“Кыргызстанда жергиликтүү коомчулук менен инвесторлордун өз ара аракеттенүүлөрүнүн социо-маданий аспекттери» темасында атайын изилдөө жүргүзүлгөн. Эксперттер инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда чыр-чатактардын түп-тамырын изилдеп чыгуу жана анын чечүүнүн аракетин көргөн.
Бул тууралуу 25-февралда өткөн атайын конференцияда маалым болду. Изилдөөнүн авторуЭльмира Ногойбаева жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны кабыл алуу, натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн чыр-чатактардын бардык факторлорун бирдей деңгээлде угуу учурдун талабы экенин билдирди. Айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде жергиликтүү бюджеттердин ичинде инвестициялык долбоорлордон түшүүлөрдү теңдештирип бөлүштүрүү жана жергиликтүү коомчулук үчүн инвестордун пландары, жыйынтыктары жана иши тууралуу калкка үзгүлтүксүз жана натыйжалуу маалымат берүү зарылдыгына изилдөөчү көңүлүн бурган.
«Эң чоң көйгөй, бул жергиликтүү элдин үнү жетчү жерге жетпей, аларга көңүл кош мамиле жасалып жатканында деген жыйынтыкка келдим. Себеби Баткендеги Майдан жана Катран айыл өкмөттөрүнө барганда, мен элдин ишеничи кетип, алар сүйлөшүүгө жолу жабылып калганын көрдүм. Ал жакта алтын кендери бар экенин билесиздер. Бир эле айыл өкмөтүнүн эли ушул маселе менен мамлекетке 36 жолу кайрылуу жасаса да жоопсуз калган экен. Кыргыз элинин менталитетинде, ата бабадан калган жер, элдин батасын алгыла деген сыяктуу каршылыктар чыга берет. Буга мамлекет ошол эле инвестор да толук пландарын, инвестициянын жыйынтыктары сыяктуу иштерди туура жана жеткилиткүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын тилин табышы абзел. Эгер чыр-чатактар катталса инвестор же мамлекеттик органдардын эле маалыматын уга бербей, элдин да үнүн угуп, бардыгына бирдей мамиле менен абалды ийне жибине чейин изилдеп чыгышы керек”,-дейт Ногойбаева.
Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияны өнүктүрүү агентигинин башчысыМедер Алиев, министрлик учурда дүйнөлүк кризисти эске алып, инвесторлор үчүн мыйзамдарды либералдаштырып, аны жакшыртуунун үсүндө иш алып барып жатканын билдирди.
Мындан тышкары инвесторлор учурда тоо кен тармагына көбүрөөк кызыктар экенин айткан Алиев, иши жакшы жүрүп баштаган инвесторлорго чиновниктер бут тосуп, “каралардын” артында турган учурлар кездешерин кошумчалады.
“Мыйзамдарды жеңилдетүүнүн үстүндө иш алып барып жатабыз. Ал менен кошо инвесторлордун укукгун, коопсуздугун коргоо боюнча да мыйзамда жазылгандай иштеши шарт. Мисалы Сокулуктагы кулпунай иштеткен Британиялык айымга кол салуу болгондо, биз ага болгон жардамды берип, ишти сотко өткөздүк. Мыйзамдуу, эгемен өлкөдө “каралар” же башкалары аралашкан уят иш. Укук коргоо органдары бул көйгөйду жоюшу керек”,-деди агенттиктин башчысы.
Эксперттик топтун мүчөсү, Назгүл Алдашеванын айтымынада мамлекет инвесторлорго лицензия берердин алдында изилдөө жүргүзүп, алдыда чыр-чатактар болбой тургандай шарт түзүп, бардык маселени чечиши керек. Ошондой эле лицензия бергенден кийин иштин аягына чейин көмөк көрсөтүүсү абзел.
Изилдөөчү Ногойбаева Кыргызстанда жакшы мыйзамдар жазылган. Бирок ал жазылганындай иштебегендиктен 120 инвестор лицензиясын кайтарып бергенин кошумчалды. Ошондой эле, салыштырмалуу Кыргызстанга инвестиция салгандардын саны азайганын белгиледи. Кумтөрдөн кийин жарандардын инвесторлорго болгон көз карашы начарлаган. Андыктан мамлекет, ЖМКлар элге инвесторлордун пайдасы, алар кылып жаткан иштин жакшы натыйжалары тууралуу көбүрөөк мисалдарды көрсөтүп, бардык жүрүп жаткан иш ачык болушун камсыздаш зарыл.
Айта кетсек «Данакер» диалогдук платформасы изилдөөнү каржылап, негизги көмөкчүлөрдөн болгон. Изилдөөнүн жыйынтыктары кошумча сунуш пикирлерди эске алып, мамлекеттик жана бардык тиешелүү мекемелерге сунушталат.