өкү эне деп дайындаган. Алар жаш үй бүлөнү колдоп, кеңешин берип турган, жаш үй бүлөдө чыр – чатак болуп калган учурларда элдештирүүчүлүк милдетин аткарышып, никенин сакталышына жардам беришкен.
Салттык инструмент, механизмдердин бири – Аксакалдар кыргыз элинин жашоосунда маанилүү орунду ээлейт. 1874- жылы орусиялык саякатчы Загряжский мындай деп жазып калтырган: « Ар бир айылда аксакал бар. Ал көчүүнүн убактысын жана ордун тандайт. Ал аксакал айыл башчысы да, соту да». Албетте, совет бийлиги жашаган 70 жыл ичинде аксакалдар институту көп жагынан өзгөрдү. Ошентсе да, аксакалдар ролу өзүнүн кайсы бир натыйжалуу жагын сактап калып, СССР дин кулашынан кийинда өз функцияларын кайра жарата алды. Аксакалдар институтунун салттык функциясы салттык баалуулуктарды жана нормаларды сактоо максаты менен коомдук көзөмөлдүн механизмдерин башкаруу болуп саналат. Аксакалдар бул функцияны ишке ашыруу үчүн «уят» жана «бата» сыяктуу официалдуу эмес инструменттерди пайдаланышат. Жазалоонун бул инструменти көбүнчө туура эмес жүрүм – турумду сындоо, айыптоо катары колдонулат. Бул коомдук сындоону, айыптоону пайда кылган акт. Мындай иштин демилгечиси бирөө же аксаклдар тобу боло алат. Ошондой эле аксаклдардын түрткү берүүчү инструменти – Батасы бар. Мында кандайдыр бир ишти баштоону каалаган коомдун мүчөсүнө же мүчөлөрүнө эл алдында улуу адамдардын жакшылык, тилек айтуусу.
Совет мезгилинде аксакалдар функциялары каада – салттар негизиндеги талаш – тартыштарды, үй бүлөлүк (колукту үчүн калың) жана жеке адамдар ортосундагы майда чыр – чатактарды жөнгө салуу менен гана чектелишкен. Ал эми Советтер Союзунун кулашынан кийин, жергиликтүү чыр – чатактарды чечүүдөгү формалдуу институттардын натыйжалуулугунун төмөндөшүнөн аксакалдар өз иш – аракеттери чөйрөсүн кеңейте башташты. 1990 – жылдардын аягында аксакалдар жергиликтүү чыр – чатактардын эскалациясы учурларында туруктуу социалдык практика катары бекемделишти.
Коом ичиндеги чыр –чатактарды чечүүдөн тышкары, аксакалдар коомдор ортосундагы талаш – тартыштарды да жөнгө салууга катышышат. Аксакалдар коом ичиндеги чыр – чатактарда формалдуу инструменттер жана механизмдерди ( айып төлөтүү. ж. б.) жана официалдуу эмес «салттык» уят жана бата сыяктуу ыкмаларды колдонушуп, ошондой эле башка коомдордун аксакалдары жана лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ошондой эле Аксакалдар кошуна республикалардын айыл тургундары менен болуп калчу чыр – чатактардын күчөгөн учурларында ортомчу ролун да ойношот. Мисалга алсак, Аксай жергиликтүү коому, мында Кыргызстан менен Тажикстандын аксакалдары жакын достук байланышка ээ. Бул байланыштар коомдор ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Чыр ө чатактар чыккан учурда эки коомдун тең аксакалдары чыр окуя болгон жерге келишип, сабырдуулукка чакырышып, күнөөлүүлөрдү жазалоо максаты менен, чатакты териштирип башташат. Мындай учурларда эң негизги нерсе болуп алардагы бири- бирин сыйлоо эрежеси саналат.
Өзгөчө чек ара постторунда чыр – чатак окуялары көп болуп тургандыктан, аксакалдар кошуна өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Мисалы, Чуңкур – Кыштак (Кыргызстан) жана Вуадиль (Өзбекстан) айылдарынын ортосундагы чыккан чыр – чатак окуясында, эки айылдын тең аксакалдары чек арачыларды айыпташты, ошентип бул чек ара посту толугу менен алмаштырылган.
Ошондой эле, Кыргызстандын бардык облустарындагы жергиликтүү коомдордун курч көйгөйлөрүнүн бири болуп суу боюнча чыккан чыө чатактар саналат. Бул талаш – тартыштар коомдун мүчөлөрү ортосунда (менчик фермалар, коопретивдер, ж. б.), ошондой эле кошуна коомдор арасында болуп турат. Сууну пайдалануу чөйрөсүндөгү чыр – чатактарды жөнгө салуучу атайын институттардын жоктугунан, мында аксакалдар формалдуу жана официалдуу эмес ыкмаларды, инструменттерди колдонуп, чыр – чатактарды чечүү аракеттери менен чыгышат. Ошентип, аксакалдар жергиликтүү коомдордун тургундарынын ортосундагы суу боюнча – тартыштарда маанилүү ролду ойношот. Ошентип, кыргыз айылдарындагы акыл – эстүү, кадырлуу, кайдыгер эмес адамдар ар себептеги чыр – чатактардын чечилишине, тынчтык болушуна жардам берип келишет. Бул нерселер коомдо чоң мааниге ээ.